Германиянын Фридрих Лёффлер атындагы институту (FLI), Жаныбарлардын саламаттыгы боюнча федералдык илимий-изилдөө институту кыргызстандык айыл чарба адистери үчүн окутуу өткөрүүдө. Бул тууралуу Германиянын Кыргызстандагы элчилиги 22-апрелде кабарлады.
Маалыматка караганда, жалпы бюджети 450 миң евро болгон бул долбоор 2024–2026-жылдар аралыгында ишке ашырылып, Германиянын Тышкы иштер министрлиги аркылуу каржыланат.
Негизги көңүл кооптуу оорунун козгогучтарын, айрыкча айыл чарба жана жапайы жаныбарларда, ошондой эле адамдарда кездешкен Brucella (бруцеллёз) тукумундагы бактерияларды аныктоо жана диагностика кылууга бурулат. Адистер ДНКны секвенирлөө боюнча заманбап ыкмаларды үйрөнүшөт.
Элчилик мындан сырткары Токмок аймагында мобилдик мониторинг жүргүзүү жана Кыргызстандын түндүгүндө кеңири мониторинг программасын ишке ашыруу аркылуу биокөзөмөл жана алдын алуу системалары жакшыртылып жатканын белгиледи. Соңунда илимий жыйынтыктар жарыяланат.
Буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жаш адистерди колдоо үчүн "Жаш ветеринар: турак жай жана карьера" аттуу пилоттук программа ишке киргизилерин билдирген. Ага ылайык, бул программа негизинен алыскы жана шарты катаал аймактардагы мал догдурлар таңкыстыгын жоюуга багытталат.
Расмий маалыматка ылайык, учурда өлкөдө мамлекеттик кызматкер катары 639 ветеринардык инспектор иштейт. Ал эми райондук, шаардык башкармалыктар менен түзүлгөн келишимдин негизинде эмгектенген 1145 жеке ветеринар адис бар. (КЕ)
Шерине