Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:54

Трамп Иран менен атышпоо режимин белгисиз мөөнөткө узартты

Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен атышпоо келишими бүтөрүнө бир күн калганда, 21-апрелдин кечинде анын мөөнөтү узартыларын жарыялады. Бул тууралуу ал Truth социалдык тармагына жазды.

Буга чейин Иран расмийлери азыркы кырдаалды эске алганда алар Исламабадда АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасына катышуу ниети жок экенин билдиришкен.

Кээ бир басылмалар АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс башында турган делегациянын Пакистанга сапары бул жолу болбой турганын кабарлашты.

Трамп атышпоо режимин Пакистандын өтүнүчү менен узартканын жазды. Ал АКШ Ирандын бийлиги сүйлөшүү боюнча бирдиктүү позицияга келишин күтөрүн белгилеп, мөөнөт кайсыл убакка чейин узартылганын белгилеген жок. Трамп учурда Ирандын жетекчилигинин ичинде ажырым бар деп эсептей турганын жана АКШ Ирандын портторун блокадалоону улантарын билдирди.

Буга чейин Axios басылмасы өз булактарына таянып Иран АКШ портторду тосконуна карабай сүйлөшүүгө даяр экенин жазган. Анткен менен ошол эле булактар шейшемби күнү сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн блокадалар алынышы керек деген Тегерандын жаңы талаптарын айткан.

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу менен байланышы бар Tasnim агенттиги Иран атышпоо режимин узартууну сурабаганын билдирди.

Иран парламентинин спикери, сүйлөшүү боюнча ирандык делегациянын башчысы Мохаммад Калибафтын кеңешчиси Махди Мохаммади Трамптын сөзү чоң мааниге ээ эмес экенин социалдык тармактарга жазды. Ал АКШны 21-апрелдин кечинде Иранга күтүүсүз кол салууга даярданууда деп айыптап, Тегеран АКШнын келишимди узартуу жөнүндөгү билдирүүсүнө көңүл бурбай, тескерисинче, өз кызыкчылыгын көздөй турганын белгиледи. Ал ошондой эле Ирандын портторун блокадалоону улантуу “бомбалоодон айырмаланбайт жана ага аскердик жооп кайтарылышы керек” деп билдирди. Мохаммади Иран согуштук аракеттерин кайра баштарын ачык айткан жок.

Ошондой эле АКШнын Финансы министрлиги шейшембиде Иранга жүк ташууга байланыштуу жеке адамдарга жана компанияларга жаңы санкция салынганын жарыялады.

АКШ ошондой эле Ирандын менчик Mahan Air авиакомпаниясы менен байланышкан эки учактын иштөөсүнө бөгөт койду. Вашингтондун белгилешинче, алар Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (IRGC) кызматкерлерин, курал-жарагын жана мүлкүн ташып бараткан. "Санкцияга кабылган жеке адамдар жана компаниялар Иранда, Түркияда жана Бириккен Араб Эмираттарында жайгашкан", - деп айтылат документте.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG