Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, Орусия 1-майдан тартып Казакстан мунайын Германияга «Дружба» кууру аркылуу жеткирүүнү токтотууну көздөп жатат.
Анонимдүү булактар билдиргендей, мунай экспортунун жаңыртылган жадыбалы Казакстанга жана Германияга жөнөтүлгөн. Бирок азырынча Орусиянын да, Казакстандын да расмий органдары бул маалыматты ырастай элек.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков мындай план тууралуу маалыматы жок экенин айтып, «текшерип көрөбүз» деп билдирген.
2025-жылы Казакстан Германияга «Дружба» кууру аркылуу болжол менен 2 миллион тонна, башкача айтканда күнүнө 43 миң баррелдей мунай экспорттогон. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 44% көп болгон.
Казакстандын мунайы Өзен–Атырау–Самара багыты аркылуу жеткирилип, андан ары «Транснефть» системасы аркылуу Германияга жөнөтүлөт. Мунай негизинен Карачаганак, Кашаган жана Теңиз кендеринен KEBCO бренди менен экспорттолот.
Германияга жеткирүү «Дружба» куурунун түндүк бутагы аркылуу жүргүзүлөт, ал Польша аймагы аркылуу өтөт. Мурда украин дрондорунун чабуулдарынан улам жеткирүү бир нече жолу үзгүлтүккө учураган.
Ал эми түштүк бутагы Украина аркылуу Венгрия жана Словакияга мунай жеткирчү, бирок согуш башталгандан бери бул багытта да мүчүлүштүктөр жаралып, геосаясий чыңалууну күчөткөн.
Акыркы жылдары Казакстан Германияга мунай экспортун көбөйтүүгө кызыкдар экенин билдирип келет. Германиядагы ири мунай иштетүүчү ишканалардын бири, Шведт шаарындагы PCK заводу 2022-жылдан бери Орусиянын мунайынан баш тартып, жарым-жартылай Казакстандын мунайын колдонуп келет.
Шерине