Украин Куралдуу күчтөрүнүн 3-армия корпусунун өкүлү Александр Бородин Орусия Луганск облусун толук өз көзөмөлүнө алганы тууралуу маалыматты 21-апрелде четке какты.
Анын айтымында, орус күчтөрү чабуулдарын тынымсыз улантып жатат. Акыркы алты айда 150дөн ашуун чабуул коюлду. Бирок Надежда, Новоегоровка жана Грековка аймагы украин армиясынын көзөмөлүндө калууда.
«Ошондуктан орусиялыктардын билдирүүлөрү чындыкка туура келбейт», - деди Бородин.
Ушул эле күнү орус Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Валерий Герасимов Луганск облусу толугу менен Орусиянын көзөмөлүнө өткөнүн айткан.
Ошол эле учурда украин армиясынын өкүлү, полковник Виктор Трегубов Харьков облусунда орусиялык күчтөрдүн чабуулдары күчөгөнүн билдирди.
Анын айтымында, активдүүлүк дээрлик бардык багыттарда өсүүдө. Түштүк-Слобожан жана Купянск багыттарында өзгөчө чыңалуу байкалууда. Волчанск жана Купянск аймактарында катуу кармаш жүрүп жатканы айтылды.
Согуш шартында тараптардын билдирүүлөрүн ыкчам түрдө көз карандысыз тастыктоо же четке кагуу мүмкүн эмес экени белгиленет.
Шерине