Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:45

"Мугалим күчкө таянган коомдо сабалат"

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева окуучу кол көтөрүп, ооруканага түшкөн мугалимдин абалын сурады.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева окуучу кол көтөрүп, ооруканага түшкөн мугалимдин абалын сурады.

Мугалимдин кадыр баркы, коомдогу агрессиянын балдарга таасири, билим берүү жана тарбия тууралуу белгилүү агартуучу, коомдук ишмер Асылбек Жооданбеков менен талкуулайбыз.

Кыргызстанда акыркы аптадагы саясий жаңылыктардын фонунда Бишкектеги окуучу кол көтөрүп ооруканага түшкөн мугалимдин окуясы көңүл сыртында калгансыды.

- Саламатсызбы, агай. Бишкекте мектептердин биринде окуучу тарабынан сабалды деген мугалимдин окуясын кандай кабыл алдыңыз?

Асылбек Жооданбеков
Асылбек Жооданбеков

- Тилекке каршы биздин өлкөбүздө акылдын, билимдин үстөмдүгү эмес, күчтүн үстөмдүгү өкүм сүргөн заман да. Дүйнөнүн өзүндө ошондой болууда. Көбүрөөк күч үстөмдүк кылып жатат. Ошол окуучу бала тарбиядан аксаган болушу мүмкүн. Апасы мигрант деп жатат. Бирок эң негизги нерсеси анын чөйрөсүндө, үй-бүлөсүндө күчтүн үстөмдүгү басымдуулук кылат. Албетте, муну териштирүү керек. Агай 70ке жакындап калган киши экен. Анан окуучу ага күчү жете турганын сезген. Мурунку саатта "сабакка келбейсиң, жетишпейсиң" дегендей сөз угуп, ызаланып калат. Ыгын таап туруп, экинчи саатта агрессиясын көрсөткөн. Бул жерде эң коркунучтуу нерсе - бала кичинекейинен адамды туура түшүнүү, аңдоо, конфликттерди чечүү, өзүнө жоопкерчилик алуу эмес, күч менен маселе чечкен өрнөк алган да. Абдан кейиштүү жагдай.

- Ушул окуяда биринчи эле азыркы маалда мугалим окуучуга авторитет болбой калдыбы? Кадыр-барктуу киши болбой калдыбы деген суроо болду. Кыргыз коомунда чын эле ушундай эмеспи?

- Абдан талылуу суроо бердиңиз. Биз экөөбүз ата катарында, анан педагог катарында, коомдун бир мүчөсү катарында ойлонуп көрөлү. Менин оюмча, агартуучу үчүн окуучулардын же ата үчүн балдардын астында авторитетин жоготуп койгондон чоң трагедия жоктур. Кээ бир учурларда айрым мугалимдер өз ишине кайдыгер мамиле кылып, бала менен эриш-аркак болбой жүрүп кадырын кетирип алат. Эгерде мугалимде жөн эле кирип-чыкмай мамиле болсо, бала деле ошого өтөт. Бул мугалимдин касиети, билими, жоопкерчилиги, баланы багыттоосу болбой калгандан. Тилекке каршы азыр коомдо билим берүү системабыз, социалдык-экономикалык жагдай жана башка абалды эске алганда, мугалимдердин бардыгы тең эле балдардын астында авторитет болбой калды. Себеби, азыркы технологиянын заманында балдар аябай маалыматка ээ, баалуулуктар таптакар өзгөрүп кетти. Мугалим кандайдыр бир деңгээлде эртеңки күн, азыркы реалдуулук жөнүндө балдарды кызыктыра албаса, баланын көңүлү башкада. Маселен, бала мектепке келгенде күн сайын "вау" деп таң калып, жаңы нерсени үйрөнүп кетиш керек да. Мына, шаардык мектептерде бир класста 40-50 бала бар. Баалар коюлуп жатат, келди-кетти болууда, жараян кадимкидей жүрүүдө. Бирок баягы биз бала кезде мектепке суктангандай "вау, үйрөндүк" деген кызыгуу, талкуулар, ышкыбоздук, ынтызарлануу, агайын идеал тутуу деген нерселер сейрек. Албетте жок эмес, бар. Бирок өтө аз пайызда.

Коомдогу агрессия жөнүндө сөз кылып жатпайбызбы. Биздин коомдо агрессия көп. Көчөдө машине айдап баратканда байкасаңыз, абдан агрессия менен айдашат. Мамилелерде, үй-бүлөдө агрессия көп. Бүгүнкү күндө чоңдорубуз кандай өрнөк көрсөтүп жатат? Ошол нерсенин бардыгы тең балдарда дагы, коомдо дагы теңсиздикти жаратып жатпайбы. Теңсиздик мамилени. Демек, бүгүнкү күндө башкаруучулардын мамилесинде, чоңдордун башкаларга мамилесинде, айталы досторго карата, кошунабызга карата, жарыбызга карата адамгерчиликтүү, гумандуу мамиле болсо, бала ошону көрөт да. Коомдо адилетсиздик, теңсиздикти дагы бала көрбөй койбойт. Жеке турмуштагы күнүмдүк муктаждыктарды канааттандыра албай жатса, анын ордун агрессия менен толтурат. Ушундай азгырыктар болбош үчүн биз ата-энелер, коом, мамлекет башчылары, өзүңүз айткандай ньюсмейкерлер позитивдүү өрнөктөрдү көрсөтүшүбүз керек. Адамгерчиликти көрсөтсөк, ошондо коомду башка жакка бурат элек да. Азыр эмне баары эле жалтырак-жултурак болуп жатпайбы. Мисалы, машине менен мактанып жатат. Жаңы телефон алса, ошого "вау" деп жатат. Өткөндө өзүбүз дагы күлдүк. Азыр мектепке барып туруп, балдар менен сүйлөшкөндө "менин инстаграмда 500 же 1000 катталуучум бар" десең, балдар күлөт. "Авторитететтүү эмес экен" дейт да. Алар үчүн бүгүнкү күндө авторитет ким? 100 миң катталуучусу бар, 17-үлгүдөгү айфон көтөргөн, кымбат баалуу машине айдагандар авторитет болуп жатат да. Эми муну жаман деп айтпайм. Бирок бүгүнкү күндө реалдуулук ушундай.

- Мындай жагдай өзүнөн өзү өтүп кете турган көрүнүшпү же күйүп-бышып, кандайдыр бир аракеттер менен сүйрөп чыгарышыбыз керекпи?

- Эми ушул комплекстүү болуш керек. Демек, ушундан чыгуунун жолу эмне болушу керек? Эң негизги бул жерде ар бир институттун аткара турган иштери бар. Мамлекеттин иши - мыйзамдардын, акыйкаттыкын сакталышы жана адилеттүү башкаруу. Мектептерибизде, маданий мекемелерде, билим берүү мекемелеринде - жалтырак-жултурактарды эмес, өзүн жеңген адамдарды, маалыматтууларды, инсандыктын жакшы үлгүлөрүн көрсөткөн адамдарды даңазалоо. Жакшы нерселерди даңазалоо. Айталы, окуган китебиңизди. Адамдарга кылган мамилебиз менен өрнөк болуу. Ушундай өрнөктөрдү даңазаласак, мугалимдин, катардагы дарыгердин, же болбосо дыйкандардын эмгеги кайтып, күнүмдүк муктаждыктардан жогору чыкса. Анда кийин ата-эненин өрнөгү. Карап көрөлү, кандай баалуулуктар менен жашап жатабыз? Балабызга кандай баалуулуктарды сиңирип жатабыз? Эгерде ушул сыяктуу комплекстүү ар бир институт өзүбүздүн ишмердүүлүгүбүздү, өзүбүздүн жумушубузду жакшы аткарсак, сөзсүз түрдө балага, эртеңки келечек муунга таасир этебиз. Таасир эте алабыз. Бирок бул жерде ар бир кандай бир деңгээлде бир эле жактуу эмес, комплекстүү ар бир кандай бир деңгээлде баягы институт өзүнүн ишин аткарышы керек деп ойлойм.

- Өзүнүн ишин жеткиликтүү кылбай эле, анан өйдө жакты карап наалый берген да жарабайт деп жатасыз да...

- Албетте, сөзсүз. Мугалим болуп иштеп жатабызбы, келиңиз, кирме-чыкма болбойлу. Өзүбүздүн сабагыбызды ушундай жакшы өтөлү. Жок дегенде өзүбүз окуткан балдарга кадырлуу бололу. Балдар таң калсын, балдар изденип калсын. Эң жакшы мугалим, бул балдар жакшы көргөн мугалим. Адамгерчилиги, адискөйлүгү, маалыматтуулугу, башкаларга мамилеси менен мугалим өрнөк боло алат. Ата-эне дагы балдарга жакшы өрнөк болушу керек. Ошондо анан таасир этебиз. Ошол баалуулуктар балага сиңет.

- Мугалим сабалып ооруканага түшкөндөн кийин анын акыбалын сурап шаардын мэри жана агартуу министри барганын соцтармактардан көрдүк. Бул окуяда кандай чаралар зарыл?

- Бул сыяктуу терс окуялар кээ бир учурларда мектептерде жашырылып, ачыкка чыкпай эле калган учурлар бар да. Мисалы, көлдө мугалим окуучуларды сабаганы чыгып кетти го. Ушундай жырткычтык менен балдарды уруп жатат. Ошону ата-энелер кечирип койду да. Эгерде ушундай окуяларга кайдыгер, жашырып мамиле кылсак, бул туура эмес нерсе. Ушундай окуяларга каршы коомчулук чыдамсыздык көрсөтүшүбүз керек. Коомдун кыжырын кайнаткан, коом тепки көрсөткөн окуя болушу керек. Демек, коом биринчи мамилебиз менен муну жектешибиз керек. Министрдин, мэрдин барганы жакшы. Анан ошол эле мезгилде иликтенип, бала эмне себептен буга барды, ошонун аягына чыгыш керек. Чоң атасындай болгон 70теги кишиге кол көтөрсө, демек балада, үй-бүлөсүндө маселе бар. Балким, ага психологиялык, педагогикалык, социалдык жардам көрсөтүш керек. Баланы багытташ керек, сөзсүз эле жазалоо эмес, түпкү себептерин аныктасак. Натыйжа менен эле көрөшүүдөн мурун себептерин аныктасак.

- Азыр экөөбүз талкуулап олтурган тема коомду канчалык кызыктырат айтуу кыйын. Маселен, эртең Ютубга чыкканда канча көрүүчү аларынан эле байкасак болот. Бирок эми төрт-беш киши көрсө деле кандайдыр бир таасир алса деп, күйүп-бышып айтып берип жатасыз. Азыр өзүңүз билесиз, соцтармактарда талкууланган тема да, талкуу аянтчалары дагы толтура. Бирок ушундай агартуу, коомдогу олуттуу темаларга үңүлүп кирип, жиликтеп, устукандап талкуулагандар эмнеге сейрек?

- Биз мектепке барып калганда мугалимдер менен баарлашабыз, анан окуучулар менен сүйлөшөбүз. Окуучуларга "келечекте ким болосуң" деп сурасаң, "ГыКэНБщник болом" дейт. Коомдо тилекке каршы, жалтырак-жултурактар, акылдын, билимдин үстөмдүгү эмес, кара күчтүн, байлыктын, атак-даңктын үстөмдүгү, ошонун кандай бир таасири күчтүүрөөк болуп жатат да. Ошондуктан биз ар бирибиз үй-бүлөдө бала кандайдыр бир баалуулуктарды сиңирип, ата-эненин жоопкерчилигин дагы сезишибиз керек. Анан биз үйдө, көчөдө болобу мамлекеттик масштабдагы, эл аралык масштабдагы, Трампты айтабыз, тигини-муну айтабыз. Өзүбүздүн жеке турмуштагы элементардык маселени, жеке жашообуздагы көйгөйлөрдү чечпей жатып, мындан качуу үчүн масштабдуу маселерди талкуулай бергенде биз өнүкпөйбүз. Келгиле, ар бирибиз өзүбүздүн үй-бүлөбүздө, жеке жашообузда кичинекей кадамдарды таштап, ата-эне катары, мугалим катары балдарга багыт берели. Сөзсүз түрдө анын акыбетин көрөбүз.

- Технологиянын өнүккөнүн айтып жатабыз. Керек болсо ар бир баланын колунда телефон, дүйнөнү көз алдына алып келип койду. Ушундай шартта окутуу ыкмалары, мугалимдерди даярдоо артта калып жаткан жокпу. Окуу жайларда мугалимдикке кандай даярдап жатат? Сиздин пикир кандай?

- Бүгүнкү күндө Агартуу министрлиги, мугалимдердин кесиптик чеберчиликти жогорулатуу атайын институту бар, жогорку окуу жайлар адистерди даярдап жатат. Бирок ошол эле мезгилде технология, балдардын өнүгүүсү, дүйнө таанымы ушунчалык ыкчам өнүгүп жатат. Мектеп системасы, билим берүү системасы ага жетише албай жатабыз. Адатта билим берүү системасы консерватордук тармак да. Өзгөрүүсү, өнүгүүсү абдан жай, баягы чоң балыктай болуп, жай бурулуп, жайбаракат жүрөт. Ал бурулуп, кыймылдап, жаңы ыкмаларды иштеп чыгып, мугалимдерди окутуп, окуу китептерин жаңылаган чакта кайра алмашып кетип жатат. Албетте, процесстер болуп жатат, жасалган иштер бар. Бирок кандайдыр бир деңгээлде ошого жетишип, кээ бир мектептер изденип, жалаң гана министрликти, институттарды гана күтпөстөн өз алдынча интернет аркылуу мугалимдердин изденүүсү менен алдыга жылууда. Бул жерде мугалимдердин жоопкерчилиги. Баланы алдай албайбыз бүгүнкү күндө. Бала алда канча сабаттуу, маалыматтуу. Баланын бүгүнкү күндө мугалими көп, маалымат булагы көп. Ушундай шартта биз мугалимдер көбүрөөк издениш керек. Демек, азыркы мугалимге эки-үч эсе жоопкерчилик тагылган. Технология менен сенин дагы мамилең болушу керек. Бүгүнкү күндө жасалма интеллекти өзүбүзгө жардамчы катары иштете алышыбыз керек. Ошондой мугалим гана бүгүнкү күндө баланын тилин таба алат. Бала менен жакшы мамиле түзө алат. Менин оюмча бүгүнкү күндө мугалимдин кадыр-баркын арттыруунун бир жолу айлык акыны көтөрүү. Мына апрелде жүз пайыз көбөйөт деп атат. Мугалимдин айлыгы күнүмдүк турмуштан ашышы керек да. Мисалы шаар жеринде мугалимдин 20 000 сом айлыгы күнүмдүк жашоого жетпей жатат. Мугалим эгерде курсак ачка болуп жатса, мугалимдин үй-бүлөлүк маселелери чечилбей жатса. Эң биринчи экономикалык жактан мугалимди колдошубуз керек.

(Кыскартуулар менен берилди. Толугу менен видеодон көрө аласыз)

Шерине

XS
SM
MD
LG