Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:33

"Балдар чоңдорду туурайт". Мектептеги өкүмзордук жана агрессия


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Кыргызстанда акыркы аптада окуучулар катышкан эки окуя коомдо талкуу жаратты. 17-май күнү интернетте он чакты окуучуну тизип алып, бир өспүрүм аларга күч колдонуп аткан видео тараган. 19-майда жабыр тарткан балдардын биринин агасы, дагы биринин апасы милицияга арыз менен кайрылып, учурда тергөө жүрүүдө.

Мунун алдында Сузакта окуучу кыз классташынан чөгөлөп кечирим сураган видеосу тарап, айрымдар буга жол берген мугалимдердин кесипкөйлүгү тууралуу маселе көтөрдү. Бул окуя 22-майда парламентте козголуп, эки мугалим жумуштан алынып, директорго сөгүш берилген.

"Окуучулар ата-энесинин катышуусунда сурак берүүдө"

17-май күнү интернетте он чакты окуучуну тизип алып, күч колдонуп аткан видео тараган. 19-майда жабыр тарткан балдардын биринин агасы, дагы биринин апасы Ош облустук милициясына арыз менен кайрылган. Бул окуя Өзгөндө болгону ачыкка чыкты.

"Балдарды уруп-согууга байланыштуу райондук милицияда арыздар катталып, тергөө башталды. Объективдүү жана ар тараптуу текшерүү иштерин жүргүзүү максатында соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Окуучулар ата-энесинин катышуусунда сурак берүүдө. Жыйынтыгында юридикалык баа берилет", - деди Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нур-Пери Абдуллаева.

20дан ашык бала катышкан бул окуя айыл тургундарынын чогулушунда да талкууланган. Активист Саадат Исакованын билдиришинче, 7-класстын окуучулары мектептен чыгып, айыл четине тыт жегени барган. Ошол убакта аларды 8-класстын балдары кармап, биринин телефонун тартып алып, кол көтөрүп, акча талап кылган.

"Тыт жеп жүргөн балдарды көргөн жогорку класстын окуучулары алардын жанына барып, акча талап кылган экен. Эми кенедей балдарда кайдагы акча болмок эле, ошондуктан акчанын ордуна биринин телефонун тартып алыптыр. Мындан сырткары ичке, бетке уруп, жаман сөздөр менен сөккөн. Тез арада чогулуш өткөрдүк. Анда агрессиясын көрсөткөн балдардын ата-энелери кечирим сурап, алар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзөрүн убадалашты. Бирок, бул жерде маселе эки тараптын тең ата-энелеринде бар. Алар баласы сабактан канчада чыгышы керек, канча сабак болот, канчада үйгө келип калат деп кабар алып турушу зарыл. Чоңдор кайдыгер болуп жатса, албетте, бала каалаган жерине басат, каалаганын кылат".

"Кандай чөгөлөтсөң, ошондой кечирим сурайсың"

Мектептердин биринде окуучу кыз курбусунан чөгөлөп кечирим сураган видео 19-майда социалдык тармактарда тараган. Окуя Сузак районунун Сузак айыл аймагындагы №16 мектепте тартылганы белгилүү болду.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариевдин айтымында, виедону ушул жылдын 31-январында араздашкан кыздардын биринин жакындары тартып алып, кийин интернетке чыгарып жиберген. 7-класстын окуучуларынын ортосундагы пикир келишпестик тууралуу Сариев буларды айтты:

"Тахмина менен Фарида деген кыздар жигит талашкан. Кызганычтан улам Тахмина экинчи кызды мектептин жанынан кармап алып, кышында карга чөгөлөтүп кечирим сураткан. Муну билип калган кыздын ата-энеси мектепке келип, "менин кызымды кандай чөгөлөтсөң, өзүң дал ошондой чөгөлөп кечирим сурайсың" деп ачууланган. Бул учурда кабинетке мугалимдер кечигип кирип калган. Анын алдында кыздын апасы видеодо чөгөлөп аткан кызды 2-3 жолу жаакка чаап ийгени да айтылып атат. Социалдык педагог менен тарбия завучу бул окуяны көргөн, бирок эч кандай таасир эте алган эмес . Себеби ачууланган эне мугалимдердин "коюңуз, мындай кылууга болбойт" деген сөздөрүнө көнгөн эмес".

Окуя коомчулукка чыгып кеткенден кийин мектептин тарбия иштери боюнча директордун орун басары, социалдык педагог жумуштан кеткен. Дагы эки мугалим өз каалоосу менен жумуштан кетүү тууралуу арыз жазган. Ал эми мектеп директоруна сөгүш жарыяланган.

Кечирим сураган кыздын видеосу парламенттин Социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында да көтөрүлүп, анда депутат Айбек Маткеримов мектеп мугалимдеринин чара көрбөй карап турганын сынга алды.

"Мектептин мугалимдери окуучуну ортого алып, илгерки хандык мезгилдегидей кылып кечирим сурайсың деп жатышат. Бул маселеге терең көңүл бурулушу керек. Биз чындыгында мугалимди сыйлашыбыз керек, анткени алардан билим алдык. Бирок ошол эле мезгилде аша чабуу да болбойт".

Январда бири-биринен кечирим сурап, ортодогу нааразылыкты жойгондон кийин курбу кыздар март айында дагы урушуп, мушташканга чейин барганы да айтылды. Видеодо кечирим сурап аткан кыздын атасы көп жылдардан бери Орусияда миграцияда экен.

Жогорку Кеңеште айтылган сындан улам Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысына да сөгүш берүү сунушу айтылган. Буга Сопубек Сариев макул эместигин билдирип, кыздардын урушу ал кызматка келе элек мезгилде катталганын белгилеп жатат. Ал билим берүү бөлүмүн март айынан бери жетектейт.

Марттын башында эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 9-класстын окуучусу калайман мушташта каза тапкан. Өспүрүмдү чоң класстын балдары сабаган. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 10-класстын төрт окуучусу кармалганы белгилүү болгон.

"Балдар - коомдун күзгүсү"

Окуучулар бири-биринен кечирим сураган, мугалимди мазактаган же мугалим окуучуга кол көтөргөнү тартылган видео, сүрөттөр интернетке тараган учурлар көп. Бул боюнча Билим берүү министрлиги тиешелүү иштерди аткарып, класстык саат учурунда балдардын тарбиясы, бири-бирине болгон мамиле, мугалим менен окуучунун ортосундагы сый-урмат тууралуу түшүндүрүп жатканын айтып келет.

Бирок балдардын укугун коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекованын пикиринде, барган сайын балдар арасында зордук-зомбулук күчөдү.

"Сузактагы окуяда окуучуну чөгөлөтүп кечирим сураткан мугалимдердин кылганын биз кантип атайбыз? Эмнеге мамлекет, тийиштүү органдар муну норма катары кабыл алышы керек? Балдардын бири-бирине болгон агрессиясы да күч алды. Келечек муунга билим алууга көмөк, жол көрсөткөндүн ордуна кошо мазактап отурганы мугалимдердин төмөн деңгээлин көрсөттү".

Турдубекова окуучулардын коопсуздугуна байланыштуу "Менин коопсуз мектебим - 2023" акциясы башталганын кошумчалады. Анын жүрүшүндө окуучулардан, ата-энелерден, мугалимдерден жана бардык кызыкдар адамдардан мектеп окуучуларынын ар кандай зордук-зомбулукка жана мектеп рэкетине дуушар болгон учурлары тууралуу маалыматтар алынат. Зордук-зомбулукка каршы биргелешип күрөшүү үчүн аталган лига "111" ишеним телефонун ишке киргизген.

Билим берүү багытындагы эксперт Кеңешбек Сайназаров окуучулардын бири-бирине болгон мамилеси, мугалимдердин оройлугун коомдун күзгүсү катары кароо керектигин айтууда.

"Кыргызстандын коому бири-бирине үстөмдүк, зөөкүрлүк көрсөткөн коомго айланып баратат. Экинчиси, мугалимдер балдардын биринен бири мындай жол менен кечирим сурашына шарт түзүп бергени мыйзамдын негизинде да, адамдык сапаттын негизинде да педагогикалык чеберчиликке туура келбеген көрүнүш. Маселен, ар бир баланын аларды тарбиялай турган ата-энеси жана башка үй-бүлө мүчөлөрү бар. Педагог ар бир балага ылайык келген ачкычты таап, методика жана дидактикага көңүл буруу зарыл. Албетте, ар бир адамдын эмоциясы бар, бирок биринчи кезекте алар агартуучу деген макамды алып жүрөт. Андан сырткары, азыркы коом руханий баалуулуктарга көңүл бөлбөй, көп нерсени акча менен баалап калды. Тарбиядан аксаган бала мына ушундай агрессияга барып, чөйрөсүнө да таасир этет. Мамлекет өзү үлгү болуп бериши керек эле. Тилекке каршы, андай болбой жатат".

Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.


Өспүрүмдөрдү толеранттуулукка үйрөтүп, үй-бүлөлүк мамиле, ата-эне менен баланын ортосундагы мамилени көрсөтө алган үлгү жок болуп жатканын Ош шаарындагы "Энсан Диамонд" коомдук бирикмесинин директору Жамиля Капарова айтууда.

"Социумда кандайдыр бир нормалардын бузулушу, үй-бүлөдөгү нормалардын бузулушу да бирден бир себеп болууда. Ата-энелер күндө кечке акча табуунун айласын издеп, кечинде энергиясы жок үйгө келет. Бала менен сүйлөшүп, анын жан дүйнөсүндө эмне болуп атканын, окуусунда кандай өзгөрүүлөр болгонун сураган ата-эне дээрлик жок болуп калды. Албетте, бош убактысын мындай балдар телефон, терс таасир берген чөйрөгө аралашып калып атат. Экономикалык, социалдык, психологиялык себептер да толтура. Сөзсүз түрдө мамлекеттик программалар аткарылышы керек. Алар азыр кагаз бетинде болуп, бирок аларды каржылоо маселеси чечилген эмес. Эл аралык донорлор же өкмөт өзү колдоп берсе, анын аткарылышын көзөмөлдөгөн мониторинг керек".

Мектеп жашындагы балдар менен иштешкен психолог Жибек Кенжебаева өзү менен тең курдаштарынын басмырлоосуна кабылган улан-кыздар чоң стресске кабылышы мүмкүн экенин эскертүүдө. Мындан улам ал биринчи кезекте ата-энелерди бул көйгөйгө көңүл бурууга чакырды.

"Мектеп окуучусу дегенибиз менен балдар бири-биринин арасында өтө орой келет. Алар жапа чеккен кыздарды же балдарды шылдыңлап, мазактап жиберет. Мындай учурда бала ата-энесин, курбу-курдаштарын да жек көрүп, өз өмүрүнө кол салып жиберери толук ыктымал. Ошондуктан балдар менен биринчи кезекте сүйлөшүү зарыл. Мындай видеолорду таратуунун такыр кереги жок, ал бир адамдын өмүрүн алып коюшу мүмкүн. Андан сырткары, ошол зөөкүрлүктү көрсөтүп жаткан балдар көргөнүн жасап атканын эске салгым келет. Аларга жакындары мээрим төгүп, жакшы сөзүн айтып, убакыт бөлүп, ичинде катылып турган оюн билүү абдан зарыл".

Балдар менен иштеген атайын адистер ата-энелерди балдарын дайыма көзөмөлдөп турууга чакырат. Ошондой эле мектептерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, анонимдүү кат салган кутучуларды уюштуруу да мындай көрүнүштөрдүн алдын аларын белгилешет.

Ушул жылдын март айында Кыргызстандын акыйкатчысынын кеңсеси менен “Балдардын укуктарын коргоочулар лигасы” уюму биргеликте Нарын шаарында жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгын жарыялаган. Сурамжылоого Нарын шаарынын мектептеринде 7-11-класстарда окуган 700 окуучу катышты, алардын 41% зомбулуктан коргоого муктаж экенин айтышкан.

Респонденттердин 17% мектеп рэкетине күн сайын кабылып жатканын, зомбулук көрсөткөндөрдүн 48% жогорку класстардын окуучулары, 22% чоң кишилер экенин, 58% жардам сурап ата-энесине же атайын адистерге эмес, өзү курактуу досторуна кайрыларын айтып беришкен.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2022-жылы өспүрүмдөр жасаган 1854 кылмыш катталган. Анын 777си сотко өткөн, 1057си кыскартылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG