Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Оор турмуштун балдарга тийген соккусу


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

19-январда жергиликтүү ЖМКда Чүй облусунда өз энеси катуу сабаган бала ооруканага жаткырылганы тууралуу маалымат тарады.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынын өкүлү Нургүл Нусупова бала ооруканага өткөн жумада эле түшкөнүн кабарлады.

Анын айтымында, зомбулук фактысы Чүй районунун жашы жете электер менен иштеген инспектору, үй-бүлөгө жана балдарга кам көрүү боюнча бөлүмдүн өкүлдөрү, мектептеги социалдык педагогдор менен чогуу жүргүзүлгөн рейд учурунда белгилүү болгон.

Иш-чара өспүрүмдөр арасында тартип бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана жашоо-шарты оор балдарды аныктоо максатында уюштурулган:

- Кара-Дөбө айылында бир үй-бүлөдө денесинен жараат алган бала аныкталып, аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда ал медициналык жардам алып жатат. Териштирүү учурунда бала 31 жаштагы Ж.А. аттуу апасы жана таенеси менен жашары белгилүү болгон, - деди Нусупова.

Нусупова учурда “баланын апасы психикалык жаткан жабыркайт экен” деп тарап жаткан маалыматтын чын-төгүнүн аныктоо иши жүрүп жатканын кошумчалады.

Топтолгон материалдар райондук акимчиликтин балдар боюнча комиссиясына жөнөтүлдү.

Бул окуя өлкөнүн туш тарабында балдар сабалып, өлүп жаткан учурга дал келди.

14-январда Ош шаарында эки жаштагы бала чарчап калган. Текшерүү учурунда анын денесинде көгала тактар болгон. Баланын ата-энеси ажырашып кеткени, сегиз жаштагы бир тууганы экөөнү атасынын агасы багып жатканы белгилүү болгон.

Баланы сабап, өлтүрүүгө шектүү катары анын аялы камакка алынган. Тергөө учурунда аялдын өзүнүн беш баласы бары, кош бойлуу экени аныкталган. Баланын атасы Орусияга кеткен. Өз энеси табылган эмес.

10-январда Жети-Өгүз районунда 1,5 жаштагы бала эсине келбей чарчап калган. Маалыматтарга караганда аны таежеси шымын булгап койгону үчүн урган. Баланын өз энеси Орусияга мигрант болуп кеткен.

Соңку жылдары наристелерге болгон мыкчаачы мамиленин кайра-кайра кайталанып, күчөп баратканы бийликтин да көңүлүн буруп жатат.

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

2018-жылдын аягында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев балдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу чарасын күчөтүүнү тапшырган.

Ал кылмышка барган адам менен кошо ага чара көрбөгөн укук коргоо органдарына да жазаны катаалдаштыруу керектигин белгилеген.

Өкмөт башчы балдарга каршы катаал мамилени азайтуу үчүн райондук штабдардын ишин жандантууну, ата-энеси миграцияга кетип жакындарынын колунда тарбияланып жаткан балдардын маалымат базасын түзүүнү тапшырган. Бул штабды шаар мэрлери жана акимдер жетектемек.

Өтүп бараткан жуманын 15-январь күнү вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова эл аралык жана коомдук уюмдун өкүлдөрү менен жолукту. Жыйында 2019-2020-жылдары балдарга карата зомбулукту токтотуу иш-чарасынын долбоору талкууланды.

Алтынай Өмүрбекова.
Алтынай Өмүрбекова.

- Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана мамлекеттик органдардын ишин жакшыртуу үчүн чогулуп жатабыз. Биз үчүн балдарды коргоо жаатында иштеген ар бир адамдын үнү жана тажрыйбасы маанилүү. Үй-бүлөнү жана балалыкты мамлекет менен коомчулук тыгыз иштешкенде гана коргой алабыз. Балдардын коопсуздугу үчүн коомчулукка маалымат жеткирүү чоң ролду ойнойт, - деген Өмүрбекова.

Алтынай Өмүрбекова “Азаттыкка” интервью бергенде 175 миң бала оор шартта, туугандарынын колунда жашап жатканын билдирген. Бул база улам толукталып, ага кирген балдар социалдык педагогдордун жана адистердин көзөмөлүндө болуп турарын айткан.

Вице-премьер-министр коомчулук кайдыгер болбошу керектигин белгилеген. “Эгер балдарга карата одоно мамилени байкап калсаңыз, милицияга же 111 номерине чалыңыз”, - деген Алтынай Өмүрбекова.

“Азаттык” бул жолу мигранттардын балдарынын жашоосу, абалына кызыкты. 18.01.2019

Түрткүнчүк болгон балдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:14 0:00

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда мигранттардын балдарынын саны отуз миңдин тегерегинде.

Ал эми укук коргоочулар ата-энеси чет жакта иштеп жүргөн 256 миң бала бар экенин, алардын ичинен 119 миң баланын ата-энеси экөө тең миграцияда жүрүшкөнүн айтып келишет. Адистер болсо балдардын коопсуздугун коргоо ата-энелердин, өкмөттүн гана эмес, жапырт коомчулуктун милдети экенин байма-бай эскертип жатышат.

ИИМдин маалыматы боюнча, былтыр жашы жете элек балдарга карата жасалган 1291 зордук-зомбулук фактысы катталган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG