Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:38

Окуу китептерин басып чыгарууга 8,5 млрд сом бөлүндү

“Учкун” ачык акционердик коомунан басылып чыккан китеп, документтер.
“Учкун” ачык акционердик коомунан басылып чыккан китеп, документтер.

Президент Садыр Жапаров 26-сентябрда "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери жана окуу-методикалык комплекстер менен камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду.

Анын алкагында мамлекеттик бюджеттен өлкөдөгү жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди басып чыгарууга 8,5 млрд сом бөлүнгөнүн "Ынтымак ордо" кабарлады.

Мындан тышкары Министрлер кабинетине окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди басып чыгаруунун мамлекеттик программасын иштеп чыгуу боюнча тапшырма берилди.

Ага ылайык, Министрлер кабинетине караштуу жалпы билим берүү уюмдары үчүн жаңы окуу программаларын, окуу китептерин жана окуу методикалык комплекстерди кайра кароо жана түзүү боюнча мамлекеттик ведомстволор аралык комиссияны түзүлөт.

Окуу адабияттарына белгиленген мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана заманбап методикалык талаптарга шайкештигине экспертиза жүргүзүлүп, бааланат. Ошондой эле окуу китептерди иштеп чыгууга автордук курам тандалып, бекитилет.

Китептке аймакка, мектепке, класска жана окуучуларга чейин жолун байкоого мүмкүндүк берген QR-код жайгаштырылат.

15-сентябрда Кыргызстанда жаңы окуу жылы башталгандан бери мамлекеттик мектептерде окуган балдардын ата-энелери китеп жетишсиз экенин, айрым окуучулар бирден-экиден гана китеп алганын айтып, арыздангандар көбөйгөн.

16-сентябрда бул маселени Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев да көтөрүп, мектептерде китептер жетишпей жаткан чакта алар базарда сатылып атканын айтып чыккан.

Буга удаа эле Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев базарларда окуу китептеринин сатылышын текшерүү тапшырмасын берген. Ага ылайык, Ички иштер министрлиги (ИИМ), Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Агартуу министрлиги окуу китептерин сатыкка чыгаргандарды аныктап, чара көрүшү керек.

Буга чейин Агартуу министрлиги мамлекеттик мектептер үчүн даярдалган окуу китептери сатууга чыгарылбай турганын кабарлаган.

17-сентябрда “Учкун” ачык акционердик коому басма сөз жыйынын уюштуруп, басмакана Агартуу министрлигине жана менчик мектептерге китеп басып чыгарып берерин, аны колдонууга көзөмөл жүргүзбөй турганын билдирди.

Агартуу министрлиги мектептерде жетишпей жаткан китептер базарда сатылып жатканы тууралуу көйгөй жаралганга чейин эле бул маселени текшерүү өтүнүчү менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке, Ички иштер министрлигине кайрылганын кабарлады.

22-сентябрда сатууга болбойт деген окуу китептеринин базарларда сатылышы боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.

Буга чейин президент окуу китептеринин жетишсиздигин толук жоюу үчүн кошумча 7 млрд сом бөлүү чечимин кабыл алганы айтылган. (КЕ)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG