Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:27

20 жыл мурунку Баткен коогалаңынын тагы


Баткен окуяларына арналган эстеликтердин бири. Талас.
Баткен окуяларына арналган эстеликтердин бири. Талас.

Мындан 20 жыл мурда «Өзбекстан ислам кыймылы» аттуу диний экстремисттердин тобу Кыргызстандын түштүк аймагына басып кирип, өлкө коопсуздугуна олуттуу коркунуч туудурган.

Баткендеги бир нече айылдарды басып алган согушкерлер Чоң-Алай жана Чаткал райондорундагы чек арага жакын жайгашкан айылдардан да кирүүгө аракет кылышкан.

Өздөрүн «Өзбек Республикасынын мамлекеттик бийлигинин оппозициясыбыз» деген куралдуу топ Кыргызстандын аймагын өздөрүнүн базасына айландыруу, тажрыйбасы жок жергиликтүү жаштардын башын айлантып өздөрүнө тартуу, алардан келечекте баскынчыларды даярдоо максатын көздөгөн.

Өз максаттарына жетиш үчүн алар райондун акимин, милициянын өкүлүн, ал жакта иштеген төрт жапон геологун жана карапайым адамдарды барымтага алышкан. Динге жамынган террорчулардын бул аракети кыргыз өкмөтү тарабынан мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнө шек келтирүү катары бааланып, аларды талкалоо, республиканын чегинен сүрүп чыгуу жөнүндө чечим кабыл алган.

Республиканын көптөгөн жаштары Кыргызстандын бүтүндүгүн коргоо, бандиттик топторду талкалоо үчүн өз ыктыяры менен аттанышкан. Кыргызстандык жоокерлер, ыктыярдуу аскердик топтор бандиттердин бирикмелерин талкалоодо күжүрмөндүктү көрсөтүшүп, айрымдары бул кармашта Ата-Мекен үчүн курман болушту.

Ошентсе да бул окуя мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу ишинде чоң сабак болуп, аскердик даярдыктын, күжүрмөндүктүн, техниканын начардыгын, курал-жарактын жетишсиздигин айкын көргөзгөн.

13 үйдүн ар бирин бирден белгисиз куралчан киши кайтарып турган

Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Кара-Тейит айылы Тажикстандын чек арасынан 15 чакырым бериде турат. Айылдын батыш жана түштүк тарабын Тажикстан менен Кыргызстанды бөлгөн бийик аскалуу тоолор курчап турат. Кара-Тейит жана Карамык айылынын тургундары жыл сайын мына ошол тоолордун түбүндө жайгашкан Бугу-Баш жайлоосуна чыгып, жайды өткөрүп келишет. 1999-жылдагы «Баткен окуясынын» апааты ушул айылга да тийип, адам курмандыктарын жана бир топ материалдык зыян алып келген.

Карамык айылынын 58 жаштагы тургуну Ажар Амиралиева 1999-жылдын август айында аты аталган Бугу-Баш жайлоосунда эле. Ал убакта «куралчан топ Тажикстанга ушул өрөөн аркылуу өтөт экен» деген аңыз кеп чыгып, айыл ичи тынч эмес болчу. Бир күнү түнкү саат 11лер чамасында сырттан тажикче сүйлөгөн бейтааныш кишилердин үнү угулат. Посттон өтө албаган соодагерлер ушул жайлоо аркылуу келип кеткендиктен, ошолор экен деп көп деле капарына албайт. Бир убакта бейтааныш кишилер короодогу койду чыгарууга аракет кылып жатышканын байкайт. Түн ичиндеги шектүү шыбырттан чочулай капшытта турган союлду кармай көйнөкчөн сыртка чуркап чыгат. Катуу коркконунан короо тарапка кантип барганын деле билбейт. «Элдин малын айдап кеткени келген куралчандар тура» деген намыс ой коркунучту жеңип, Ажар эже колундагы союл менен биринчи туш келген караанды жыга чабат. Ал жакта турган куралчандар Ажар эжени көкүрөгүнө мылтык такап коркутушат. Арадан канча убактыт өтсө да азыр деле кечинде сыртка чыккандан корком деген Ажар эже буларды айтып берди:

«“Силер кимсиңер, кайдан келдинер, уурусуңарбы?” деп бакырган боюнча таякты колума кармап алып кете бериптирмин. Ак кийинип алган жашыраак бирөө жаныма келип кайра кетип калды. Андан соң бетин жаап алган бирөө келип ийнинде турган автоматты алып көкүрөгүмө такады. «Эмне кыйкырасың, акмак?» деп орусча бакырды эле: «Эмнеге кыйкырбайт экенмин? Эмне үчүн келдиң Кыргызстанга?» деп уруша баштадым. Ачык коркутууга өттү эле, мен да колум менен түртүп каршылык көрсөттүм, таяк менен урдум. Ошондо снайперден огу түшүп калыптыр. Ошентип алар менен мушташып жатып короодогу малды алып калдым».

Бир убакта боз үйдөн Ажар эженин кыздары ыйлаган бойдон чуркап келип апасынын этегине жабышат. Аял катары сыйладыбы же чын эле кайратынан сестендиби, айтор бейтааныш кишилер кайра артка кайтышат.

Ажар эже эле эмес, жайлоодо 13 үй болсо, ар бир үйдү бирден куралчан киши кайтарып турган болот. Корккон айыл тургундары сыртка чыга албай калышат. Бир гана 3-4 аял ошол короонун жанында таң куланөөк салганга чейин «кеткиле» деп кыйкырып, иттерди чогултуп ызы-чуу салышат. Таңкы саат үчтөрдө куралдуу топ Тажикстан менен Кыргызстанды бөлүп турган Шумкар-Тоо тарапка кеткен бойдон көздөн кайым болот. Эртеси күнү жайлоодогу жаш балдарды бейтааныш куралчан адамдар жүргөнүн кабарлаш үчүн айылга жиберишет.

«УКМКнын Оштогу башкармалыгынан кишилер келишкенде окуя болгон жерди көргөздүк. Жанагы түшүп калган снайпердин огун ошондо көрүп жатпайбызбы. «Эже, сизди Кудай сактаптыр, булар атып салгандан деле кайтпайт, балдарыныздын бактысы бар экен», - дешти. Кийин сыйлык катары 300 сом берип жиберишиптир. Куралчандар жайлоодогу кишилердин аттарын минип кетип калышты эле, аларды Тажикстандан алып келишти. Мен тууралуу «Кулдатканын кулбашы» деген китепке жазышты. “Баткен окуясынын катышуучусу” деген күбөлүк, медаль беришти», - деп ошол күндөрдү эскерет 9 кыз, 2 уулдун апасы, баатыр эне Ажар Амиралиева.

«10 күн можахеддин колунда жатканча 10 жыл түрмөдө жат»

50 жаштагы Карамык айылынын тургуну Жаңыбай Кадыров 1999-жылы Чоң-Алай районунда паспорт столунун башчысы болуп турган. Ал убакта Баткендин бир канча айылын можахеддер басып алгандыктан Бугу-Баш жайлоосун аскерлер менен райондук администрациянын кызматкерлери кезек-кезеги менен кайтарууга алышкан. Азыркыдай чек ара өтмөгү жок. 21-августта Ош облустук ички иштер башкармалыгынан буйругу менен Жаңыбай Кадыров 8 огу менен бир автоматты көтөрүп алып жайлоону көздөй бет алат. 24-августтун түнүндө диний экстремистердин өкүлдөрү келип Жаңыбай Кадыров баш болгон 9 милицияны жана үй-бүлөсүнөн кабар алганы чыккан 4 айыл тургунун барымтага алышат. Эртеси күнү жайлоодогу бүтүн эл эч нерсесине карабай, буюм-тайымдарын таштаган бойдон айылга качып түшөт. Колго түшкөн айыл тургундары 4 күндөн кийин коё берилгени менен калгандары дээрлик 2 айдай можахеддердин барымтасынан бошоно алган эмес.

«Барымтада болгон 56 күнүм мага абдан оор залакасын тийгизди, ден соолугум жабыркады, ишке болгон кызыгуум жоголду. Барымтага алынгандан кийин Тажикстанга барып бир айча турдук. Түн ичинде үстүбүзгө жүк артып алып, тоо-таштарды аралачубуз. Булар Ислам Каримов кысымга алганда Тажикстан, Кыргызстан тарапка качып келишкен «Өзбек ислам кыймылынын» мүчөлөрү болчу. Көптөн бери Кыргызстанда, Тажикстанда жашап жүрүшкөндүктөн тоо-кырлардагы бүт жашыруун жолдорду жатка билишет экен. Орусча, тажикче, өзбекче сүйлөшөт. Араларында кыргыз улутундагы жигиттер да бар болчу. Бизден мамлекеттик сырларды сурайт. Булар ооган кинолорундагы согушкерлерди туурап, бизди ошолордой сабашчу. Кийин Баткен тарапка алып барышканда Кан айылынан колго түшкөн генерал Шамкеев, 4 жапон геолог жана алардын котормочусу менен бирге болуп калдык. Бир да жолу бизди бири-бирибиз менен сүйлөштүргөн жок. Ажатканага барганда да мылтыкты такап алып барып келчү. Салыштырып айтканда 10 күн можахеддин колунда жатканча, 10 жыл түрмөдө жаткан жакшы», - деп Жаңыбай Кадыров ал күндөрдү оор үшкүрүп эстейт.

Жаңыбай Кадыровдун улгайып калган ата-энеси анын душмандардын колуна түшүп калганын уккандан кийин ар күнү баласы кеткен жайлоо тарапка карап тоолорго, булуттарга «уулумду кайтарып бергиле» деп жалынчу. Сүйлөшүүлөр болгону менен маселе чечилген эмес.

«Ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулунун кийлигишүүсү менен барымтадан бошотулганбыз. Бул киши можахеддердин башында турган Тахир Юлдашев, Жумабай Намангани менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин Карамык чек ара өтмөгүнөн Кыргызстан тарапка өткөрүлгөнбүз», - дейт Жаңыбай Кадыров.

Эң кызыгы - Жаңыбай Кадыровго «Баткен коогалаңынын катышуучусу» деген наам алган эмес. Ал жөн эле жайлоого бир чыгып түшкөндөр бул наамды алып алганына кейийт.

Жаңылыш бомбаланган айыл

Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылы 1999-жылы 29-августта өзбекстандык СУ-27 учагы тарабынан жаңылыш бомбаланган. Натыйжада 20дан ашуун үй талкаланып, 3 адам жашоосу менен кош айтышса, 2 адам майып болгон. Айыл тургундарынын айтымында, 20дай адам ар түрдүү жаракат алган.

Эмилбек Убраимов 1999-2000-жылдары 2 жыл катары менен армияда кызмат өтөгөн. Ал убакта Карамык айылында жашаган Эмилбек ага Кара-Тейит айылына бомба ташталган күнү эмне болгонун айтып берди:

«1999-жылы 29-августта райондук аскер комиссариатынан армияга кызмат кылууга чакырылганбыз. Түштө айыл өкмөттүн кеңсесине барып тизмеден өтүп, айылдан 1-2 чакырым жерде жайгашкан куралдарды таркатуучу лагерге кетип жатканбыз. Саат төрттөрдө 2 учак келип Кара-Тейит айылынын үстүнөн уча баштады. Аябай жапыз учту. Бир убакта айылдын башына барып, 2 жолу бомба таштап, андан соң кетти. 10-15 мүнөттөн кийин кайра келип, кайра таштады. Бомба ташталган жерден 2 чакырымдай алыс болсок да кадимкидей жерден топурактын көтөрүлүп, чаңыганы көрүндү. Андан кийин аскерлер аларды пулемет менен аттыбы, билбейм, кайрылып келген жок».

Айылдан 70-80дей адам өз ыктыяры менен армияда кызмат өтөгөн. Анткени чакыруудан баш тартып койгондор деле болгон. Кийин жалпы 164 адам «Баткен окуясынын катышуучусу» деген наам алган. Эмилбек Убраимов ошондо Карамык чек ара бекетинде 4 аскерге башчы болуп, учактарды атып түшүргөн зенит куралдарды караган.

«Ал убакта армияда жапжаш жигиттер кызмат өтөп жаткан экен. «Силер айылдын шарттарын жакшы билесиңер» деп жергиликтүү тургундарды аларга жетекчи кылып койгон. Түнү бою уктабай чек араны кайтарабыз. Түштө бир саатка үйгө барып тамактанып келебиз. Калган «партизандар» ар бири 4 аскерден бөлүп алып, Бугу-Баш жайлоосуна кетишти. Ал жакта экстремисттер келет деген жерлерге миналарды коюшкан. Республиканын ар жеринен жигиттер келип жатышты. Ал убакта кыргыз армиясы өтө чабал болгон. 1 жарым айлык кызматтан кийин бизди үйүбүзгө жөнөттү. Кийинки жылдын апрель айларында кайра 27 айыл тургунунан турган атчандар армиясы түзүлүп, бир жыл мурун коюлган миналарды барып жардырдык. Ошентип 9 ай дагы кызматта жүрдүк. Азыр ооруканаларга барып калганда «Баткен окуясынын катышуучусу» деген күбөлүктү көргөзгөндө бир топ эле жеңилдиктер болот», - дейт Эмилбек Убраимов.

Аялынан жана кызынан айрылган Абдилазиз Сулайманов

Ошол каргашалуу бомба түшкөн күн Абдилазиз Сулаймановдун жубайы кызын эшикте жуундуруп жаткан. Абдилазиз ата арыкта колун жууп жаткан. Бир маалда катуу үндүн күүсү менен арыкка жыгылып түшөт. Туруп караса эле аялы менен кызы ичегилери чубалып жерде жаткан болот. Ошентип бир күндө аялы менен кызынан ажыраган 70 жаштагы Абдилазиз Сулайманов апаат күндү баяндап берди.

«Үйдө балдарым бар болчу. Чуркап кирсем капкара, эч нерсе көрүнбөйт. Аларды эптеп таап чыгып, аялым менен кызымды боз үйдүн кийизине ороп, бомба түшкөн чуңкурга жаткырып койдум. Балдарымды алып көчөгө чыксам эч ким жок. Айылдагы мечиттин жанында аскерлер жүрүптүр. Бир маалда учак мечитке аябай жакын келди. Аскерлердин баары качып жашынып калышты. «Мага жардам бергиле деп кыйкырдым эле бир аскер келип 2 баламды колумдан алып кетти. Мен артынан барып балдарымдын үстүнөн жата калдым. Бомба ташталды...

Сакалчандар Кара-Тейиттин жайлоосун басып алган. Бирок Акаевге «айылды басып алды» деген маалыматтар жетип, ал Ислам Каримовдон жардам сураган деп угуп жүрөм. Ошондо Каримов жиберген учактар жайлоону эмей эле айылды бомбалаган. Анын кесепеттери өмүр бою жүрөгүбүздө так бойдон калды. Бомбанын тийгизген таасиринен азыр да балдарым ден-соолугунан жабыркап келишет», - дейт Абдилазиз ата.

Самира Шарипова, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин

журналистика бөлүмүнүн студенти

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG