Линктер

бейшемби, 24-май, 2018 Бишкек убактысы 06:32

Чет элдик маалымат булактарынын маалыматтарына караганда тажик-ооган чек арасына жакын жерде “Талибан” кыймылы күч алып жатат.

Радикалдашкан куралдуу топтордун Борбор Азияга кооптуулугу канчалык? Кыргызстан сырттан келчү коркунучтарга даярбы? Күч түзүмдөрүнүн күжүрмөндүгү кандай? Өлкө ичинде террордук-экстремисттик күчтөрдүн таасири барбы?

“Арай көз чарай” талкуусуна Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, генерал-лейтенант Токон Мамытов, Мамлекеттик чек ара кызматынын полковниги Чолпон Буржуев, “Баткен жоокерлери” комитетинин төрагасы, полковник Сатыбек Молдалиев катышты.

“Азаттык”: Токон мырза, тажик чек ара кызматынын жетекчилигине шилтеме кылып, орусиялык бир топ маалымат каражаттары тажик-ооган чек ара тилкесине жакын жерде “Талибан” кыймылы күч топтоп жатканын кабарлашты. Террористтик деп эсептелген уюмдун дарамети, анын Борбор Азия өлкөлөрүнө коркунучу канчалык деп ойлойсуз?

Токон Мамытов: “Талибан” – азыркы учурда Ооганстанда курамына миңдеген адамдардын башын кошкон орчундуу куралдуу топтордун бири. Бир убакта “Ал-Каида” террордук уюмуна да кирип, анын желегинин алдында согушуп келген.

Тажик чек ара жетекчисинин билдиргенине караганда, учурда тажик-ооган чек арасына жакын жерде “Талибандын” жети миңдей аскери топтолууда. Бул - өтө коркунучтуу абал.

Илгери Баткен коогалаңы болгондо Тажикстандын Жерге-Тал районуна булар 100дүн тегерегиндеги аскерлери менен эле киришкен. Алар Кыргызстандын аймагына бөлүнүп-бөлүнүп, үч этап менен өтүшкөн. Биз ошондо айлабызды таппай калып, беш миңдей аскерди мобилизациялап жибергенбиз. Азыр да коркунуч өтө оор.

"Талибдердин арасында Борбор Азия мамлекеттеринин өкүлдөрү бар" деп айтылып жатканы да чындык. Алардын көпчүлүгү Өзбекстан менен Тажикстандын жарандары, анча-мынча кыргызстандыктар да бар. Жети миң жоочунун 30 пайызы КМШ мамлекеттеринин өкүлдөрү.

СССР маалында "Талибан" бир чоң күч болсо, бүгүнкү күнү аны бирдиктүү бир аскер уюму катары кароого болбойт, алар да эки-үчкө бөлүнгөн. "Вазиристандык талибдер", "түрк тилдүү калктардан түзүлгөн талибдер" деп бөлүнүшөт. “Ислам мамлекети” террордук тобун колдоп келаткан талибдерден куралган жаш канаты бар. Буларда туулгандан бери эле согуш болуп келе жатат, алар согуштан башка жашоо көрүшкөн жок.

Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

“Азаттык”: Чолпон мырза, 1999-2000-жылдары Баткен коогалаңы кыргыз чек арачыларынын, аскерлеринин чама-чаркы өтө эле чектелүү экендигин көргөздү эле. Азыркы абалыбызды сиз кандай мүнөздөйт элеңиз?

Чолпон Буржуев: 1999-2000-жылдарга чейин биздин кошуна мамлекеттер менен чек араларыбызда аскерлер жок болчу. Айтылуу окуядан кийин гана чек арага көңүл буруп, бекеттерди коё баштадык. Ошол учурдагы чек арачылардын абалы менен азыркыны салыштырсак, айырма асман менен жердей деп айтууга толук акыбыз бар.

Азыркы чек арачылар кайсы жер такталып жатканын, чек ара тилкеси кайсы жерден өтөрүн билишет. Ушул жылдардагы эң негизги жетишкендик биз чек арачы кадрларды даярдап алдык, чет өлкөлөрдөн окутуп алдык. Материалдык-техникалык база, курал-жарак, байланыш каражаттары менен камсыз кылуу да алда канча жакшырды. Баткен окуясына катышкан жигиттерибиз чек арада да кызмат кылып жатышат, алар жердин уусун жакшы билишет.

Дагы бир маанилүү көрүнүш - чек арадагы маселелерди ага чектеш жашаган жергиликтүү эл түшүнүп калды. Алар чек арачыларыбызга аябай чоң жардам берүүдө.

“Азаттык”: Мамлекеттик чек ара кызматы 6-май күнү Баткен облусунун аймагынан машиненин багажнигинде Кыргызстанга жашыруун жол менен келаткан Өзбекстандын жаранын кармады. Териштирүү учурунда өзбек жаранынын тек-жайын тастыктаган документтер жок болуп чыккан. Бул кабар кыргыз чек арасы борпоң дегенди түшүндүрбөйбү?

Чолпон Буржуев: Чек ара болгон жерде аны бузуп өтүүгө аракет кылгандар дайыма болот. Чек арачылар дайыма ыкчам маалымат менен камсыз болуп, ыкчам чара көрүүгө даяр туруш керек. Ошондой кызмат кылганы үчүн машинанын багажнигине бекинип өтүп баратканды кармап жатышат.

“Азаттык”: Сатыбек мырза, "өткөн алты жылда Кыргызстандын куралдуу күчтөрүндө реформа болду, армия заманбап курал-жарак менен камсыз болду, турак жай маселелери чечилди" ж.б. деп айтылып келди. “Эжелүү кызга эски тон” демекчи, "Орусиянын эски курал-жарагы кыргыз армиясынын дараметин көтөрбөйт" деген сын пикирлер да бар. Сиздин оюңуз кандай?

Сатыбек Молдалиев: Акыркы жылдары кыргыз армиясында көп жакшы иштер жүрүп, көп өзгөрүүлөр болууда. Артта калган 23 жылда кыргыз армиясы көрүнгөндүн кийимин кийди, Сириянын да формасын кийдик. Азыр өзүбүздүн эн белгилерибиз салынган өз формабыз бар. Биздин эле фабрикаларда кычыратып тигип жатышат. Армия деле адамдай, күн сайын өзгөрүп, өнүп турушу керек.

Азыр өкмөт армияга жакшы карап жатат, үйлөрдү салып берип жатат, майда-чүйдө курал-жарактар келип жатат. Булар жетишсиз. Бизге стратегиялык багыттагы чоң куралдар керек. Кара мылтык менен эч кимди жеңе албайбыз. Алыска ата турган, уча турган, түнкүсүн көрө турган куралдар, алыстан уга турган жабдуулар керек. Алар бизде жетишсиз. Армиядагы аскерлердин даярдыгы, духу жакшы, бирок алар заманбап курал-жарак, байланыш куралдарын билбесе, колдонбосо, көрбөсө кантип күчүбүздү чындайбыз?

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Кыргызстан сырттан келчү коркунучка даярбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:52 0:00
Түз линк
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG