Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:57

Орусия “Талибанга” курал береби?


"Талибандын" ооган коопсуздук күчтөрү колго түшүргөн согушкерлери. Жалалабад, 17-март, 2018-жыл.
"Талибандын" ооган коопсуздук күчтөрү колго түшүргөн согушкерлери. Жалалабад, 17-март, 2018-жыл.

Орусия “Талибан” менен байланышы бар экенин Ооганстан боюнча ушул аптада Ташкентте өткөн конференциядан кийин да ырастады. Бирок Москва "орус бийлиги “Талибанды” курал-жарак менен да камсыздайт" деген маалыматтарды четке кагууда. Орусия “Талибанга” колдоо көргөзүп жатканын акыркы ирет өткөн аптада америкалык күчтөрдүн Ооганстандагы командачысы айтып чыккан эле.

Расмий Москва менен "Талибандын" ортосунда түз байланыш бар экенин орус президентинин Ооганстан боюнча атайын чабарманы Замир Кабулов биринчи жолу декабрь айында айткан.

Анда Кабулов мунун жүйөсүн “талибдердин кызыкчылыгы Орусиянын “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшүү боюнча кызыкчылыгына объективдүү түрдө шайкеш келгени” менен түшүндүргөн.

Замир Кабулов Ооганстан боюнча атайын өкүлдүн кызматы менен катар Тышкы иштер министрлигинин Экинчи Азия департаментинде директорлук кызматын да аркалайт. Ал Орусия “Талибан” менен мындан бир нече жыл мурда эле байланыш орнотконун бул аптада Ташкент конференциясынан кийин да кайрадан ырастады.

Атайын өкүл мындай кадамдын зарылдыгын “Ооганстандагы орусиялык жарандар менен мекемелердин коопсуздугуна кепилдик алуу” максаты менен түшүндүрдү.

Ооганстан боюнча Ташкент конференциясы. 27-март, 2018-жыл.
Ооганстан боюнча Ташкент конференциясы. 27-март, 2018-жыл.

Кабулов бул б​айланыштардын калган чоо-жайын айтуудан баш тартты. ТАСС агенттиги менен маегинде ал эгер талибдер ооган өкмөтү менен түз сүйлөшүүлөрдү баштаса, Орусия "Талибан" кыймылын БУУнун санкциялык тизмесинен чыгарууга каршы болбосун да кошумчалады.

Орусия “Талибан” эми расмий Кабул менен түз сүйлөшүүгө барат деп үмүттөнүп тургандай:

Сергей Лавров.
Сергей Лавров.

- Мурда БУУнун Коопсуздук кеңешинде чечимдер кабыл алынган. Аларды эч ким жокко чыгара элек. Ал чечимдерде талибдерге Ооганстандын Конституциясын таануу, террорчулар менен байланыштан, ооган маселесин күч менен чечүү аракетинен баш тартуунун негизинде ооган өкмөтү менен сүйлөшүү чакырыгы ташталган. Менимче, эгер талибдер сүйлөшүү столуна олтурса, бул автоматтык түрдө алар ушул курсту карманууга даярдыгын билдирет, - деди Ташкент конференциясында ал жерге орус делегациясын баштап барган тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Ал Орусиянын Ооганстан боюнча “олуттуу сүйлөшүү” баштоо жөнүндө сунушун Вашингтон азырынча жоопсуз калтырганын да эске салды.

Москва АКШ менен НАТОнун Ооганстандагы аскердик аракеттерине сын көз карашта. Америка болсо азыр “Талибанды” Орусия да колдоп жатабы деп шек санап турат.

Өткөн аптада эле америкалык күчтөрдүн Ооганстандагы командачысы, генерал Жон Николсон (John W. Nicholson) "Москва “Талибанга” курал жана каржы жагынан жардам берет" деген оюн билдирди. Ал Би-Би-Си менен маегинде төмөнкүлөрдү белгиледи:

Жон Николсон.
Жон Николсон.

- Биз Орусиянын (Ооганстандагы) ​туруктуулукту бузуу аракеттерине күбө болуп келдик. Алар “Ислам мамлекети” тобунун бул жердеги күчтөрүнүн санын көбөйтүп айтышат.

Муну өз кезегинде “Талибандын” аракеттерин, “Талибанга” кайсы бир деңгээлде колдоо көргөзүүсүн акташ үчүн пайдаланып жатышат. Алардын ("Талибанга" көргөзүлгөн) колдоосун чынын айтканда эсептеш кыйын. Биздин кеңселерибизге ооган лидерлери курал-жарактарды алып келип, "муну “Талибанга” орусиялыктар берди" деп айтышкан учурлар болду. Алар Ооганстан менен чек арада (Тажикстанда) "контртеррористтик" деген машыгууларды өткөрдү. Орусиянын аракеттеринен биз буга чейин көргөндөй, ошол машыгууларга алынып келген жарак-жабдыктардын бир бөлүгү калтырылат жана алар чек арадан өтүп кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Маселе - орусиялыктар Ооганстанда терроризмдин жайылышын "Талибанды" колдоо үчүн пайдаланганында. Бул албетте, өлкөнү, АКШ менен НАТОнун аракеттеринин туруктуулугун бузат.

Орусиянын Кабулдагы элчилиги америкалык генералдын жогорудагы айткандарын “ушак” жана “эч негисиз” деп атаган.

Ооган президенти Ашраф Гани акыркы ирет өткөн айда Кабулдагы конференцияда "Талибанды" сүйлөшүүгө чакырган эле.

Кабулдагы тынчтык конференциясы. 28-февраль, 2018-жыл.
Кабулдагы тынчтык конференциясы. 28-февраль, 2018-жыл.

Анда Гани "Талибан" тынчтык сүйлөшүүлөрүнө кошулуп, ооган өкмөтүн таанып, мыйзам үстөмдүгүнө көнсө, аны саясий күч катары таанууну сунуш кылган. Бирок "Талибан" сунушка сыртын салып, "сүйлөшүү үчүн адегенде өлкөдөн чет элдик күчтөр кетиши керек" деген мурдагы шартын кайталады.

Расмий Кабул "Талибанга" башка өнөктөштөрү, анын ичинде АКШ да колдогон тынчтык жараянды сунуш кылган акыркы бир айдан бери эле Ооганстандын ар кайсы аймактарында кол салуулардан ондогон кишинин өмүрү кыйылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG