Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:09

Ооганстанда ондой аскер окко учту


Ооганстан.
Ооганстан.

Ооганстанда эки жерге кол салуудан он чакты аскер кызматкери курман болду. Кабулга келген АКШнын коргоо министри айрым талибдер ооган өкмөтү менен тынчтык сүйлөшүүсүн баштагысы келээрин кабарлады.

Расмий бийлик өкүлдөрү кабарлагандай, 14-мартта Ооганстандын батышында жана түштүгүндө болгон куралдуу кол салуудан коопсуздук күчтөрүнүн 10 кызматкери курман болду.

Шаршембиде согушкерлер Фарах провинциясындагы текшерүү бекетине кол салып, коопсуздук күчтөрүнүн бери дегенде сегиз кызматкерин өлтүрүп, башкаларды жарадар кылышты.

Ооганстан.
Ооганстан.

Жергиликтүү бийликтин башчысы Ахмад Бахтавар провинциянын борборунун сыртында “Талибан” кыймылынын 15тей жоочусу жок кылынганын да кабарлады.

Кол салууну ким уюштурганын дароо эч ким мойнуна алган жок. Бирок өткөн апталарда бул провинцияда талибдер бир нече жолу чабуул коюп, анын айынан кишилер курман болгон.

Ал эми Гилменд провинциясында жанкечти текшерүү бекетин жүк ташуучу машине менен сүзүп кирип барып, бери дегенде эки чек арачыны өлтүргөн. Жергиликтүү полиция башчысы Абдул Гафар Сафи провинциянын Над Али районунда үч полиция кызматкери кол салууда жарадар болгонун да билдирди. Ал үчүн жоопкерчиликти “Талибан” кыймылы мойнуна алды.

Бул чабуулдар 13-мартта АКШнын коргоо министри Жим Мэттис алдын-ала жарыяланбаган сапары менен Кабулга келген учурга туш келди.

Мэттис аскердик операциялардын жыйынтыгын көрүү жана “Талибанды” ооган өкмөтү менен тынчтык сүйлөшүүсүнө тартуунун мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгат. Ал Ооганстандын аба бекетине коноордо журналисттерге талибдер сүйлөшүүлөргө кызыгаарын айтты:

АКШнын коргоо министри Кабулга бараткан жолдо учактын ичинде кабарчылар менен маектешүүдө. 13-март, 2018-жыл.
АКШнын коргоо министри Кабулга бараткан жолдо учактын ичинде кабарчылар менен маектешүүдө. 13-март, 2018-жыл.

- Мүмкүн талибдердин баары бир добуштан макул эмес. Бирок талибдердин ооган өкмөтү менен сүйлөшүүгө кызыгып жатканынын белгилери бар.

Мэттистин Кабулда ооган президенти Ашраф Гани, АКШнын Ооганстандагы башкы командачысы Жон Николсон жана америкалык аскерлер менен жолугушуусу пландалган.

Вашингтон 2007-жылы жарыялаган жаңы стратегиясына ылайык, согушкерлерди алсыратып, сүйлөшүүгө мажбур кылыш үчүн ооган коопсуздук күчтөрүнө берип жаткан жардамын күчөткөн.

Бирок "Талибан" Кабул менен түз сүйлөшүүгө каршы. Анын башчылары тынчтык сүйлөшүүсүн өздөрү адатта “чет өлкөлүк баскынчы күчтөр” деп атаган АКШ менен гана жүргүзүшөрүн билдиришкен. Вашингтон болсо, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш үчүн ооган өкмөтү башкы ролду ойношу керек экенин билдирип келет жана талибдердин Ооганстандан чет өлкөлүк аскерлерди чыгарып кетүү тууралуу талабын четке каккан.

28-февралда ооган президенти талибдерге саясий партия түзүүгө уруксат берерин айтып, эгер талибдер тынчтык сүйлөшүүлөрүнө көнө турган болсо, аларга салынган санкцияларды алуу боюнча иш жүргүзүүгө да убада берген. Ашраф Гани бул үчүн "Талибан" эч кандай шарт койбошу керек экенин да белгилеген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG