Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 11:07

Мирзиёев ооган маселесин чечүүгө аралашты


Ооган президенти Ашраф Гани менен өзбек президенти Шавкат Мирзиёев. 27-март, 2018-жыл

Өзбекстан ооган өкмөтү менен «Талибан» кыймылынын ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрүн уюштурууну сунуш кылды. Бул тууралуу өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Ташкентте шейшембиде өткөн Ооганстан боюнча эл аралык конференцияда билдирди.

Бул аптада Ташкент шаары глобалдык оюнчуларды ойлондуруп келген Ооганстандагы коопсуздук маселесин талкуулаган аянтчага айланды.

Ооган жана өзбек президенттеринин демилгелери менен 27-мартта уюштурулган эл аралык конференцияда президент Шавкат Мирзиёев Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдардан улам Ооганстандагы кырдаал көз жаздымда калып жатканын, болбосо бул маселе чөлкөмгө гана эмес бүтүндөй дүйнөнүн коопсуздугуна таасирин тийгизерин айтты.

"Ооганстандын коопсуздугу - бул Өзбекстандын коопсуздугу, Борбордук жана Түштүк Азия регионундагы туруктуулук менен өнүгүүнүн кепилдиги. Эл аралык террордук уюмдар Ооганстанды туруктуу чордонуна айлантышына жол берилбеши керек".

Ташкенттеги "Тынчтык процесси, коопсуздук жана регионалдык байланыш тармагындагы кызматташтык" аттуу жыйынга Ооганстандын президенти Ашраф Гани, Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини, АКШнын Мамлекеттик катчысынын саясий иштер боюнча орун басары Томас Шеннон жана Орусиянын, Кытайдын, Түркиянын, Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери катышты.

Ташкенттеги эл аралык конференциясынын катышуучулары, 27-март 2018-жыл.
Ташкенттеги эл аралык конференциясынын катышуучулары, 27-март 2018-жыл.

Ташкенттеги иш-чара 28-февралда ооган президенти Ашраф Ганинин ​талиптер менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн эч кандай шарт койбостон баштоону сунуш кылган демилгесинен кийин өтүп жатат. Бирок «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү Ташкенттеги конференцияга катышпай турганын билдирген.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ооганстанда тынчтык жараянына көмөктөшүү үчүн "жол карта" кабыл алынып, эл аралык коомчулук бул боюнча мунаса табышы зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле ооган өкмөтү менен «Талибан» кыймылынын ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүү керектигин айтып, Ташкент аны уюштурууга даяр экенин белгиледи.

- Биз тынчтык процессинин бардык этабында Ооганстандын өкмөтү менен "Талибан" кыймылынын ортосунда түз сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн бардык шарттарды түзүп берүүгө даярбыз. Оппозиция тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышып, улуттук элдешүү өкүм сүрө турган болсо, алардын Ооганстандын саясий процесстерине да катышуусуна шарт түзүлүшү керек. Талиптер баш болгон куралдуу оппозиция Ооганстандын жарандары болгондуктан, алардын өз өлкөсүнүн келечегин аныктоого укугу бар, - деди Мирзиёев.

Өзбек-ооган лидерлеринин Ташкенттеги жолугушуусу.
Өзбек-ооган лидерлеринин Ташкенттеги жолугушуусу.

1999-жылы Өзбекстан Ооганстандын коңшуларынын, Орусия жана АКШнын башкы дипломаттарынын деңгээлинде Ташкент сүйлөшүүлөрүн өткөргөн. Ага НАТОнун жана талиптердин да өкүлдөрү катышкан. Анын соңунда соңунда кабыл алынган Ташкент декларациясы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 54-сессиясынын расмий документине айланган.

Саясий эксперттер Өзбекстандын бийлик башына 2016-жылдын соңунда келген президент Мирзиёев 19 жылдан кийин ооган маселесин талкуулаган жыйынды жандандыруу менен Ташкенттин эл аралык аброюн көтөргүсү келерин айтышат.

Ооганстанга тынчтык орнотууну көздөгөн ар кыл форматтагы эл аралык сүйлөшүүлөр байма-бай уюштурулуп келет. Мисалы буга чейин "Кабул процесси", "Москва форматы", "Стамбул сүйлөшүүлөрү" сыяктуу эл аралык сүйлөшүүлөр өткөнү маалым.

Бирок алардан азырынча толук майнап чыга элек. "Талибан" кыймылы да ооган күчтөрүн бутага алган чабуулдарын токтоткон жок. Ташкенттеги жыйында ооган президенти Ашраф Гани Ооганстандагы согуш өзгөрүп жатканын айтты:

- Согуш ойго келбегендей ырайымсыз болуп өзгөрдү. Душман согуштун тарыхый эрежесин толугу менен көз жаздымда калтырып, жайкын тургундарды бутага алып жатат. Курмандыктардын арасында аялдар менен балдар бар. Ооруканалар, мектептер сыяктуу коомдук жайларга чабуул коюп жатат.

Кабулдагы жанкечти чабуулдарынын бири, 27-январь 2018-жыл.
Кабулдагы жанкечти чабуулдарынын бири, 27-январь 2018-жыл.

2014-жылы НАТО күчтөрү Ооганстандан чыгып кеткенден бери ооган армиясы бир тараптан "Талибан" кыймылы, экинчи жагынан "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу менен кармашып келет.

Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстандагы миссиясынын маалыматы боюнча, соңку төрт жылда Ооганстандагы куралдуу кагылышуулар жана чабуулдардан 14 миңден ашуун адам мерт болду.

Эми ондогон жылдардан бери чечилбей келген бул маселеге өзбек лидери Шавкат Мирзиёев киришип жаткан чак.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG