Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:46

Ташкентте Могерини Борбор Азия менен кызматташууну талкуулады


Борбор Азиядагы беш өлкөнүн тышкы иштер министрлери жана Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини (ортодо). Самарканд, Өзбекстан. 10-ноябрь, 2017-жыл.
Борбор Азиядагы беш өлкөнүн тышкы иштер министрлери жана Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини (ортодо). Самарканд, Өзбекстан. 10-ноябрь, 2017-жыл.

Евробиримдиктин тышкы иштер мекемесинин башчысы Федерика Могерини 26-мартта Ташкентте Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын тышкы иштер министрлери жана Түркмөнстандын тышкы иштер министринин орун басары менен жолукту. Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.

Жолугушуу Ташкентте башталган Ооганстан боюнча эл аралык конференциянын алдында өттү.

Могерини аймактагы өлкөлөрдүн министрлери менен кызматташуунун келечегин талкуулап, пикир алмашты. Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча жаңы стратегиясында туруктуу өнүгүү, реформалоо жана модернизациялоо, адам укуктары, мыйзам үстөмдүгү жана натыйжалуу башкаруу, ишкердик, коопсуздук, регионалдык кызматташтык белгиленген.

Борбор Азия өлкөлөрүндөгү адам укуктарынын абалы талкууланганы айтылбайт. Буга чейин адам укуктарын коргоочу уюмдар Могеринини борбор азиялык лидерлер менен жолукканда адам укуктарына байланыштуу маселени көтөрүүгө үндөшкөн.

Былтыр ноябрда Могерини Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер мекемелеринин жетекчилери менен Самаркандда жолуккан.

XS
SM
MD
LG