Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 25-февраль, 2020 Бишкек убактысы 15:22

Кыргызстан

Чек ара өзгөчө мамилени талап кылат

Кыргыз-өзбек чек арасы, Баткен

Президент Роза Отунбаева жаңы жылдан тарта чек аранын түштүк бөлүгүн кайтаруу күчтөндүрүлөрүн жарыялады. Бул кадам террорчулук коркунучуна бөгөт коюу иретинде жасалууда. Айрым серепчилер президенттин аракети Кыргызстандагы кырдаалдын курч бойдон калып жатканынан кабар берерин айтышат.

Жаңы жылдан тарта чек ара кызматы дагы 500 кишиге көбөйтүлмөкчү. Бул тууралуу мамлекет башчы Роза Отунбаева 20-декабрь күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап жатып айтып кетти. Президент ошондой эле Кыргызстандын чек ара кызматындагы аскерлердин саны коңшуларга салыштырмалуу бир нече эселеп аздык кыларына да токтолду:

- Коопсуздук кызматынын башкы милдеттеринин бири – кыргыз чек арасынын түштүк бөлүгүн бекемдөө. Анткени ар кандай куралдуу экстремисттик топтордун, баңги заттардын Кыргызстанга кирүүчү жолу ошол жакта. Тилекке каршы биздин чек араны кайтаруу жыштыгы өтө эле алсыз, бир чакырымга бир киши, айрым жерлерде андан да аздык кылат. Муну эске алуу менен биз чек ара аскерлеринин санын январдан тарта 500 кишиге көбөйтүү тууралуу чечим кабыл алдык.

Спорт ордосунун жанындагы жардыруудан кийин, 30-ноябрь, 2010-жыл
Мамлекет башчынын бул сөзүн коомчулук бир жагынан кооптонуу менен кабыл алууда. Анткени июнь окуялары учурунда жүрөгү түшүп калган элдин үшүн жакында эле түштүктө жана Бишкекте болгон жардыруулар ансайын алып койгон сыңары. Анын үстүнө акыркы убактарда Ооганстандан, Тажикстандан сүрүлгөн диний экстремисттик-террордук уюмдар Кыргызстанга келип, суюлган катарын толуктоого, бул үчүн жайкы коогалаңды пайдаланууга аракеттенип жатканы тууралуу да кабарлар тарап жатат.

Кыргызстандын Коопсуздук кызматтары 29-ноябрда Ошто курал табылган үйдүн жардырылышын, 30-ноябрда Бишкектеги Спорт сарайынын жанындагы жардыруунун артында Өзбекстан ислам кыймылы жана ошондой эле бир катар сепаратисттик-улутчул кыймылдар турганын айтып чыккан.

Ферганага багыт алган күчтөр

Чек ара кызматынын мурдагы жетекчиси, Коопсуздук кеңешинин мурунку төрагасы, “Ар-намыс” партиясынан депутат Токон Мамытов АКШнын антитеррордук күчтөрү Ооганстандагы соккусун күчөткөндөн кийин ал жактагы террорчу күчтөр Фергана өрөөнүнө карай бет ала башташты деп эсептейт:

- Өзбекстандын ислам кыймылы деген уюм деп жүрбөйбүзбү жалпы эле, бул уюмдун ичинде бир нече жамааттар бар: өзбек, тажик жана тилекке каршы кыргыз жамааты. Алар Баткен окуясынын тушунда, андан кийин бул уюмга кирип кетишкен. Эми Ооганстан, Пакистандан улам аткылап сүрүп атса, булар кайда барышат? Албетте өздөрүнүн киндик каны тамган жери – Фергана өрөөнүнө келишет. Ошол үчүн кыргыз-тажик чек арасынан террорчулар, экстремисттер кирип келүү коркунучу чоң.

Кыргыз өкмөтү чек ара кызматын бекемдөөгө арналган атайын программаны 2004-жылы кабыл алган. Бирок бул аралыкта аталган программа ишке ашырылган жок. Июнь коогалаңынан кийин убактылуу өкмөт чек араны бекемдөөнү Баткенден баштап, кыргыз-тажик чек арасындагы тажикстандык жарандарга сатылып кеткен үйлөрдү кайтарып алуу үчүн 10 млн. сом каражат бөлгөн. Бул акчага сатылып алынган үйлөр аймактык милиция бөлүмүнө, медициналык пункттар үчүн берилип жатканы кабарланууда.

Баткен облусунун акими Султан Айжигитов кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек араларын көп кечиктирбей такташып албасак, бул аймактар болочокто ар кандай чыр-чатактардын булагы болуп калышы толук ыктымал деп эсептейт:

- Илгери эле, советтер союзунун тушунан бери эле чечилбей келе жаткан келишпестиктер, талаш жерлер бар. Мына ошолор бүгүнкү күнгө чейин чыр-чатактын булагы болуп турат. Улам козголуп чыгат, ошол убакта жергиликтүү бийлик тарабынан убактылуу сүйлөшүлүп чечилип, токтотулуп атат. Мындай кылбай бул маселелерди аягына чейин системалуу түрдө чечүү зарыл.

Баткен облусунун губернатору Султан Айжигитов чек ара маселесин чечүү үчүн атайын каражат мамлекеттик бюджетте каралышы керек деп эсептейт.

Каражат табылат

Мамлекет мугалимдердин айлыгын 160 сомго көбөйтүүгө каражат таппай каржалып турган чакта чек ара кызматын күчтөндүрүүгө акчаны кайдан алат деген суроо туулат. Чек ара кызматынын мурдагы жетекчиси Токон Мамытов коопсуздукту күчтөндүрүү үчүн каражат качан болсо табылат деген пикирде:

- Чечилүү шарттары бар. Биринчиден ЖККУ, ШКУ сыяктуу уюмдардан да жардам алсак болот. Алар бизге акчалай, курал менен, чек ара заставаларынын курулушуна курулуш материалдар жагынан жардам беребиз деп эле турушат. Экинчиден, булардан тышкары Евробиримдик менен баңги заттарга каршы күрөшүү жана чек араны бекемдөө боюнча атайын программага кол коюлган. Ал иштеп атат, бирок акыркы убактарда бир аз солгундап калды. Мына ошол программаны иш жүзүнө ашыруу үчүн Кыргызстан тарап олуттуу чараларды колдонуу зарыл.

Токон Мамытов
Токон Мамытов террорчулардан кандай гана коркунуч болбосун, алардын ар кандай иш-аракетин ЖККУнун жардамы менен басууга болот деп белгиледи.

Ошентсе да бүгүнкү күнү түштүктө кырдаал бир кыйла опурталдуу болуп турганын, өзгөчө коркунуч мына ушул экстремисттик-террорчулук уюмдардан туулуп жатканын президент айым 20-декабрда сүйлөгөн сөзүндө айтып кетти. Буга ушул убакта Ошто күч кызматтары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышканы да күбө болуп тургансыйт.

Апта башында Ош шаарынын мэри өзүнүн буйругу менен шаарда эл көп чогулуучу ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салды, муну менен эле катар мектептердеги жаңы жылдык балаты майрамын майрамдоого да чектөө коюлуп, жаңы жылга карата түрдүү тарсылдактарды сатууга жана аттырууга да тыюу салынды. Жалал-Абадда болсо милиция кызматкерлери 30-декабрдан тартып күчөтүлгөн тартипте иш алып барышары, жаңы жылдык тарсылдактарды түнкү саат 11ден кийин атууга тыюу салынган.

Жаңылыктардын толук тизмеси

Аскаровдун иши Жогорку сотто каралууда

Жараянга эл аралык укук коргоо уюмдарынын, элчиликтердин өкүлдөрү да көз салууда.

Жогорку сотто 2010-жылдагы июнь коогасынан кийин өмүрүнүн акырына чейин түрмөгө кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши карала баштады.

Сотко Аскаровдун байбичеси Хадича Аскарова жана уулу Шерзод Аскаров катышууда. Алар «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып «бүгүн жакшы чечимден үмүт кылып жатканын» айтышты.

Сот залына журналисттер киргизилген жок. Муну Жогорку соттун кызматкерлери залдын тардыгы менен түшүндүрүштү.

Буга чейин түрмөдөгү укук коргоочу Азимжан Аскаров сотторго, прокурорлорго, акыйкатчыга жана бир нече эл аралык уюмдарга жиберген ачык кайрылуусунда кармалгандан баштап тергөөнүн, сот жараяндарынын жүрүшүн кенен баяндаган.

Анда эч кандай күнөөсү жок экенин, кыргыз бийлиги эл аралык укук коргоо уюмдарынын милдеттенмелерин аткарбай жатканын белгилеген.

Аскаров оор беренелер менен соттолгонун ошол кездеги бийлик башындагылардын буйругу деп эсептейт.

Ал 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн жетекчилигин «сот иштерине кийлигишкен» деп айыптап, «кылмыш ишинин нугу мени айыптоого гана багытталган» деген оюн билдирди.

Былтыр 2-декабрда Жогорку сот жалалабаддык укук коргоочу Аскаровдун кассациялык арызын карап, «Массалык башаламандыкты уюштуруу» беренеси боюнча жаза мөөнөтүн азайтып, «Улутуна карап киши өлтүрүү» беренесин «Киши өлтүрүүгө» алмаштырган.

«Human Rights Watch» эл аралык уюму жакында эле дүйнөнүн 100дөй өлкөсүндөгү адам укуктары жаатындагы абал боюнча кезектеги баяндамасында кыргыз соттору Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин Азимжан Аскаровду бошотуу тууралуу сунушун эске албаганын билдирген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Чаткалды талкалаган чачыранды алтын

Чаткал районунда өткөн жыйын учуру.

Чаткалдын тургундары аймакта жүргүзүлүп жаткан чачыранды алтын казууга мораторий киргизүүнү талап кылышууда. Алар бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлү менен жолугушкан учурда айтышты.

Жергиликтүү активисттер чачыранды алтын казуу жаратылышты бузуп салганын, калыбына келтирүү иштери да аткарылбай жатканын сындап чыгышты. Мамэкотехинспекция былтыр эки компанияга каршы прокуратурага кайрылган.

«Чаткал районундагы чачыранды алтынды казып алууга убактылуу мораторий киргизиш керек деген маселени жергиликтүү тургундар бир топ убакыттан бери көтөрүп келе жатышат. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, чачыранды алтынды казган фирмалар рекультивация жумуштарын өз деңгээлинде жасабай, таштап кеткен учурлар арбын. Чаткал районунда, менин билишимче, 158 фирма кен казууга лицензия алган. Алардын ичинен төрт фирмадан башкасы жалаң чачыранды алтын казууга алышкан. Алар Чаткалдын баарын чачыратып бүттү. Азыр лицензия алгандардан 30у гана иштеп жатыптыр. Эгер баары бирдей иштесе биздин аймакта бут коёрго жер калбай калат. Ушул чачыранды алтынга лицензия берүүгө 40 жылга чейин мораторий киргизиш керек. Мисалы, Чанач-Сайда 21 кг алтын үчүн 71 гектар токой жок болду. Бул кимге керек эле? Ушуга аябай нааразыбыз. Ансыз да чоң компаниялардын экологияга тийгизип жаткан таасири жетишет. Рекультивация деген өз деңгээлинде жүргүзүлбөйт».

Чаткал районундагы жыйын учуру.
Чаткал районундагы жыйын учуру.

Эергиликтүү тургундардын бири Сапарбек Абдрахманов өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов менен жолуккан учурда ушундай пикирин билдирди. Өткөн жумада Мирзахмедовдун катышуусунда Чаткалда өткөн жыйынга 200дөн ашык жергиликтүү тургун катышты.

Жарандык активист Абдыжапар Нурдинов элдин көтөргөн маселеси олуттуу экенин айтып, ага тиешелүү адистер көңүл бурбай жатканына кейиди:

Абдыжапар Нурдинов.
Абдыжапар Нурдинов.

«Чачыранды алтын казууну токтотуу тууралуу талаптын эң негизги себеби - бул экологияга тийген зыян. Анткени алар дарыялардын жээктеринде казуу жүргүзүп, дарактарды кыйып, суунун нуктарын буруп, жаратылышка олуттуу зыян тийгизип жатышат. Майда компаниялардын пайдасынан зыянын көп көрүп жаткан тургундар муну токтотууну талап кылып жатышат. Мыйзамда казылган жерлерди толук калыбына келтирүү жагдайлары каралган. Бирок айрым аткаминерлердин айынан рекультивация аткарылбай калып жатат. Алар алчусун алып, көз жумду мамиле кылышат, текшерүүчү органдарды да ар түрдүү жолдор менен басып коюп жатышат. Эл нааразы болуп, бул маселени көтөрүп жатканы ошого байланыштуу».

Облустук бийликтен алынган маалыматка ылайык Чаткал районунун аймагынан 155 компания кен казуу иштерине лицензия алган. Алардын 24ү алтын казууга болсо, 120сы алтын изилдөө иштерине берилген. Абдыжапар Нурдинов алардын бир тобу рекультивация иштерин жасабай калтырып кеткенин айтты:

«Мындай фактылар Чаткалда ондоп кездешет. Ушул кезге чейин чачыранды алтын казып кеткен ишканалардан бири да рекультивация иштерин жасаган эмес. Мисалы, Куру-Тегерек, Сулуу-Тегерек участкасын казган «Фонта» компаниясы, Чанач-Сай сайында иштеген «Кунтер-Прайс», «Аскар-Тоо» сыяктуу ишканалар да жерди калыбына келтирүү иштерин жүргүзбөй койгон учурлар бар. «Консалтет Аурум» фирмасы Чандалаштан түшкөн Кара-Булак участкасындагы токойду бузуп, суунун нугун бузган учур катталган, бирок азыр эч нерсе жасабай жүрөт. Мунун баарын тийиштүү органдар билет, бирок мыйзамдуу иш аракет көрбөй жатат».

Жасалма документ менен жаап койгон фактылар бар.

Аттары аталган компаниялардын айрымдары бул боюнча суроолорго расмий жооп берилерин билдиргени менен азырынча жооп кайтара элек. «Азаттык» алардын жүйөсүн угуш үчүн да микрофон сунууга даяр.

Чаткалда 2019-жылы жасалма жол менен рекультивация иштери жасалды деген факты боюнча Мамэкотехинспекция жергиликтүү бийликке каршы облустук прокуратурага кайрылган.

Мамэкотехинспекциянын Аксы, Ала-Бука, Чаткал район аралык башкармалыгынын башчысы Эрмек Төлөбаев рекультивация иштерине биринчи кезекте жер ээлери өздөрү кызыкчылыгы болушу керек экенин эске салды:

«Мыйзам боюнча рекультивация иштерин компаниялар лицензиянын мөөнөтү бүткөнгө чейин жүргүзүшү керек. Учурда Чаткалдагы көпчүлүк фирмалардын мөөнөтү бүтө элек, ошондуктан биз алардан «жерди калыбына келтиргиле» деп талап кыла албайбыз. Мындан сырткары фирмалар казуу иштерин жүргүзөрдө жергиликтүү бийликтин эсебине атайын рекультивация иштерине деп каражат которуп берет. 2018-жылы Чаткал токой чарбасынын аймагындагы жерди талкалап, калыбына келтирбей кеткен «Кальтон» фирмасынын жумушун аныктап чыктык. Алар бул үчүн жергиликтүү бийликке 1,2 млн. сом которушкан экен. Бирок алар акчаны башка максатка колдонуп жиберишкен. 2015-жылы Чаткал районунун акиминин орун басары төрагалык кылган райондук комиссиянын жыйыны өткөн. Анда жерди берген органдын адистери биргелешип «Зав-Чаарат» компаниясы казган 32 гектер жерди «Калыбына келтирди» деп жасалма документ даярдап, бул фактыны жаап коюшкан. Ал түгүл биздин адисти да «катышты» деп жалган белгилешкен. Жогорудагы эки учур боюнча облустук прокуратурага өткөн жылы билдирүү бергенбиз».

Жалал-Абад облустук прокуратурасынан алынган маалыматка караганда 2019-жылдын июнь айында Жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча райондук комиссияга, «Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» беренесине ылайык компанияга кылмыш иши ачылган. УКМК тергеп жаткан бул иш декабрь айында кыскартылып, бирок прокуратуранын кийлигишүүсу менен 20-февралда кайрадан жанданды.

Өкмөттүн облустагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов кенде иштеген жумушчулар менен жолугушуу учурунда.
Өкмөттүн облустагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов кенде иштеген жумушчулар менен жолугушуу учурунда.

Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Чаткалдагы иш сапарында бир топ кен казган компаниялардын иши менен таанышып, жумушчулар менен да жолукту. Анда алтын казган ишканаларга жергиликтүү калкты көбүрөк жумушка алуу, тоо-кен фирмаларында эмгектенген жумушчулардын иштөө шартын жакшыртуу, экологиялык коопсуздук сыяктуу маселелер айтылды. Өкмөт өкүлү Нурболот Мирзахмедов бардык маселелер тийиштүү деңгээлде каралып чечилерин билдирди:

Нурболот Мирзахмедов.
Нурболот Мирзахмедов.

«Калдык сактоочу жай боюнча туура эмес деп айтуудан алысмын. Тийиштүү адистер жакында дагы бир сыйра карап чыкса гана жыйынтык чыгарууга болот. Чачыранды алтын казуу иштерин алып барып, жерди калыбына келтирбегендерди тактоо боюнча Мамэкотехинспекцияга тапшырма бердик. Алар кимдерге таандык экендигин аныктап чыгышы керек. Фирмалар рекультивацияга акча каражатын караганбы же жокпу, аны да такташат. Каралбай калып кеткен жерлер боюна жылдап соттошкондун ордуна ички каражаттарга да оңдоп турсак болот. Ал эми мораторий киргизүү маселесин биз Жогорку Кеңешке сунуш кылууга аракет кылабыз».

Жалал-Абад облусунун аймагында акыркы маалымат боюнча 536 компания кен казууга лицензия берилген. 43 компания уруксатты алтын казууга алса, 167сине алтын чалгындоого берилген.

Кыргызстанда бийлик өкүлдөрү тоо-кен тармагын кыргыз экономикасын алдыга сүйрөй турган тармак катары сыпаттап жүрүшөт. Бирок анын жыйынтыгы учурда анча жакшы сезиле элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Бишкектин сунушу, Ташкенттин таарынычы

Ысык-Көл.

Кыргыз өкмөтүнүн Ысык-Көлдөгү Өзбекстан ээлик кылып келген пансионаттарды жеке башкарууга берүү тууралуу сунушуна коңшу өлкө каршы чыкты.

Бишкек менен Ташкенттин ортосунда талашка түшкөн Ысык-Көлдүн жээгиндеги төрт пансионат тууралуу кезектеги талкуу Кыргызстандын бул жайларды жеке башкаруу боюнча сунушунан соң жаралды.

Мамлекеттик мүлк фонду ушул айдын башында «Алтын кум», «Рохат» жана «Дилором» пансионаттарын жеке инвесторго берүү каралып жатканын жарыялаган. Ага ылайык, үч пансионат жеке колго берилгени менен мамлекеттин мүлкү бойдон кала берет. Мындай план пансионаттардын имаратынын эскилиги жеткени жана аны өнүктүрүү зарылдыгы менен түшүндүрүлгөн.

Бул маалымат ачыкка чыккан соң 2016-жылга чейин аталган эс алуу жайларына ээлик кылып келген Өзбекстандын мамлекеттик ишканалары нааразы болуп чыкканы белгилүү болду.

Өзбекстандык Podrobno.uz cайтынын жазышынча, «Рохат НБУ» пансионаты Өзбекстандын тышкы экономикалык ишмердик боюнча Улуттук банкына, «Дилором» «Асака» банкына, «Бустон» Өзбекстан өнөр жай, курулуш банкына жана «Алтын Кум» Ташкент механикалык заводуна таандык болуп келген.

Бул ишканалар биргелешкен билдирүү таратып, пансионаттардын жеке колго берилишине каршы экенин жарыялашкан.

«2016-жылдын апрели айында бул пансионаттар Өзбекстандык чарбалык субъекттеринен Кыргызстанга мыйзамсыз өткөрүлгөн» деп айтылган билдирүүдө.

Коңшу өлкө бул мүлктөр боюнча эл аралык сотко арыз жолдонгонун жана ал боюнча акыркы чечим чыга электигин эске салган.

Өзбекстандын мындай каршылыгын Кыргызстандын мамлекеттик органдары негизсиз деп эсептешет.

Токтогул Туманов
Токтогул Туманов

«Бул мүлктөр биздин мамлекетке караштуу. Өзбекстан иштетип жүргөндө деле алардын мамлекеттик деп саналчу эмес, жеке менчик катары каралчу», - деп түшүндүрдү учурда пансионаттарга ээлик кылган Мамлекеттик мүлк фондунун төрага орун басары Токтогул Туманов.

Туманов учурда аталган пансионаттарды жеке колго берүү боюнча акыркы чечим кабыл алына электигин жана бул Экономика министрлиги менен кеңешип чечилерин кошумчалады.

Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан, Өзбекстан иштетип келген төрт пансионат жалпысынан 80 гектар жери менен 2016-жылы 4-апрелде ошол кездеги премьер-министр Темир Сариевдин буйругуна ылайык Кыргызстанга өткөрүлгөн. Ал учурда кыргыз өкмөтү менчик укугун жөнгө салуу боюнча эки тараптуу келишимге жана Жогорку Кеңештин СССР учурунда курулган КМШ өлкөлөрүнүн ээлигиндеги эс алуу жайларын Кыргызстандын ээлигине алуу тууралуу токтомго таянуу менен чечим чыгарган. Өзбек тарап өз кезегинде мындай чечимге макул эмес экенин билдирген.

2017-жылы Кыргызстан аталган пансионаттарды жаңы шарттар менен кайрадан Өзбекстанга кайтарып берүү боюнча келишимдин долбоору иштелип чыгарын жарыялаган. Анда пансионаттардын имараттары Өзбекстандын ээлигинде болуп, жер тилкелери Кыргызстандын менчиги катары сунушталган. Бирок бул өз ара макулдашуудан жыйынтык чыкпай, Өзбекстан Эл аралык арбитражга кайрылууга мажбур болгон. Ташкенттин арызы былтыр Вашингтондогу арбитражда алдын-ала каралып, бул маселенин маңызын кароого юрисдикциясы бар экени тууралуу чечим чыгарган.

Кыргыз өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун башчысы Данияр Эркимбаев өзбек тараптын арызы качан каралары азырынча белгисиз экенин билдирди:

«Арызды кароонун атайын процедурасы бар. Эл аралык арбитражга кайрылганда атайын төлөм төлөш керек. Биз билгенден Өзбекстан тарап ал төлөмдү толугу менен которо элек. Акчасын төлөгөн соң гана бизге каршы доо арыз бериши керек. Бирок эл аралык сотту ортого салууга биз деле, алар деле кызыкдар эмес. Ошондуктан, кудай буюрса сүйлөшүү жолу менен эле чечсек деген ниетте турабыз».

Эркимбаев сүйлөшүү жолу деп кандай механизмди айтып жатканын тактаган жок. Бирок бул ишке көз салып келген Бишкектеги «Jomart & Co» юридикалык мекемесинин жетекчиси Жоомарт Жолдошев кыргыз өкмөтү үстүртөн мамиле кылып, эл аралык сотко эч кандай даярдык көрбөй жатканын белгиледи:

Жоомарт Жолдошев
Жоомарт Жолдошев

«Биздин өкмөттө укуктук жактан ушул иш менен алектенгендин ордуна сүйлөшсөк деген эле үмүт менен отурат. Бул маселени өзбек президенти Мирзиёев менен сүйлөшсөк же «РусГидронун» маселесин Путин менен сүйлөшсөк деген эле мамилени көрүп жатабыз. Ушул маселени юридикалык жактан карап деле кыйраткан эч ким болбой жатат. Арбритаждык соттон коркуп эле мүлктөрдү берип коюшабы деп ойлоп жатам».

Ал ортодо сөз болуп жаткан пансионаттар Кыргызстанга өткөрүлгөндөн тарта кароосуз абалга келип, кезегинде эң алдыңкы эс алуу жайлары чыгашалуу ишканага айланганы айтылууда. Дал ушул себептен улам да кыргыз бийлиги жеке инвесторго берүүгө кызыкдар болууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев мамлекет бул ишканаларды бизнеске бергени туура эле чечим болот деген пикирде:

«Мамлекет өзү башкара албай жатат. Эң начар менеджер. Ошондуктан, менчик өзүндө болсо да ишкерлерге 5-10 жылга берип койсо туура эле болот. Бул үчүн мыйзамдык база түзүлдү. Жеке өнөктөштүк боюнча, ишенимге берүү боюнча мыйзамдар кабыл алынган».

Мурдагы Советтер Союзуна кирген өлкөлөр мамлекет ураган соң өз аймагындагы мүлктөргө ээлик кылып калган. Бирок андан бери 30 жылга жакын убакыт өтсө да талаш жараткан объекттер бар. Мисалы, Ысык-Көлдө Казакстан өзүнүкү деп эсептеп келген дагы төрт пансионат бар. Казакстан 2009-жылы бул пансионаттарды узак мөөнөткө ижарага алууга жетишкен.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

«Мен коррупцияга каршымын!»: жеңүүчүлөр аныкталды

Иллюстрациялык сүрөт.

«Азаттык» радиосу окурмандар арасында жарыялаган «Мен коррупцияга каршымын!» аттуу сынагынын жеңүүчүлөрүн аныктады.

Сынакка материалдарды кабыл алуу 2019-жылдын сентябрында башталып 1-декабрында аяктаган. Бул аралыкта “Азаттыктын” кат куржунуна жемкордукту жок кылуу боюнча сунуштарды камтыган орус жана кыргыз тилдеринде алтымыштан ашык материал түшүп, алардын басымдуу бөлүгү сынактын талаптарына шайкештиги бар деген негиз менен www.azattyk.org, www.rus.azattyk.org сайттарына жарыяланган.

Жарыяланган материалдарды сынак комиссиясы талдап чыгып, 15 авторду жеңүүчү деп тапты. Натыйжада комиссия төмөнкүдөй чечимге келди:

Биринчи орун төмөнкү үч авторго ыйгарылат жана ноутбук менен сыйланат:

Лира Майрамбек кызы. «Коррупция онкологиялык дартка окшош»

Максат Халилов. «Сагызган сактыгынан эмес, суктугунан өлөт»

Болотбек Таштаналиев. «Ата үчүн бала, бала үчүн ата жооп берсин»

Экинчи орун төмөнкү беш авторго ыйгарылат жана уюк телефон менен сыйланат:

Айбек Сарыгулов. «Коррупцияны адегенде жөнгө салалы»

Канышай Чырмашова. «Санариптештирүү гана жегичтерге бөгөт коёт»

Калмат Молдокулов. «Үч досуңду түрмөгө отургузуудан башта...»

Айзирек Темирбекова. «Бийлик системага эмес, элге таянышы керек»

Самат Абдраимов. «Аткаминерлер мүлкүн элден жашырбасын»

Үчүнчү үч орун төмөнкү жети авторго ыйгарылат жана смарт саат менен сыйланат:

Шайлообек Метеев. «Коррупцияны тапкандарды кызыктырыш керек»

Арсланбек Кенжешов. «"Жебеген жердин астында" деп жүрүп... »

Ырыскүл Алакунова. «Коррупция - өнүгүүнү тушаган кишен»

Жолдош Турдубаев. «Коррупциябрь»

Рысбек Кубанычбеков. «Немистер өз мекенин тонобойт»

Орозбек Алибеков. «Ыксыз текшерүү коррупцияга жол ачат»

Жаныбек Абидетегин. «Мен коррупцияны кантип жок кылам?»

Жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу аземи 2020-жылдын 3-мартында саат 15:00дө “Азаттыктын” кеңсесинде өтөт.

Жеңүүчүлөрдөн "Азаттыктын" редакциясы менен байланышууну өтүнөбүз. Телефон номурубуз: 0550 98 87 55

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Жеңишин элине арнаган чемпиондор

Жеңишин элине арнаган чемпиондор
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:26 0:00

Дүйшеевдин дүйнөсү

Дүйшеевдин дүйнөсү
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:26 0:00

Президент партиялардагы жеке бийликке каршы

Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик демократияны өнүктүрүүдө партиялардын ролун белгилеп, партиялык тизме түзүп, депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүдө партия башчыларынын өзүм билемдигине жол бербөөгө басым жасады.

Президент буга байланышкан мыйзам долбоору беш айдан бери парламентте каралбай турганын белгиледи. Ал эми «Саясий партиялар жөнүндө» мыйзам долбоорунун авторлору партиянын ичиндеги атаандаштыкты камсыз кылуучу ченемдер кабыл алынса, ал быйылкы парламенттик шайлоодон кийин гана, 2021-жылдан тартып күчүнө кирерин белгилешүүдө.

Партиялык атаандаштыкты камсыз кылуу

Президент Сооронбай Жээнбеков 20-февралда жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземинен кийинки кайрылуусунда алдыдагы шайлоонун калыс өтүшү жана болочок парламенттин сапаттык курамы ага катыша турган саясий партиялардын жоопкерчилиги менен байланыштуу экенин белгиледи. Ал бардык партияларга бирдей мамиле кылып, шайлоодо кайсы бир партияга артыкчылык берилбестигин жана шайлоодон утуп келген партиялардын кимиси болбосун, кызматташууга даяр экенин билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков партиялардын шайлоого катышуу тартиби камтылган «Саясий партиялар жөнүндө» жаңы мыйзам долбоору иштелип чыгып, бирок парламентте карала элек экенин эске салды. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков болочок парламенттин сапаты партиялык тизмеден көз каранды экенин айтып, депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүнү жалгыз эле партия башчыларына бербеш керек деген пикирин билдирди:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

«Дагы бир демилге - «Саясий партиялар жөнүндө» мыйзамдын долбоору беш айдан бери парламенттин кароосунда турат. Сунушталган долбоор саясий партиялардын ролун мындан ары бекемдөө жана коом алдында партиялардын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындыгына жетишүү максатында иштелип чыккан. Парламенттин сапаттык курамына партиялар жоопкер. Ал партиялардын түзгөн тизмесинен көз каранды. Бул маселени бир гана лидер чечпей, партиялык демократия болушу абзел. Партиянын жетекчиси гана депутаттык мандаттардын тагдырын чечкен партиялык «вождизм» болбош керек. Партиялардагы ички демократияны орнотууга катуу көңүл буруу зарыл».

Партиянын ичинде жекече чечим кабыл алып, депутаттык мандаттарды өзү каалагандай бөлүштүрүүгө жол бербеш үчүн мындай тартип мыйзам менен аныкталышы керек деген маселени буга чейин бир катар саясатчылар көтөрүп келген. Бир эле учурда партияга жана партиялык тизмедеги талапкерге добуш берүүнү камтыган преференциалдык шайлоо системасын киргизүү боюнча мыйзам долбору парламентке сунушталып, бирок ал карала элек.

«Президенттин ишараты ишке ашса...»

Бул мыйзам долбоорун иштеп чыккан авторлордун бири, депутат Жанарбек Акаев президенттин бул кайрылуусун саясий атаандаштыкты камсыздоочу ишарат катары кабыл алды:

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

«Парламенттик шайлоодо ким депутат болорун партия лидерлери гана чечип койбой, тизмедеги ар бир талапкерге добуш берүүгө мүмкүнчүлүк бере турган демилгени президент да жактагандай болду. Бул бизге абдан жакты. Анткени биз муну бир топ убакыттан бери айтып келатабыз. Эгерде шайлоодо партия сунуш кылган тизмедеги конкреттүү талапкерге добуш берүү аркылуу парламентти жаңылап алсак, анда накта элдик лидерлер парламентке келишет. Ал эми партиянын лидери менен мамилеси жакшы болгону үчүн эле тизмеге кирип, бирок электорат жек көргөн талапкерлер өздөрү эле четте калмак. Ошондо парламент чыныгы лидерлерден куралмак. Эгерде президент кылчактабастан бул кадамга барса, анда бул ага абдан чоң аброй алып келмек. Анткени күчтүү парламент күчтүү өкмөттү курап чыгат. Күчтүү өкмөт чоң реформаларды баштайт. Президент ошондой чоң өзгөрүүлөрдүн башында турган мамлекет башчысы катары тарыхта калат эле».

«Жаңылануу - кийинки шайлоого»

«Саясий партиялар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду караган мыйзам долбоору былтыр 2019-жылы жазында иштелип чыккан. Бирок андагы айрым беренелерди алмаштыруу жана толуктоолорду киргизип, коомдук талкууга даярдоо үчүн ал мыйзам долбоору артына кайтарылган болчу. Мыйзам долбоорунун авторлорунун айтымында, анда партиялардын ролу жогорулап, жоопкерчилигин күчөтүү жана ички демократияны камсыздоо ченемдери камтылган. Бирок мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Айнуру Алтыбаева ал бекитилип калса, ал алдыдагы парламенттик шайлоодо эмес, андан кийинки парламент курамын түзүш үчүн колдонула турганын билдирди:

Айнуру Алтыбаева.
Айнуру Алтыбаева.

«Жергиликтүү кеңештерге жана Жогорку Кеңешке шайлоо өтөрүнө жакын калды. Президент башынан эле «шайлоого байланышкан укуктук ченемдер жана мыйзамдар бир жыл калганда бекитилип, бүтүшү керек, шайлоого катышкан ар бир партия ошол эрежелерди билүүгө тийиш» деген. Ошондуктан биз бул мыйзам долбооруна ал кабыл алына турган болсо, анда ал 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турганын көрсөттүк. Бул ошондо кийинки парламенттин чакырылышы үчүн болот. Мыйзамдын негизги концепциясында саясий партиялардын ролун өстүрүп, партиялардын ички демократиясынын өнүгүшүнө алып келе турган бир топ ченемдер камтылган».

Бирок депутат Жанарбек Акаев парламенттик шайлоодо партиялык ички атаандаштыкты камсыздоочу ченемдерди киргизип, шайлоого үлгүрүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин айтып жатат:

«Бирок биз азыр мындай саясий эркти көрбөй турабыз. Мындан азыр бир топ чочулап турушат. Ошондуктан «бул мыйзамды эмдиги шайлоолордо колдонолу» деген пикирлер үстөмдүк кылышы мүмкүн. Бирок президенттин «мен бардык партияларга бирдей мамиле кылам, биз партиялык демократияны өнүктүрүшүбүз керек» деп айтканы аябай жакшы болду. Мамлекет башчысынын бул айтканы бардык жетекчилерге, кызматтагыларга жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө да жетсе болот эле. Анткени алар азыр бир партиянын гана кызыкчылыгын көбүрөөк коргоп, башка партияларга тымызын бут тосуу аябай көп болуп жатат».

Парламенттик шайлоодо партиялык тизме түзүүдө элдик өкүлчүлүк принцибин камтыган мыйзам долбоору 2014-жылы да иштелип чыгып, бирок парламенттен колдоо тапкан эмес. Анда жалпы республикалык бирдиктүү шайлоо округунан сырткары, өлкөнү тогуз аймактык шайлоо округуна бөлүп, партиялар ар бир аймактан талапкерлердин тизмесин сунуш кылышы каралган. Бирок «аймактык квота» деген бул ченем жердешчиликти күчөтөт деген негиз менен кезинде четке кагылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дартын жеңген жаш дарыгер

Дартын жеңген жаш дарыгер
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:55 0:00

Алтынбек Сулайманов: Саймаитини көп саясатчы таанычу

Алтынбек Сулайманов: Саймаитини көп саясатчы таанычу
please wait

No media source currently available

0:00 0:44:08 0:00

Коронавирус Кыргызстанды чочутту

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанга үчүнчү өлкөлөр аркылуу Кытайдан акыркы төрт жумада 1 356 адам келди, анын 363ү кытайлар. Коронавируска байланыштуу өлкөдө 141 киши дарыгерлердин көзөмөлүндө турса, алардын 61и кытай жараны экени маалым болду.

Вирус Кытайдан тышкары өлкөлөрдө да тездик менен тарап жаткандыктан Кыргызстанда кооптонуу күчөдү. Жумгалда жергиликтүү эл жол салып жаткан кытайларды айылдан чыгарууну талап кылышса, айрымдар Кытай жарандарынын өлкөгө кирүүсүнө убактылуу тыюу салууну сунуш кылышууда.

Расмий маалыматка караганда, 28-январдан 21-февралга чейин Кыргызстанга Кытайдан 1 356 адам келди. Анын ичинен 876сы Кыргызстандын, 363ү Кытайдын, 36сы Орусиянын, калганы башка өлкөнүн жарандары.

Кытайдагы коронавирус эпидемиясына байланыштуу алдын алуу иштеринин алкагында Кыргызстанда 141 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева алардын 61и Кытайдын жарандары экенин айтты.

«Кытайдан келген 1000ден ашык киши дарыгерлердин кароосунан өттү. Ухань шаарынан келгендер ооруканада сөзсүз 14 күн жатышат. Андан тышкары Кыргызстанга чектеш жайгашкан Үрүмчүдөн келгендерди да карантинге алуудабыз. Калгандарынан үч күндүн ичинде анализ алып, атайын алгоритмге жараша иштеп жатабыз», - деди Оторбаева.

Кытайдан алып келинген кыргызстандык студенттер.
Кытайдан алып келинген кыргызстандык студенттер.

Соңку маалыматтар боюнча, Кытайда коронавирустан өлгөндөр 2 500 жетип, вирусту жуктургандардын саны 77 миң киши болду.

Дүйшөмбү күнү вирусту жугузуп алгандар алгачкы жолу Ооганстанда, Бахрейнде жана Кувейтте катталды. Иранда вирусту 50дөй киши жугузуп, анын ичинен 12си каза тапты. Түштүк Кореяда ооруну жугузуп алгандардын саны 770 кишиге чукулдады. Жети киши оорудан көз жумду. Италияда 150 киши дартка чалдыгып, үч киши каза тапканы маалым болду.

Коронавирустун Кытайдан башка өлкөлөрдө да тездик менен жайылышына байланыштуу Кыргызстанда вирустан кооптонгондор өкмөттү кошумча чараларды кабыл алууга чакырып жатышат. Алардын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев:

Эмил Токтошев.
Эмил Токтошев.

«Өкмөт Кыргызстанга Кытайдын жарандарынын кирүүсүн убактылуу токтотуп турушу керек. Кудай сактасын, бирок кокустан бул вирус Кыргызстанга кирсе мамлекет кыйналып калат. Башка өлкөлөр вирусту алдын алыш үчүн ушундай чараларды көрүп жатат. Биз да ушундай эле чечим кабыл алышыбыз керек».

2019-жылы Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматы Кытайдын 8900 жарынына иштөө үчүн уруксат документин берген. Жыл башында майрамга байланыштуу 5000ден ашык кытай жараны чыгып кетип, азыр алар кайрадан кайтып келүүдө. Арасында коронавирус жуктуруп алгандар бар экени жана Кытайдан келгендер чек арадан текшерилбей эле өтүп жатканы боюнча ар кандай маалыматтар тарап жатат.

Өткөн аптанын аягында социалдык тармактын колдонуучулары Бишкектеги ооруканалардын бирине дене табы көтөрүлгөн кытай жараны алып келингендиги тууралуу маалыматтарды жазып, дүрбөлөңгө түшкөн. Кийин Саламаттык сактоо министрлиги маалымат таратып, сыркоолоп, эти ысыган кытай жаранын «Тез жардам» 20-февралда Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына жеткиргенин, анализ алынып, жыйынтыгында таза чыкканын билдирди.

Кыргызстанга коронавирустун келүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын мүчөсү, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кытайдан келген жарандар дыкат текшерилип жатканын айтууда.

Алтынай Өмүрбекова.
Алтынай Өмүрбекова.

«Кытайдан келгендер Кытайдын, Кыргызстандын же Орусиянын жараныбы текшерилип, карантинден сөзсүз өтүп жатышат. Ал Стамбул же Москва аркылуу учуп келсе да карантинге жаткырып жатабыз. «Жөн гана чыгып кетиптир. Айрымдар үчүн жашыл коридор түзүлүп жатыптыр» деген сөздөр чындыкка дал келбейт».

Былтыр чет өлкөлүк жарандарга жумуш үчүн бөлүнгөн 17400 квотанын 12400ү пайдаланылды. Квотанын көбү Кытай жарандарына берилген. Алар негизинен жол куруу жана тоо-кен ишканаларында иштешет. Коронавируска байланыштуу кооптонуудан кийин Кыргызстан Кытайдын жарандарына виза берүүнү убактылуу токтоткону белгилүү болду.

23-февралда Жумгалдын Кабак айылынын айрым тургундары түндүк-түштүк альтернативдүү жолун салып жаткан кытайлык ишкананын жумушчулары айылдын ичинде жүргөнүнө каршы болуп, нааразылык акциясына чыгышты. Алар вируска байланыштуу кытайлыктардын айылдан чыгышын талап кылышты.

Кытайдын жарандары Бишкек эркин экономикалык аймагында да көп иштейт. Ал жакта Кытайдын эки жараны вирусту жуктуруп алганы боюнча да маалыматтар тараган. Алтынай Өмүрбекова бул сөздөр тастыкталбаганын билдирди.

«Бишкек эркин экономикалык аймагында иштеген кытай жарандары бир нече жолу текшерүүдөн өттү. Жетекчисин да чакырып маалымат алдык. Азыр абал туруктуу эле».

Коронавирустун келүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб Кыргызстандын аймагында жана чет өлкөдө да кыргыз жараны вирусту жуктурган учур каттала электегин маалымдады.

Ал эми Жапониядагы коронавирус чыккан «Diamond Princess» саякат кемесинен карантинден чыккан кыргыз жаранынын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов Бишкекте өткөн басма сөз жыйынын айтып, Кытайдагы кыргызстандыктар боюнча маалымат берди.

Нурлан Абдрахманов.
Нурлан Абдрахманов.

«Кытайдын Билим берүү министрлигинин берген маалыматы боюнча, 2018-2019-жылкы окуу мезгилинде кыргызстандык 4614 студент өлкөнүн жогорку окуу жайларында окуган. Кытайдагы майрамга байланыштуу анын бир бөлүгү Кыргызстанга келген, калганы Кытайда».

Коронавирус илдети чыккан Кытай менен чек ара январдын аягында жаңы жылдык майрамга карата жабылган. Кийинчерээк Мамлекеттик чек ара кызматы эки өлкөнүн ортосундагы өткөрмө бекеттер Кытайда вируска байланыштуу абал турукташмайынча ачылбай турганын билдирген. Ошондой эле Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы бардык аба каттамдары токтоп турат.

Чек ара: Баткен Согди менен кызматташат

Акрам Мадумаров жана Азим Иброгим. 21-февраль, 2020-жыл.

21-22-февралда кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки тараптуу өкмөттүк жумушчу топтун жолугушуусу өттү.

Жолугушууда Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун 2020-жылга кызматташуу боюнча иш-чаралар планы бекитилди. Бул иш-чараларды бекиткен макулдашууга өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов жана Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражоббой Ахмадзода кол койду. Иш-чаралар планы 33 пункттан турат.

Анда негизинен социалдык-экономикалык кызматташуу, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт, туризм, соода-экономикалык байланыш, ынтымакты жана достукту бекемдөө сыяктуу жоболор каралган. Облустун башчысы Алишер Абдрахманов буларды айтты:

«Чек арада жашаган калктын мамилесин оңдоп, чыңалууну пайда кылган маселелерди чечүү үчүн эки облустун кызматташтыгын чыңдай турган иш-чараларды бекиттик. Бул демилге жакынкы күндөрү ишке аша баштайт. Аракет өз натыйжасын берет деп ишенем».

Чектеш эки облустун кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган макулдашуу протоколуна кол койгон Тажикстандын Согди облусунун башчысы Ражоббой Ахмадзода буларды билдирди:

«Биз миң жылдан бери бир арыктан суу ичип, бир абадан дем алып жашап келатабыз. Ошондуктан биз эл менен иштеп, көйгөй жаралганда аны дароо чечишибиз керек. Биз бир да сантиметр жерди бербейбиз. Ошол эле кезде башканын жери да керек эмес».


Эки облустун кызматташуу планы Кыргызстан менен Тажикстандын вице-премьер-министрлери Акрам Мадумаров менен Азим Иброгим жетектеген чек араны делимитациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жумушчу жыйынынын алкагында бекитилди. Мурдагы отурумда тараптар 1-мартка чейин эки өлкөнүн аралашып калган аймактарындагы жерлерди алмаштыруу боюнча сунуштарды даярдоону макулдашкан. Бирок бул ортодо Кыргызстан тарапта чек ара маселесин чечүүгө жооптуу адамдар алмашып кеткен.

Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Нарматов Кыргызстан тараптан жумушчу топтун жетекчилигинде, курамында да өзгөрүүлөр болгондуктан иш алып баруу ыкмалары да өзгөргөнүн айтты. "Эки өлкө чек арасындагы тактала элек чек ара сызыгынан 60 чакырым боюнча эки тарап бир пикирге келишти, чек арада жер алмаштыруу маселеси каралган жок" деди өкмөттүн чек ара боюнча өкүлү.

«Чек араны тактоо боюнча отурумда бир топ жылыштар болду. Жаңы аракеттер башталды. Өкмөт аралык комиссиянын биздеги жетекчилиги жаңы болду. Алмашуу маселеси өтө татаал, бир күндө чечилбейт. Дагы карап көрүп, эл менен макулдашкандан кийин айтабыз. Бул жолугушууда жер алмашуу деген маселе көтөрүлгөн жок».


Ал арада тажикстандык медиа каражаттары Кыргызстан менен Тажикстан Баткендеги сүйлөшүүдө жер алмашууну макулдашканын жазышууда. «Азия-Плюс» агенттиги тажик делегациясындагы сүйлөшүүдөн кабары бар адамга таянып, «тарыхта биринчи жолу тараптар талаштуу тилкедеги 23 гектар жерди алмашуу боюнча макулдашты» деп жазды. «Демек эки мамлекеттин чек ара аймактарындагы узактан берки талаштар ордунан козголду десе болот. Алмашыла турган аймактын жарымы Кыргызстанга, жарымы Тажикстанга таандык» деди атын атагысы келбеген тажик бийлигинин өкүлү.

Жергиликтүү журналист Нургазы Жайнаков чек араны тактоо боюнча эки тараптын пикири эки ача болуп, жерлерди алмаштыруу тууралуу эки башка маалымат чыгып жатканы чек араны тактоо боюнча иштерге байланыштуу түрдүү божомолдорду жаратып жатат дейт:

«Кечээ жолугушуунун башында эки вице-премьер-министр чек араны чечүүдө элде ишеним болуп, комиссиянын ишинин алга жылышына салым кошушу керек деп айтышты. Анан эле эки башка маалымат чыкса кантип ишенебиз? Маалыматты таратууда, протокол тууралуу элге айтканда ишенимдүү болушу керек да. Түкшүмөл ойлор жаралса элде кайдан ишеним болот?».

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы миң чакырымдай. Анын 400 чакырымга жакын бөлүгү ушул күнгө чейин такталбай, шарттуу сызык боюнча турат. Акыркы эки жылдан бери эки өлкө чек арасын тактоо иши тынымсыз жүргөнү айтылганы менен, азырынча натыйжасы билине элек. Мунун айынан жаңжалдар да азайган жок.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Жаш өмүрдү жайраган автокырсык

Жаш өмүрдү жайраган автокырсык
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:40 0:00

Хоккейчилер президентке кайрылышты

Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы. Архивдик сүрөт.

Бишкекте өтө турган хоккей боюнча IV дивизиондогу дүйнө чемпионаты башталарда Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасынын мурдагы айрым оюнчулары президентке жана коомчулукка кайрылышты.

Алар өлкөнүн Хоккей федерациясынын ишин сындап, улуттук курама командага чет өлкөлүк оюнчулар чакырылганына нааразы. Федерация өкүлдөрү бул дооматтарды четке кагышты.

Шайба менен ойнолуучу хоккей боюнча IV дивизиондогу дүйнө чемпионаты 3-5-март күндөрү Бишкекте өтөт. Ага Малайзиянын, Кувейттин жана Филиппиндин курама командаларынын келиши күтүлүүдө.

«Арстан» хоккей командасынын оюнчусу Болот Жунушалиев нааразы болгондордун саны 50-60 кишидей экенин айтып, мындай деди:

Болот Жунушалиев.
Болот Жунушалиев.

«Президентке кайрылганыбыздын себеби - федерациянын ишине көп хоккейчилер нааразы болуп жатабыз. Себеби, улуттук курама командада жалаң Орусиядан келген оюнчулар ойноп жатат. Экинчиси - Кыргызстанда хоккей өнүкпөй, тескерисинче төмөндөп кетти. Жылдан жылга улуттук курама командада чет жактан келген оюнчулар азайбай эле, тескерисинче көбөйүп жатат. Эч ким хоккей ойногусу келбей калды. Быйыл Кыргызстандын чемпионатына үч эле команда катышты. Деңгээли аябай төмөн. Биринчиден калыстар жок. Экинчиден катыша турган ар бир командага 20 миң сомдон кирүү акысын кошкон. Айылдагы командалар анча акчаны кайдан табат? Анан жергиликтүү оюнчулар арасында тандоо жүргүзбөй эле, чет жактан оюнчуларды алып келип, аларга паспорт жасап ойнотуп жатканына өтө нааразыбыз. Азыркы боло турган дивизиондо ойноого биздин деле күчүбүз жетет. Бирок кыргыздар ойнобой жатпайбызбы. Алар келет, ойнойт да, акчасын алат, кетип калат».

Хоккей федерациясы билдиргендей, Кыргызстандын чемпионаты ушул жылдын 31-январынан 2-февралына чейин өтүп, ага үч команда катышкан. Улуттук курама командага оюнчуларды тандоо дал ушул үч команданын ичинде жүрүп жатат.

2011-2017-жылдар аралыгында улуттук курама командада ойноп, эл аралык мелдештерге катышып жүргөн Урмат Шейшеналиев командага оюнчуларды тандоо жеке адамдардын кызыкчылыгы менен гана жүргүзүлүп жатат деген пикирин ортого салды. Ал акыркы эки жылда курама командага такыр чакырылбай калган.

«2011-жылы Орусиядан келген 15 оюнчу жана жергиликтүүлөрдөн 5 оюнчу болуп Алматы менен Астанада өткөн кышкы Азия оюндарынын премьер-дивизионуна катышканбыз, - деди ал. - Алардын аты-жөнүн да билем. Ошондо биз жеңишке жеткенбиз. Бирок жеңип келгенден кийин бир эки жыл такыр ойнобой калдык. Сураштырсак, ошондо бизге башка командалар арыз жазып, бизди үч жылга оюндардан четтеткен экен. Былтыр да Абу-Даби шаарында өткөн мелдеште ошондой болду. Мейли, алышсын легионерлерди, эми аларды азайтыш керек да. Өзүбүздүн балдар деле өсүп чыкпадыбы».

Хоккей боюнча улуттук курама команданын менежери, Хоккей федерациясынын өкүлү Элзар Болотбеков курама командага Кыргызстанда жана чет элдик клубдарда ойногон кыргыз жарандыгы бар мыкты оюнчулар тандалып жатканын айтты:

Элзар Болотбеков.
Элзар Болотбеков.

«Ошол нааразы болгондор «Эл аралык хоккей федерациясынан Кыргызстандын Хоккей федерациясына санкция болду» деген жазуусу бар кагазды мага алып келишсинчи. Экинчиси – легионер деген бул клубдарда гана ойной алат. Эгер кыргыз барып Орусияда ойносо легионер болот. А кыргыз жараны болуп жатса, ал кантип легионер болот? Болгону анын улуту эле орус. Бизде командада орус, корей, дунган улутундагылар бар. Алар да Кыргыз Республикасынын жарандары. Анда эмне, командага жалаң кыргыздарды алып, аларды Орусияга же Кореяга жөнөтөлүбү? Ал хоккейди жакшы ойносо эмне себептен мен «Кыргызстанда кыргыздар эле ойношу керек» деп аларды командага албашым керек? Бизге мамлекет «уткула» деген тапшырма койгон. Ошон үчүн мен эң мыкты оюнчуларды гана тандап алам».

Элзар Болотбоков учурда курама командага оюнчуларды тандоо иштери жүрүп жатканын жана анын курамы 25-февралда жарыяланарын билдирди.

2019-жылдын апрель айында Бириккен Араб Эмираттарында өткөн хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын 3-дивизионуна тандоо оюндарында Кыргызстандын оюнчусу Александр Титов «орус жарандыгы бар» деген негизде мелдештен четтетилип, курама команданын жеңиштери жокко чыгарылган. Кийинчерээк Кыргызстандын Хоккей федерациясы чыр-чатак элдешүү жолу менен чечилгенин, Эл аралык хоккей федерациясы Кыргызстанда IV дивизиондогу дүйнө чемпионатын өткөрүүгө уруксат бергенин билдирген.

Спорт журналисти Кабыл Макешов өлкөнүн Хоккей федерациясы дал ушул окуядан сабак алышы керек деген ойдо. Ал Хоккей федерациясы ачык-айкын иш алып барбай жаткандыктан ич ара пикир келишпестиктер жаралып жатканын билдирди:

Кабыл Макешов.
Кабыл Макешов.

«Эл аралык хоккей федерациясы мындай кылганы үчүн Кыргызстанды көп жылдарга мелдештерден четтетип коюшу мүмкүн эле. Бирок ал эң жеңил жаза колдонуп, төртүнчү дивизиондо ойноого уруксат берди. Төртүнчү дивизион - деңгээли эң төмөн дивизион да. Башка өлкөлөрдө деле чет жактан келген оюнчуларды кошкон учурлар болот. Бирок ал аз санда болуп жатпайбы. Эгер курама команданын дээрлик жарымын чет жерден келген оюнчулар түзсө, ал хоккейдин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет. Акыркы убакта Хоккей федерациясы кандай иш алып бара жатканын маалымат каражаттарына кеңири чагылдырбай келет. Кыргызстандын хоккей боюнча чемпионаты кандай деңгээлде өтүп жатат? Канча команда катышып жатат? Мелдештерде регламенттер сакталып жатабы? Командалардын деңгээли кандай, алардын катарында легионерлер барбы? Ушунун баары айдан ачык болбой жатат. Ошол себептен мындай таарынычтар, ортодо түшүнбөстүктөр болуп жатат».

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик учурда Бишкекте өтө турган IV дивизиондогу дүйнө чемпионатына даярдык жүрүп жатканын жана федерациянын ички иштерине кийлигише албай тургандыгын билдирди.

Нурпери Садырбекова.
Нурпери Садырбекова.

«Бишкекте өтө турган дүйнө чемпионатына курама команданын курамын машыктыруучулар кеңеши бекитип, ал федерациясынын сунушу менен Спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекцияга берилет. Машыктыруучулар кеңешинин ишине биз кийлигише албайбыз. Себеби машыктыруучулар оюнчулар менен түздөн-түз иштешет. Негизи эреже боюнча машыктыруучулар кеңеши тарабынан бекитилип берилген курама команда гана Кыргызстандын атынан эл аралык мелдештерге катышат. Учурда бул мелдешти өткөрүүгө кызуу даярдык жүрүп жатат», – деди Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Нурпери Садырбекова.

Хоккей боюнча IV дивизиондогу дүйнө чемпионаты 3-5-март күндөрү Бишкектеги шаардык муз аянтында өтөт. Мелдеште Кыргызстандын, Малайзиянын, Кувейттин жана Филиппиндин курама командалары күч сынашат. Командалар ич ара ойноп чыккандан кийин топтолгон упайлардын жыйынтыгы менен биринчи орун алган команда дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунда ойноого мүмкүнчүлүк алат.

Кыргызстандын Хоккей федерациясы 2011-жылы Эл аралык хоккей федерациясына мүчө болуп кирген. Ушул эле жылы Астана жана Алматы шаарларында өткөн VII кышкы Азия оюндарында кыргыз хоккейчилери премьер-дивизиондун чемпиону болгон. Бул азырынча кыргыз хоккейчилеринин эң мыкты жетишкендиги болуп саналат.

2016-жылы Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы Бишкекте өткөн «Азия чакырыгы» кубогун жеңген. 2017-жылы Жапониянын Саппоро шаарында өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарында Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы экинчи дивизиондо экинчи орунду ээлеген. Ушул эле жылы Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы (U-20) Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында өткөн Азия чакырыгынын кубогунда 2-орунду ээлеген. 2019-жылы Кыргызстандын улуттук курама командасы 2022-жылы Бээжинде өтө турган кышкы Олимпиада оюндарынын тандоо мелдештерине катышып, тайпада акыркы орунду ээледи.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Мектеп менен соттошкон 81 жаштагы мугалим

Казикан Тайшинов окуучуларга сабак өтүүдө. 20-февраль, 2020-жыл.

Көк-Жаңгак шаарындагы №6 Михаил Ломоносов атындагы мектептин мугалими, 81 жаштагы Казикан Тайшинов билим берүү бөлүмү менен соттошуп, азырынча мектепти таштап кеткиси жок. 2-топтогу майып ардагерге жакында эле медициналык комиссия «иштөөгө болот» деген бүтүм чыгарып берген.

Мектеп жетекчилиги адам өз каалоосу менен кетмейинче эч кимди иштен ала албай турганын билдирүүдө. Учурда шаарда иштеген мугалимдердин 30% ашыгы пенсия курагындагылар.

81 жаштагы Казикан Тайшинов Көк-Жаңгак шаарындагы жашы улуу мугалимдердин бири. Учурда ал эки мектепте «Аскерге чейинки даярдык» сабагынан окуучуларга билим берип келет. Аптанын эки күнү ардагердин иши мектепте өтөт.

Казикан Тайшинов Көк-Жаңгактагы №6 М.Ломоносов атындагы мектепте.
Казикан Тайшинов Көк-Жаңгактагы №6 М.Ломоносов атындагы мектепте.

Тайшинов №6 Михаил Ломоносов атындагы мектепте 4 сааттык окуу программасы менен иштеп, 1335 сом маяна алат. Ардагер педагог 2011-жылдан бери эмгек маянасы туура эмес эсептелип жатканын айтып, билим берүү бөлүмү менен соттошуп келе жатат. Анын себебин мугалим мындайча түшүндүрдү:

«Мектепте мен «аскерге чейинки даярдоонун» жетекчиси кызматында иштейм. Бул кызмат 1970-жылдан бери мектептердин программасына киргизилген. Бирок айрым кызматкерлердин кийлигишүүсүнүн натыйжасында 2011-жылдан бери штатта каралган каражаттар берилбей жатат. Өкмөттүн №270 токтомунун 14-тиркемесинде мектептердеги аскер жетекчисинин эмгек маянасы 5 миң сом деп көрсөтүлгөн. Мындан сырткары Конституциянын 42-беренесинин 3-бөлүмүндө «Ар ким эркин эмгектенүүгө, эмгекке жөндөмдүүлүгүн пайдаланууга, ошондой эле мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунан төмөн болбогон эмгек акы алууга укуктуу» деп жазылган. Мен мыйзам чегинде 5 миң сом маяна жана педагогикалык иш тажрыйбама 30% кошумча катары дагы акы алышым керек. Бирок андай болбой жатат. Билим берүү бөлүмү маяна менен ставканын айырмасын билбей жатат».

Педагог бул туурасында арызданып 2011-жылы сотко кайрылган. Сузак райондук соту 2014-жылы жана 2019-жылы Казикан Тайшиновдун арызын жарым-жартылай канааттандырып, 2011-2015-жылдардагы берилбей калган 509 миң сом маянасын төлөп берүүгө Көк-Жаңгак шаардык билим берүү бөлүмүн милдеттендирген. Бирок кийинки инстанциядагы соттор алардын баарын жокко чыгарган. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Саткынташ Сейдакматова мугалим соттун чечимдерине да макул болбой жатканын айтты:

Саткынташ Сейдакматова.
Саткынташ Сейдакматова.

«Өкмөттүн 2011-жылдын 31-майындагы №270 токтому менен бекитилген «Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөө тартиби жөнүндө» нускамага ылайык, ошол жылдан тартып мугалимдердин маянасы штаттык бирдик катары эмес, өтүлгөн сабагына жараша төлөнүп келет. Штаттык бирдик кесиптик лицейлерге таандык, ал жалпы билим берүүгө жайылтылбайт. Ошондуктан аскерге чейинки даярдык сабагын окуткан мугалимдерге өтүлгөн саатына гана маяна төлөө белгиленген. Бирок агай аны менен макул болбой келе жатат. 2011-жылы сотко берген иш былтыр гана акырына чыкты. Анткени Жогорку сот мамлекеттин кызыкчылыгын коргоп, агайдын өтүнүчүн четке какты».

60 жыл мугалимдик тажрыйбасы бар ардагер 1993-жылы Көк-Жаңгак шаарына көчүп келген убактан тартып мектепте иштейт. Кесиби боюнча биология мугалими. 2018-жылы мектеп жетекчилиги педагогго жаш курагына байланыштуу сабак өтүүгө уруксат берген эмес. Бирок Тайшинов сотко кайрылып, кайрадан мугалимдик ишин улантып келет. Саткынташ Сейдакматова ардагерге карата эч кандай чара көрө албай жатканын билдирди:

«Эки жыл мурда дарыгерлер Казикан Тайшиновдун оорулуу экенин аныктап, жанында бирөө карап жүрүшү керек экенин билдиришкен. Анын өмүрүнөн кооптонгон мектеп директорлору ага сабак берүүдөн баш тартышкан. Ага ызаланган агай сотко кайрылып, акыры аргасыздан мектепке алууга мажбур болдук. Учурда агайдын кулагы жакшы укпайт, көзүнүн көрүшү да начарлаган. Окуучулардын айткандарын оңдоп, аларга туура багыт бериши керек, бирок андай эмес. Акырын басат, кыймыл-аракеттери да жай. Аны айтсаң эле бизди жаман көрүп, үстүбүздөн ар кайсы жакка жазып турат. Аргасыз агайдын айткандарына макул болуп, эми эч жакка арызданбайт болуш керек деп мектепте иштетип жатабыз».

Ардагер эмгектенген мектепте 400гө жакын окуучуга 20 мугалим билим берет. Алардын сегизи пенсия курагындалар, мында педагогдорго муктаждык бар. Көз айнек тагып, таяк менен мектепке каттаган мугалим азырынча балдарды таштап кеткиси жок.

Казикан Тайшинов.
Казикан Тайшинов.

«Бутум бир аз ооруганы болбосо, ден соолугум чың, бакубат жүрөм, - деди ал. - Окуучуларга физикалык даярдык боюнча сабак бере албасам, калганын үйрөтүүгө кудуретим жетет. Качан гана маянама байланыштуу акыйкат болот - ошондо гана жумушумду тапшырышым мүмкүн. Балдарга толук билим бере албаганыма мен күнөөлүү эмесмин. Балдарга сабак өтүүдө 1984-жылы чыгарылган, союздан архивде калган, тытылган китепти колдонуп жатабыз. Билим берүү министрлиги жыл сайын «жаңы китеп чыгарып жатабыз» дегени менен «Аскерге чейинки даярдык» сабагынан китеп жок. Мен өзүмдүн архивимде чогултулган материалдардан алып, балдарга жаздырып жатам».

Шаардагы №6 Михаил Ломоносов атындагы мектептин директору Эрнис Юлдашев жакында эле медициналык кароодон өткөн аксакалды адистер «иштөөгө жарактуу» деп тыянак чыгарып бергенин айтты:

«Жыл сайын мугалимдер окуу жылынын башталышында медициналык комиссиянын кароосунан өтүп турушат. Былтыр ошол комиссия Казикан Тайшиновго мектепте иштөөгө уруксат берген. Агайдын ден соолугу тууралуу биз эч нерсе айта албайбыз. Эмгек кодексинде да жаш курагына байланыштуу жумуштан алуу жөнүндө талап жок. Ал норма жетекчилик кызматта иштегендерге гана 65 жашка чейин деп белгиленген. Ошондуктан өз каалоосу менен кетмейинче аны биз жумуштан четтете албайбыз».

Көк-Жаңгак шаарындагы беш мектепте 120 мугалим балдарга сабак берет. Алардын ичинен 40 киши учурда пенсия курагындагылар. Шаарда орус тилдүү мектептерде педагогдорго болгон тартыштык бар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Абышканын акыркы тилеги

Иллюстрациялык сүрөт.

Өмүр жашоо өр тартып, пенде баласынын тирүүлүк сапары аягына чыгып баратканда ойлогону эмне?

Жумабек Медералиевдин «Тилек» аңгемесинде жашоо маңызы, өлүмдү күткөн карынын тилеги жайында кеп болот.

Капчыгай ичиндеги жалгыз айыл

Кадимки эле тоо арасындагы айыл, күрү-күү шаардан алыс, чыгынып жолго чыккан адам таш жол менен кыйла жүрүп кыйналып-кысталып жетчү жер. Капчыгай оозунда тосот коюлган, айылга бейчеки бирди-жарымды өткөрүшпөйт. Антип сырттан кайтарууга алынганы кыштактагыларга деле жакшы. Бардык айылды антип аяк-башын тосуп, кирген-чыккан кишини текшерип отурушуптурбу! Анан да атына заты куп жарашкан жер - Таштак деп коюшкан. Таштактыктар биртике малы, анан дыйканчылык менен күн көрүшөт. Кыштактын калкы аз, жери мал бакканга, эгин эккенге ыңгайлуу. А бирок бул жерде карылар менен балдар көп, жаштардын баары шаарга кетип калган. Ошондонбу, айыл жымжырт, тыптынч, ар кимиси өз тирилиги менен алек, бири-бирине катнашы аз.

Таштактын четиндеги обочороок бир үйдө чыканактай бала, сары чийкил чал - чоң атасы небереси экөө турушат. Кемпири ноокастап ооруканага түшкөнү алардын жашоо-турмушу кыйындай баштады. Кантишмек, үйдө ак жоолук болбосо ушинтип күлала болуп кыйналып, казан менен чайнектин кара көөсүнө буланып эркек киши тез эле жүдөй түшөт экен. Башынан өткөрүштү го. Эки апта ичинде Үсөн чал менен небереси нан жаап, тамак бышырып, чай кайнатып, тынымы жок түйшүккө кептелишти. Аксакалдын кабагы чытылып, эч кимди кыртышы сүйбөй калды. Баарынан да аны аябай чочуткан түшү болду.

Көзү илинип кеткен экен, кадимки Алабашын минип баратыптыр. Кайдан-жайдан келе калган куюн калпагын учуруп, аны кармайм деп туңгуюкка кулап баратканда ойгонуп кетти. Үсөн чалдын жүрөгү түрсүлдөп, кадимкидей коркту. Калпагын жоготуп, камчысын түшүрүшү жакшы эмес. Ошондон кийин анын басса-турса кайталап айтчу тилеги кемпиринен мурун «мени алсын» болуп калды.

Ичер суусу качан түгөнөрүн пенде баласынын билиши кыйын. Кемпири тетири карап кетсе эмне кылат? Ансыз да эки жумадан бери небереси экөөнүн турмушу тирүүлөй азапка айланды.

«Үндөшпөй отуруп каткан көмөч нан менен чай ичип өзөк жалгашкан соң ооз учунан алда нелерди күбүрөй бата кылып, тизесине очорула туруп баратып, небересине кобурады:

- Эми дагы ойнойм деп жоголуп кетпей койлоруңду кара. Уйга да көз сал, сайгактап жоголбосун. Анан нан жабалы балам, наныбыз түгөнүп калган тура…

- ?!

- И-йе, атаңгөрү, бу жалганда эмнемден гана жаздым экен, карыганда сага кор кылып… Эмне унчукпайсың? Дагы айткан сөздүн баары кулагыңдын сыртынан кетип атабы?..

- И-ки, сага. Сыртынан кетпей эле, уктум… Азыр карайм…

- Ошент балам, ошенте гой садагаң. Сен эми чоң жигит болбодуңбу. Мени багасың да… Жараткан эгем пендем десе карыганда эркек кишини жесил кылбасын. О-ок, эмине деп калжырап отурам… кемпиримдин көзү тирүү турганда суук кепти оозанып… - Же небересине акыл кошкону, не өзү менен кеңешкени түшүнүксүз сүйлөнгөн Үсөн абышка эшикти карай чыга жөнөдү».

Небересине чоң атасынын кез-кез наалып калмайы көндүм, ага маани деле бербейт. А бирок күн алыс уга берчү сөздөн чочулап дасторкон четиндеги чыныларды жууп, очокто турган көөлүү кара чайнекти көтөрүп келип чай демдеп, жеңил бала эмеспи, отуруш-турушу оорлошуп калган атасынын бир топ жумушун бүткөрүп коёт. Бир жаман жери - эшикте ойноп жүргөн досторун көргөнү жылт коюп жоголмою бар. Курсагы ачып, өзөгү карайганда же балдардын баары кетип жалгыз калганда гана үйгө келбесе башка убакта оюн менен. Кээде чоң атасы артынан издеп барып ээрчитип келет. Кыйналып-кысталып жасаган тамагын ичирип, небересине бир топ ишти дайындайт. Бала аны укканы менен оюн кумарына алаксып, ыгын тапса эле көрүнбөй жылт коёт. Башка учурда эшик алдындагы биртике мал менен там аркасындагы эгинди сугаруу небересинин мойнунда.

Чалдын шаардагы жалгыз кызы кез-кез атасынан кабар алганы келет, ооруканадагы апасына барат. Кыз баланын турмушу башка экен. Чал ага үмүт деле кылбайт. Анын оюн бир гана сөз ээлеп алды. «О-оо куда-а, пендем десең карыганда байбичемдин жамандыгын көрсөтүп, балдарга түрткүнчүк кыла көрбө?!. Алдына ал, мени…»

Бир аз туруп кайра эле келмедей болуп калган ушул сөздү дагы кайталайт: «Оо, жараткан, кемпиримдин жамандыгын көрсөтпөй, алдына кетир мени…»

Сыр ачуу

Чал ошентип күбүрөп жүрчүдө кемпирин «киши болбойт» деп ооруканадан чыгарып коюшту. Ушундай да болобу: Абышкасы кемпири айыгып, мурдагыдай үйдүн түйшүгүн өзүнө алат, экөөбүз кызыл чайды ууртап, өткөн-кеткенди сүйлөшүп, кобурашып отурабыз деген. Жаман кабарды уккандан кийин чал кадимкидей өзгөрдү.

«Мурдагы алпейим, айкөлдүк адатынын, токпейил тарткан коймаарек мүнөзүнүн бири жок. Аны кудум бирөө алмаштырып койгондой. Чың тийбес, чарт-чурт. Ороң-бараң. Жатар алдында демейдегидей небересин тизесине отургузуп алып: «Айланайын, Уланым, жалгыздан калган улагым. Туягым», - деп быкыйынан жыттай, карс-карс каткырып эркелеткенин да койду. Ат болуп жонуна мингизип алып, кой-айга карабай үй ичин үч көтөрмөйүн да унутту. Көнгөн адатынча ээсине эркелеген күчүктөй шыйпаңдай калган небересин: «Ий-э, чоң жаман, эмдигиче чоңойгонуңду билбейсиң. Акылы жок эле бала болуп калдың» – деп, ныкып коймою арбыды. Анан төрдө төшөктө жаткан кемпиринин башына келип, ар нерсени кобураган болот. Аны алаксытат, жооткотот. Ага да, өзунө да кара күчкө кайрат берет:

- И-ээ байбиче… бу башка – экөөбүздүкүнө нелер келип, нелер гана кетпеди. Ушул жашка келгени экөөбүз жарым кылымдан ашуун чогуу түтүн булатыппыз… Бу түбүң түшкүр жашоонун жаманын да, жакшысын да бирге көрүп, ачуу-таттуусун бирге таттык… Денибиз башка болгон менен жаныбыз бир болуп калды… Эми… куда-а кааласа сакайып да кетерсиң…»

Кемпири анын сөзүн укпагандай, кара жаны менен алек. Ооруканадан келгени үн чыгарып сүйлөй элек, дармансыз, үлүрөйүп төшөктө жатат. Былк этпей калганда абышкасы жанына келип үмүттүү карап, анан кемпири акырын дем алып жатканын укканда жуурканын кымтыган болуп жанына отура кетет. Ошондо көптөн бери сактап келген сыр сөзүн айтат:

« – Сен ооруганча, мен оорусам эмине?.. Мага алда канча жеңил болбойт беле, атаңгөрүнүкү…

- К-хе… кх-хх-е… койсоңчу болбогон кепти… ых-хх-ы… ың-ки… Уландын атасы… ух-хх-ү… күнөөгө батпай…

- Чын сырым ушу, байбиче. Сен сүйлөйм деп кыйналба. Мени эле угуп тур. Мына айттым го, эми куда-а кааласа сакайып да каларсың. Ошондо айт, айтчу кебиңди. Азыр тек гана мени тыңда… - Үсөн абышка андан ары эмне дээрин билбей, дымый калат.

Экөөнүн арасын бир азга ыңгайсыз тымтырстык басат.

- Мен куруйун, байбиче. Кээде чалпоолук кылып, көңүлүңдү калтырып, тилим тийип, а турмак какыс-кукус кылам менен кол көтөргөн учурларым да болбодубу. А сен болсо байкушум, ошондо да жабылуу кара иңгендей калбаат калыбыңдан жазбадың го. Каш кагып, өйдө карап серпилгениң жок. Андайыңды көрбөдүм, кудай акы. Өлсөм сөөгүм ыраазы өзүңө… Мени болсо… кечирип кой. Жалган дүйнө деген ушул тура, атаңгөрүнүкү. Ойлогонуңдай болбойт экен, баары дайым эле… Эми сыркоодон айыгып кетсең, алаканыма салып бөпөлөп бакпасам элеби. Атаңгөрү… сенин азабыңды мына ушул өзүң ноокастап калган бир ай ичинде катуу тарттым. – Үсөн абышка чын ыкласын билдире, байбичесинин көкүрөгүн кымыра, күмүш саамайын сылай кебин жалгайт:

- Сенин жогуң жаман экен. Баркыңды ушул жолу анык туйдум… Бо-оу, доктурларың деле көп нерсени анык билип, айыктырыш колдорунан келе бербейт окшойт. Кудаанын көзү түз болсо айыгасың байбиче, оңолуп кетесиң. Күйүккөнүң басаңчалап, жөтөлүң да азайып калбадыбы…»

Чал-кемпир ушул саатта бирин-бири чын дилден урматтап, ортодогу ымала күчөп, ар кими өз ою менен тынчып калышат. Акыркы сааттарын күтүп аткан кемпири бир кезде «токол алам» деп оолугуп аткан чалынын минтип көңүлүн көтөрүп, дем берип атканына бир эсе ыраазы болсо, өткөн кездин айрым учурлары эсине түшкөндө таарынганы же ачуусу келгени билинбей унчукпай шыпты тиктеп жатып калат. «Токол алам» дегени чын. Аны Айсалкын байбичеси унутпаптыр. Үсөн абышка дагы кемпиринен кечирим сурап сабылып, бир кездеги оосарлыгы үчүн ушу кыйын кезеңде айыптуу болуп турду. «Тимеле бир айтылган кеп да, оосарлык да» деп, кыйладан бери сары майдай сактап келаткан тилегин кайталап ийди. «Кудайым, пендем десе өзүңдүн аркаңда калтырып жетимсиретпесе… жараткандан сураган эмки жалгыз тилегим ушу!..»

Тилек орундалды

Ал арада убакыт билинбей өтө берди. Өмүр суусу түгөнүп бараткан байбичесинин алдында өзүн күнөөлүү сезген абышкасынын жалгыз тилеги улам кайталанып, кемпир болсо алдан тайып, бу жашоонун жыргалынан үмүтү үзүлүп оор сааттар ташбакадай жылып аткан. Адамдар ушундай жылуу мамилени алдуу-күчтүү кезинде эмнеге бири-бирине айтышпайт? Кемпиринин абалын көрүп чалдын да шайы ооп, күндөн-күнгө азып, жашоо-турмуштан көңүлү калып, дем алуусу оорлошуп, көз көрүнөө солуп баратты. Басса-турса кемпиринин алдында кетүүнү тилек кылган абышканын ою орундалып, түрткүнчүк болбой бу жалганды таштап кетет окшойт.

Таң куланөөк салганда кемпиринин аягын жазданган чүкөдөй абышка жарыкты күтпөй үзүлүп кеткен болчу. Ал күнү чалдын жакындары чогулуп, жалгызынан калган небереси төркү үйдө өзүнчө жатып, шаардагы кызы апасын көргөнү келген. Күндөгүдөй нурун чачкан күндү чал көрбөгөнү менен жүзүндө ыраазылык турган, жараткан тилегин кабыл кылып кемпиринин алдында кетти. Топурап чогулган көпчүлүк аны акыркы сапарына узатышты. Төшөктө өлүү менен тирүүнүн ортосунда жаткан кемпири алдына түшүп узап кеткен чалына кошок кошо албады. А бирок да өмүрүнүн соңку күндөрү агынан төгүлүп айткан сөздөрү эсинде. Оюндан башканы ойлобогон небереси эми эжеси менен бирге болот.

Жазуучу адам өмүрүнүн ушунчалык кыскалыгын, татаалдыгын айылдык карапайым карынын мисалында ишенимдүү тартып берген. Эмнеге адамдар жаш чагында, өлүм дегенди жакшылап аңдай элек кезинде бир-бирине күйүмдүү болушпайт, сыйлашпайт?!

Ким билет, айыл четиндеги жалгыз үйдө жашаган кары байбичеси айыкпас дартка чалдыкпаганда баркын билбей калышы да мүмкүн болчу. Байбичеси жок жашоонун кандай оор экенине көзү жеткенден кийин Үсөн абышка басса-турса өлүмдү ойлоп ага өзүн даярдап келди. Акыры тилегине да жетти. Кыска аралыкта ал өмүр бою тушүнө албай келаткан бир акыйкатты чындап андады. Көрсө карылык белден басып, жашоо-күнүң түгөнүп баратканда сени менен өмүр арабасын арыдым-талыдым дебей кошо тартышып келаткан жарың гана түшүнүп, ошол гана сага бекем таяныч, сени түшүнгөн жакын адамың болот экен. Ансыз жашоонун маани-маңызы бөксө болуп калат тура.

«Тилек» аңгемесинин сюжетинен сыгылып чыккан негизги көркөм ой ушундай.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

ГЭСтерге геосаясий кызыкчылык ойгонду

Кыргызстандык энергетиктер.

Кыргызстандагы ири энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга Орусия менен Иран кызыгып жатканы белгилүү болду.

2008-жылы «Камбар-Ата-1» ГЭСин курууну өзүнө алып, бирок долбоорду ишке ашырууну кечеңдеткени үчүн кыргыз тарап макулдашууну жокко чыгарган орусиялык «Интер РАО» компаниясы ишти кайрадан калыбына келтирүүнү каалап жатканын билдирген.

Ал эми дагы бир орусиялык компания «РусГидро» баштап, бирок аягына чыкпай калган Жогорку Нарын ГЭСтер каскадына Ирандын компаниясы кызыгып, анын техникалык-экономикалык негиздемесин сураганы белгилүү болду.

Айрым талдоочулар бул долбоорлор геосаясий кызыкчылыктарга көбүрөөк байланганын айтып, мындай шартта Кыргызстан аны өз алдынча курууга киришкени туура деп эсептешет. Бирок андай кадамга мүмкүнчүлүк жок экенин айткандар да бар.

Орусиянын «ойгонгон» кызыкчылыгы

Орусиялык «Интер РАО» компаниясынын өкүлү Дмитрий Волков «Каспий менен Борбор Азиядагы гидроэнергетика» деген эл аралык конгресстин жыйынында «Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу боюнча макулдашууну Орусия тарап дагы эле жокко чыгара элек экенин айткан. Ал бул тармакка инвестиция салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жандандырууга Москванын кызыкчылыгы бар экенин билдирген.

Орусия 2008-жылы бул долбоорду ишке ашырууга 2 млрд. долларга чейин инвестиция салганы жатканын билдирип, Кыргызстан менен макулдашууга кол койгон болчу.

Бирок 2009-жылы ошол кездеги Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Ташкентте болгон расмий сапарында бул долбоорду ишке ашырууда Өзбекстандын кызыкчылыгы эске алынарын айтып, кийин ГЭС курулбай калган.

2016-жылы кыргыз өкмөтү Орусия берген убадасын аткарбай, долбоорду ишке ашырууну кечеңдеткени үчүн келишимди жокко чыгарган. Эл аралык мамилелер боюнча айрым адистер Кыргызстандын бул долбоорун Орусия Өзбекстанга басым көрсөтүү каражаты катары гана колдонорун айтып, аны чынында ишке ашырууга кызыкчылыгы жок деген жыйынтыкка келишкен.

«Улуттук энергохолдингдин» жетекчиси Айтмамат Назаров орусиялык «Интер РАО» компаниясы сүйлөшүүлөрдү кайра жандандырууну сунуш кылганын ырастады:

«Азыркы күнгө карата «Интер РАО» компаниясы менен аласа-бересебиз жок. Бирок алар дагы эле кызыкчылыгы бар экенин билгизип жүрүшөт. Былтыр мен Москвага барып, Орусиянын Энергетика министрлигинде болгонумда ГЭСти курууга кызыкчылыгы бар экенин айтышкан. Кечээ жакында болгон жыйында да алар бул долбоорго инвестиция салууга кызыгарын улам кайталап жатышты. Биз ал жак менен дагы эле сүйлөшкөнгө даярбыз. Бирок Орусия тарап сунуш кылган баа менен ГЭСтен өндүрүлө турган электр энергиясын сатып ала албайбыз. Алар «өндүрүлгөн 1 кВт электр энергиясын 8 сомдон кем эмес баада сатып аласыңар» деген пикирин айтып жатышат. Биз буга макул эмеспиз».

Мындан сырткары жакында эле Ирандын «Water & Power Resources Development Co» компаниясы Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга кызыгарын билдирген. Бирок азырынча салына турган инвестициянын көлөмү жана долбоорду аткаруунун шарттары боюнча Иран тараптын пландары белгисиз.

Буга чейин Орусиянын «РусГидро» компаниясы аталган долбоорду ишке ашыруу милдетин өзүнө алып, ага 270 млн. доллар каражат салууга макулдашкан. Бирок компания ишти баштап барып, аягына чыкпай калгандыктан кыргыз тарап келишимди жокко чыгарган. «РусГидро» курулуштун башында эле 37 млн. доллар чыгым жумшалганын айтып, аны төлөп берүүнү талап кылган. Кийин ал жаңы инвестордун эсебинен чыгымды өндүрүүгө макул болгон.

Кыргызстан ГЭСтерин өзү курса болбойбу?

Энергетика боюнча эксперт Сапар Аргымбаев ири энергетикалык долбоорлорго карата чоң мамлекеттердин кызыкчылыгы геосаясатка байланган деп эсептейт. Ошондуктан ал мындай долбоорлорду Кыргызстан банктардан насыя алып болсо да, өзү ишке ашырууга аракет кылышы керек деген оюн ортого салды:

Орусия "темир жолду курдурбайбыз, өзүбүз курабыз" дегендей биздеги бардык стратегиялык маанидеги долбоорлорду ишке ашырууну кармап, атайын эле убакытты созуп жатат окшойт.
Сапар Аргымбаев.

«Иран тараптын биздин энергетика тармагыбызга инвестиция салуу боюнча ниети ушул жол менен эл аралык санкциялардан буйтап өтө алабызбы деген алардын планына байланышкан кандайдыр бир чоң геосаясий оюн да болушу мүмкүн. Ал эми Орусия «темир жолду салдырбайбыз, өзүбүз салабыз» дегендей биздеги бардык стратегиялык маанидеги долбоорлорду ишке ашырууну кармап, атайын эле убакытты созуп жатат окшойт. Жогорку Нарын каскадына Орусия тарап «37 млн. доллар чыгымдап салганбыз, төлөгүлө» деп доомат коюп, анан кыргыз тарап чын эле ошондой чыгымдар болгонун аныкташ үчүн «эл аралык экспертизага берели» десе баш тартып коюшпадыбы. Эң эле жакшы вариант - биздин мамлекет ири долбоорлорду өз күчү менен курууга багыт алса жакшы болмок. Себеби, «ГЭС куруп беребиз» деген чет элдик компаниялар ири банктардан насыя алып, анан ал карыз төлөнгөн соң кирешеге үлүшкө отуруу шарты менен долбоорго кирүүнү сунуш кылып жатышат. Андан көрө биздин мамлекет насыяны өзү эле алып, өзүнүн күчү менен эле ГЭСтерди куруп, бүтүрүп алса аябай чоң иш болмок. Ага ээлик кылуу, башкаруу укугу да өзүбүздө калат эле».

Ирандан түшкөн ири сунуш

Иран толугу менен, Орусия болсо жарым-жартылай эл аралык экономикалык санкцияларга дуушар болгону белгилүү. Ошондуктан адистер аталган эки мамлекеттин энергетикалык компаниялары Кыргызстанда ГЭС сала баштаса, анда аларга карата эл аралык санкциялар кандайча таасир этиши мүмкүн деген суроону коюшту.

Айтмамат Назаров Иран тарап менен сүйлөшүүлөрдө бул маселе эске алынганын айтып, кызматташуу тууралуу сөз азырынча быша элек экенин эске салды:

«Азыркы убакта Ирандын компаниясы бизге кайра-кайра келип эле, Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскадынын техника-экономикалык негиздемесин сурап жатат. «Ошону көрүп чыгып, анан оюбузду айтабыз» деп жатышат. Биз аларга анын көчүрмөсүн да бере албай турганыбызды, алар бул жактан гана таанышып чыкса болорун айтып, жооп бердик. Биз ал компания менен иштешкенге даярбыз. Бирок ал жактан конкреттүү сунуш түшө элек. Анан санкцияларды да эске алышыбыз абзел. «РусГидро» койгон 37 миллион долларды Иран төлөөгө милдеттенме алса эле бул долбоордун маселеси чечилбейт. Биздин мамлекеттин кызыкчылыгы эске алынган шарттагы макулдашууга жетишкен учурда гана биз бул долбоорду ишке ашырышыбыз мүмкүн. Андай болбосо, анда бул бекер сөз».

Чектелген мүмкүнчүлүк, ченемсиз саясат

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстандын энергетикалык жана темир жол долбоорлорунда ири державалардын геосаясий кызыкчылыгы бар экенин айтып, аны өлкөнүн улуттук кызыкчылыгына карата пайдалануу маселесин козгоду.

Алмамбет Шыкмаматов чет элдик инвестицияны тартып, аны туура пайдалануу саясаты жок болуп жатканын белгиледи:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

«Энергетикалык ресурстарды, эл аралык жол каттамдарын көзөмөлдөөгө келгенде, албетте, ири державалардын кызыкчылыгы болот. Бул табигый көрүнүш. Маселе бул жерде бизге окшогон өлкөлөр ошону өзүнүн улуттук кызыкчылыгына карата буруп алып, инвестицияларды натыйжалуу пайдаланып кеткенинде. Биздин өкмөт менен Орусиянын өкмөтүнүн ортосундагы энергетикалык келишимдер чарбалык талаштардын айынан эле үзгүлтүккө учураган. Бул жерде чоң геосаясий оюндар болуп кетип, анан кесепетинен ошондой болду дегенге кошулбайм. Биз инвестицияны туура пайдаланганды үйрөнүшүбүз керек. Анан биз Кытайдан, Орусиядан же дагы башка жактардан инвестиция келсе эле, алардын баарына каршы чыгып отура бергенибиз да туура эмес. Биз мындай ири долбоорлорду ишке ашырууну Орусия, Иран, Жапония, Европа өлкөлөрү сыяктуу ири мамлекеттердин компанияларына беришибиз зарыл. Чынын айтканда, миң айткан менен мындай иштер өзүбүздүн колубуздан келбейт».

Кыргызстан энергетикалык ресурстарга бай өлкө катары таанылган. Советтик илимпоздор Кыргызстандагы Нарын дарыясы баш болгон ири суу бассейндеринин алабына 60тан ашуун ГЭСтерди куруу мүмкүнчүлүгү бар экенин изилдеп чыгышканы белгилүү.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Апта: Ат-Башыдагы тиреш, Казакстандагы кармоо

Казак күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери митингге чыккан жаранды кармап баратат, 22-февраль, 2020-жыл.

Узап бараткан жуманын урунттуу окуяларына сереп. (17-23-февраль, 2020-жыл)

20-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда саясий партиялардын парламентке өтүү чегин төмөндөтүүгө макул экенин ишарат кылды. Мамлекет башчы 9% чекке саясий күчтөр даяр эмес экенин белгиледи.

"7% - биз басып өткөн, сыноодон өткөн жол” – деген мамлекет башчы алдыдагы чоң саясий жарыш тууралуу пикирин билдирди. “5% жана 3% деп айткандар «жаштарга мүмкүнчүлүк берели» деп элдин кулагына жага турган жүйөлөрдү айтууда. Бирок чынында жаштарды бетке кармап алып, бул жерде деле өз камылгасын көргөн жагдайлар болуп жатат десек жаңылышпайбыз», - деди Жээнбеков.

Муну менен саясий айдыңда акыркы кезде эң көп талкууланган маселенин башы ачылгандай болду. Ошол эле маалда парламенттик жарышка аттанууга камынып турган саясий күчтөр шайлоо босогосун төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоорун кароо кечеңдеп жатканына кабатыр.

2017-жылы шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдүн айрым ченемдери быйыл 1-январдан тартып күчүнө кирген. Анда шайлоо босогосун 9% көтөрүү жана партиялык тизмеде мандаттарды бөлүштүрүүдөгү гендердик тең салмактуулукту сактоо тууралуу ченемдер каралган.

Шайлоо: 9% чектин тополоңу
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:59 0:00

Жоон топ саясатчылар, укук коргоочулар шайлоо босогосун төмөндөтүүнү, антпесе кийинки парламенттик шайлоодо бир топ тобокелдик турганын эскертишүүдө. “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жаңы норма өзгөрбөсө кандай коркунучтар бар экенин санап өттү.

«9% чектен бирөө да өтпөй калса эмне болот? 9% бирөө өтүп, калганы өтпөй калса эмне болот? 2-3 партия өтүп, калган шайлоочулардын добушун алган партиялар өтпөй калса, нааразылыкты ким тыя алат?» - деди "Ата Мекендин” лидери “Азаттыктын” журналисттерине.

Текебаев: Жээнбеков шайлоону таза өткөрсө тарыхта калат
please wait

No media source currently available

0:00 0:45:57 0:00

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров 2015-жылы 7% шайлоо босогосун киргизгенде “өлкө калкынын 61% добушу эске алынбай калганын” баса белгилейт. “Парламентке келген азыркы алты партия үчүн шайлоочулардын болгону 39-38% гана добуш берген” – деген Мадумаров 9% чекте шайлоочулардын мындан да көбүнүн тандоосу эске алынбай калат деген ойдо.

Быйыл октябрга белгиленген парламенттик шайлоого камынып жаткан саясий күчтөр босогону ылдыйлатуу демилгесин четке каккандарды «саясий талааны тазалоого» багытталган айла-амал деп сыпатташкан.

Жарандык активист Каныбек Мырзаканов 9% чекти киргизип, күрөөнү көбөйтүүнүн максаты бийлик партиясынын жана анын жандоочторунун гана кызыкчылыгын көздөгөн деп эсептейт:

"КСДП түбөлүк бийликтен кетпеши керек" деген ниетте 2017-жылы мына ошондой өзгөртүүлөрдү киргизишкен. Анан дагы ал бийлик партиясынын жандоочтору катары олигарх-бизнесмендерден турган "Кыргызстан" жана "Республика - Ата Журт" партияларын гана парламентте кармап калуу үчүн шайлоо босогосу менен күрөөнү көтөрүп салышкан” – деп сындаган Мырзаканов.

9% жактагандар жаңы чек партияларды ирилештирүүгө өбөлгө түзүп, башкаруучу коалициянын жана болочок өкмөттүн туруктуулугун камсыздай турган ченем деген жүйө келтиришкен.

2015-жылы шайлоочулардын 59% же 1 630 122 адам добуш берүүгө катышкан. Бул эсеп менен алып караганда, шайлоо босогосу үч пайыз болсо, анда партия 52 миң добуш алышы керек. Беш пайыз болсо 85 миң, жети пайыз болсо 120 миң жана 9 пайыз босого болсо 154 миңден кем эмес добуш топтошу зарыл.

Демилгечи топ былтыр жыл аягында "Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизип, андагы шайлоо босогосун 5% төмөндөтүүнү сунуш кылышкан.

Ат-Башы: Өкмөт менен фейктердин тиреши

17-февралда кыргыз-кытай чек арасындагы “Ат-Башы” өндүрүштүк-соода-экономикалык борборунун курулушу башталбай жатып токтоду. “Нарын” эркин экономикалык аймагынын жетекчиси Артур Байтереков 200 гектар жерди 49 жылга ижарага берүү келишими жокко чыгарылганын билдирди. Ал ошондой эле инвестор төлөгөн 43 миллион сомду кайра кайтарып берүү тууралуу өкмөткө кат жазганын кошумчалады.

Кыргыз өкмөтү долбоордун токтошуна сырттан таңууланган, жергиликтүү элдин кызыкчылыгына каршы келген ой-пикир себеп болду деп эсептейт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев логистикалык борбор “ушак менен фейк маалыматтын айынан курулбай” калганын айтты.

“Элге туура эмес түшүнүк жаратып, өзгөчө жаштардын оюн буруп, инвесторлорго каршы көрүнүш болду” деди өкмөт башчы 19-февралда бизнестин жана донор уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушкан учурда. Ага чейин премьер парламентте туруп «Ат-Башыда жергиликтүү эл каршы эмес, элди социалдык тармактардагы 20-30 киши эле дүрбөтүп жатат» деген.

Жыл башынан бери Ат-Башы аймагында жаңы курулушка каршы жыйындар жана нааразылык акциялары байма-бай өтүп келатат. Жергиликтүү эл ижарага берилген аймак жайыт экенин белгилеп, кийин Кытайга биротоло өтүп кетет деп чочулашат.

17-февралда жүздөгөн киши топтолуп, өкмөт "28-февралга чейин долбоорду токтотсун" деген талап коюшту.


Белгилүү болгондой, кытай инвесторлору бул курулушка 280 миллион доллар салып, 15 миңден ашуун кишини иш менен камсыздоону пландап жаткан. Логистикалык борборго керектүү кесиптерге үйрөтүү үчүн жергиликтүү улан-кыздардын тизмеси түзүлгөн. Бул жерге өз өндүрүшүн жайгаштырганга Орусиянын, Беларустун, Бириккен Араб Эмирлигинин, Түркиянын компаниялары менен сүйлөшүү жүргүзүлүп жаткан.

Былтыр 11-декабрда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэн курулуштун пайдубалына кол тийгизип, долбоор расмий башталган.

Кыргыз бийлиги эгерде соода-логистикалык борбору ишке берилсе, Нарын облусу жети-сегиз жыл ичинде дотациядан чыгат деген дымактуу пландарын жарыя кылышты.

Жергиликтүү тургундардын айрымдары жаңы долбоорду кубаттаса, башкалары логистикалык борбор экологияга зыян келтирет деп каршы болгон. Айрым активисттер бара-бара 49 жылга ижарага берилген жер “кытайларга сатылып кетет” деген кооптонушкан.

Жогорку Кеңештеги “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев долбоордун ишке ашпай калганын өкмөттүн чабалдыгынан көрөт. “Капсула салганда эмес, нааразы элдин алдына барып, адегенде өз жердештерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл эле" деген депутат өкмөт башчынын дарегине сын айтты.

"Соңку кезде Кытай мамлекетинен алган инвестиция менен долбоорлор коррупциялашкан, акчанын баарын жеп кеткен, сот процесстери болуп жатат" - деп бардык маалымат каражаттарынан айта берип, элдин кулагына сиңирип салдык”- деди Жээнчороев "Азаттыктын" талкуусуна катышканда.

Ат-Башы: Каарданган эл, качкан инвестор
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:36 0:00

Айрым экономисттер «Ат-Башы» терминалы Казакстандын Кытай менен чектешкен жериндеги «Хоргос» соода борборуна атаандаш хаб болорун айтышкан. “Хоргос” эки мамлекеттин ортосундагы келишимдин негизинде түзүлгөн. Борбор Азиядагы хабды акционердик коом башкарат. Казакстандын бул ири логистикалык түйүндү Чыгыш менен Батыштын ортосундагы глобалдык соода жана инвестиция коридоруна айлантуу дымагы бар.

Ат-Башы логистикалык борборун түзүү жөнүндө келишим 2019-жылдын жайында Кытайдын лидери Си Цзиньпин Кыргызстанга келгенде макулдашылган. Документке кыргыз тараптан «Нур Строй Монтаж» жана кытайлыктардан One Lead One (HK) Trading Limited компаниясы кол койгон. Келишимдин негизинде “Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы” түзүлгөн. Интернеттеги ачык маалыматка ылайык, Бишкектеги көп кабаттуу үй салган «Нур Строй Монтаж» компаниясынын ээси - Эмилбек Абдыкадыров. Ал эми кытай инвестору Лю Индин Кыргызстанда «Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагынан» башка дагы эки ишканасы бар.

Казакстан: Элдин нааразылыгы, бийликтин каары

22-февралда Казакстандын бир нече шаарларында бийликке каршы митингдер өттү. Буга катар коңшу өлкөдө коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Укук коргоочулар ар кайсы шаарда 300дөн ашуун киши кармалганын, анын ичинен Алматыда экөө жараат алганын билдиришти. Казак полициясы ишембиде канча киши кармалганын так айта элек.

Демократиялык партия түзүү демилгесин көтөргөн топтун мүчөсү, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Түлеген Жукеевге Алматынын административдик соту 53 миң теңге (140 доллар) айып салды. Ишемби күнү кечинде сот ага "Астана аянтындагы мыйзамсыз митингге катышкан" деген айып койгон. Жергиликтүү турган Анар Ибраимовго да ушундай айыпка жыгылды. Ага 11-февралда видео көзөмөл орнотууга каршы "мыйзамсыз митингге катышкан" деген айып коюлган.

Активисттер Курмангазы Касымбеков тогуз күнгө, Шарбат Каржаубаев жети күнгө камалды. Журналисттер сот имаратына киргизилген жок.

Нур-Султан жана Алматы шаарында бозгундагы саясатчы Мухтар Аблязов түзгөн “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылынын митингинде ондогон адамдар кармалды. Анын алдында саясий кыймыл бир нече шаарда нааразылык акциясына чыгууга үндөгөн.

Ишембиде "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчылары Алматы шаарында полиция чогулгандарды кармап жаткан жерге барышты. Кабарчылар окуяны чагылдырууда бир топ тоскоолдукка учурашты.

Чогулгандардын алдына чыккан Нурлон Болонбаев “Биз мал эмеспиз” деп ачууланды. “Бул канчага чейин чозулат? Жанболатка эркиндик! Назарбаев, кет!” – деп кыйкырды. Чогулгандар аны “Боштондук” деп кыйкырып сүрөп турушту.

Журналисттер Алматы шаарынын борбордук аймактарында мобилдик интернет үзгүлтүккө учурап жатканын маалымдашты. Нур-Султандагы “Жаштар” сарайы жайгашкан райондо дагы ушундай кырдаал түзүлгөн.

Алматыдагы Астана аянтында полиция кызматкерлери жана Ички иштер министрлигине караштуу атайын бөлүктүн кызматкерлери турду.

22-февралда эртең менен Демократиялык партия түзүү демилгесин көтөргөн топтун да ондон ашуун мүчөсү кармалган. Алар саясий активист Жанболат Мамайды бошотууну талап кылууга чыгышкан.

“Жас Алаш” гезитинин башкы редактору, Мамайдын жубайы Инга Иманбай чогулгандарга кошулду. “Көчөгө Назарбаевдин атын берүүнү, баш калааны Нур-Султан деп өзгөртүүнү бизден сураштыбы? Мурда Түндүк Корея менен Түркмөнстанды шакаба кылчу элек. Назарбаевдин бийлиги кетет. Демократиялык партия баары бир акыры жеңет” – деди чогулгандарга кайрылып.

Андан көп узабай эле полиция аны кармап кетти. Кечке жуук тарапташтары кош бойлуу Инга Иманбайды полиция үйүнө жеткиргенин кабарлашты.

Митингчилер бийликтен саясий туткундарды бошотууну талап кылып, жарандарды “биригүүгө” үндөштү.

31 жаштагы Мамай дума күнү кечинде кармалган. Ал Казакстанда Демократиялык партия түзүү демилгесин көтөрүп, топтун мүчөлөрү митинг өткөрүүнү пландап жаткан. Активисттин жубайы күйөөсүн полиция кантип кармап кеткенин видеого тартып, "Фейсбуктагы" барагы аркылуу түз көрсөттү. Анда бир нече кызматкер Мамайды күчкө салып кармап, автозакка салып кеткенин көрүүгө болот.

22-февралда Мамай үч суткага камалганы белгилүү болду. Карасай райондук полициясы активист эмненин негизде кармалганын жана ага кандай айып тагылганын тактап айтуудан баш тартты.

"Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылын оппозициялык саясатчы Мухтар Аблязов түзгөн. Кыймыл 2018-жылы “экстремисттик” деп табылып, Казакстанда анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Башкы прокуратура нааразылык акцияларынын алдында жарандарга жыйындар мыйзамсыз экенин эскерткен.

Ишембинин кечинде эл аралык “Мунапыс уюму” казак бийлигин бардык кармалгандарды “тезинен жана эч кандай шарт койбой” бошотууга чакырды. Уюмдун билдирүүсүндө жаңы түптөлүп жаткан оппозициялык уюмду жок кылуу аракети “өлкөнүн беделин түшүрөт” деп айтылат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

«Манасчыга» келбеген Манастын эли

«Манасчыга» келбеген Манастын эли
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:54 0:00

Аталардын тоодой карааны

23-февраль – Мекенди коргоочулардын күнү. XXI кылымдын мырзалары ар кандай кесипти аркалап, алдыңкы технологияларды ойлоп табышат. Буга кошумча эркектер баланы да жакшы карай турганын унутпайлы. "Азаттык" мына ошондой айрым мырзалардын сүрөттөрүн чогултту. 

«Кыргызмунайгазды» сынаган коронавирус

«Кыргызмунайгаздын» жумушчулары бургулоо иштерин алып барууда.

Коронавирустун жайылышына байланыштуу Кытай менен чек аранын жабылышы «Кыргызмунайгаздын» ишине да таасирин тийгизди. Ишкананын жетекчилиги мунай өндүрүүдө колдонулчу техникалардын тетиктери Кытайдан келбей калганын айтууда.

Кочкор-Ата шаарында жайгашкан «Кыргызмунайгаз» ишканасы өлкө аймагында мунай өндүргөн жалгыз ишкана. Мекеме бургулоо иштерине керектүү тетиктерди сатып алууга өткөн жылы тендер жарыялап, аны кытайлык компаниялар утуп алган.

Ишкананын жетекчиси Рашид Бостонов коронавирустун жайылышына байланыштуу кыргыз-кытай чек арасынын жабык турганы ишкананын ишине терс таасирин тийгизгенин айтты.

Рашид Бостонов.
Рашид Бостонов.

«Бургулоо иштери канчалык көп болсо, кийинки жылы мунай өндүрүүнүн көлөмү ошончолук көбөйөт. Бургулоо иштерине колдонула турган тетиктерди сатып алууга жарыяланган тендерди бир топ кытайлык компаниялар утуп алган. Алар бардык техникаларды Кытайдан алып келмек. Учурда компаниянын жетекчилигине кат жолдоп, келишимде каралган иштерди өз убагында аткарууну эскерттик. Эгерде жагдай өзгөрбөсө, өндүрүштү үзгүлтүккө учуратпоо максатында Орусиядан техникалык жабдыктарды сатып алууга туура келет».

Ишкана учурда бургулоо жана мунай өндүрүү иштерин токтоткон жок. «Кыргызмунайгаздын» башкы инженери Абдилла Жусупов аба ырайына карабастан иш уланып жатканын айтты.

Абдилла Жусупов.
Абдилла Жусупов.

«Биз иштеп жаткан жер «Майлуу-Суу-939» бургулоочу участогу. Учурда 900 метр тереңдикке жетип калдык. Долбоордо 1890 метр деп каралган. Быйыл биз 39 миң метрге жакын бургулоо иштерин жүргүзүшүбүз керек. Жыл башынан бери 4800 метрден ашык бургулоо жумуштарын аткардык. Бизде иш суткасына 24 саат бою тынымсыз жүрөт. Мында бир бригадада 40 адам нөөмөт менен иштеп жатат».

"Кыргызмунайгаздын" жумушчусу. 20-февраль, 2020-жыл.
"Кыргызмунайгаздын" жумушчусу. 20-февраль, 2020-жыл.

2 миңден ашык адам иштеген «Кыргызмунайгаз» ААК былтыр 140 миң тонна мунай өндүргөн. Быйыл өткөн жылга салыштырмалуу 30 миң тоннага көп кара май өндүрүү планы коюлган. Ишкананын жетекчиси Рашид Бостонов учурда кытайлык компанияларга билдирүү берилгенин кошумчалайт.

«Бургулоого колдонулуучу түпкүрдөгү суу кыймылдаткыч, нефти кудуктарынын капталдарын бекемдөө түтүгү сыяктуу бир топ керек жабдыктарды ар кыл компаниялар тендерден утуп алган. Биз менен иштешкен кытайлык 13 компаниянын ичинен үч компаниянын гана адистери келишти, калгандары келе элек. Алар быйыл өз иштерин 70% аткара албай калышы мүмкүн. Ошондуктан орусиялык компаниялар менен иштешүүгө басым жасап жатабыз. Жакындан бери Орусиянын техникаларын сатып ала баштадык. Кытайга караганда сапаттуу, анын үстүнө тетиктери да оңой табылат. Мурда Кытайдан алган техникаларыбызды бир жылдан кийин жаңылоого туура келчү».

Кыргыз-кытай чек арасы Кытайдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 24-январдан бери ачыла элек. Соодагерлер чек арага байланыштуу товарлардын баасы өсүп жатканын айтышууда.

Экономика министрлигинин аймак аралык башкы башкармалыгынын жетекчиси Зайнидин Жумалиев өкмөт кырдаалдан чыкса болорун белгиледи.

«Учурда эки тараптан тең товар кирген да, чыккан да жок. Биз 15-январга чейин мурда товар алып келүүгө Кытайга кирген жарандарыбыздын баарын чыгарып алганбыз. Азыр авиация менен келе турган товарлар да токтогон, авиакаттамдар толугу менен жабылган. Учурда товарды поезд менен гана ташууга уруксат бар. Коронавирус Кыргызстанга гана эмес, бардык мамлекеттерге тиешелүү кырсык болуп турат. Кытайдын негизги өндүрүшү жабык турат, карантинге алынган. "Кытайдан товар келбей калса, алардын ордун кантип толтурабыз?" деген суроого жооп издейбиз. Учурда эл керектөөчү товарларды Орусиядан, Түркиядан, Казакстандан тапсак болот, Кыргызстандын ички базарынын дараметин көтөрүшүбүз керек».

Жергиликтүү талдоочу Узакбай Маматкулов коронавируска байланыштуу жагдай атамекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо керектигин тастыктады дейт.

Узакбай Маматкулов.
Узакбай Маматкулов.

«Кытай менен чек аранын жабылганы биздин ички экономикабызга таасир берип жатат. Анткени көпчүлүк азык-түлүк, эмеректерге керектелүүчү материалдар, техникалык жабдыктар ошол жактан ташылчу. Алардан баарын биздеги ишканалардан тапсак болот, бирок соодагерлер баасына карап Кытайдын товарларын колдонушчу. «Дордой» базарында товарлардын баасы көтөрүлүп жатыптыр. «Кыргызмунайгазга» сыяктуу атамекендик мунай өндүрүүчү компанияларга да мамлекеттик деңгээлде колдоо зарыл жана продукцияларын жайылтууга шарт болушу керек. Ошондуктан биз импортту кыскартып, экспортту көбөйтүү жагын ойлошубуз керек. Кыргыз өкмөтү атамекендик продукцияларды брендге айландыруу үчүн соода дүкөндөрүндө Кыргызстанда чыгарылган товарларга өзүнчө текче бөлүп берүү талабын койгону да жакшы болду. Эми текченин үстүнө «Кыргызстанда жасалган» деген өзүнчө бурчтар пайда болот экен. Кыргызстандыктар баасына карабай өзүбүздүн өндүрүшчүлөрдү колдойт».

«Кыргызмунайгаз» ишканасы учурда жаңы Исбаскент-Алаш мунай кенин ачуу алдында турат. Бул «Кыргызмунайгаз» ишканасынын тарыхында 60 жылдан кийин ачылган жаңы кен аймагы болуп калат.

«Кыргызмунайгаз» ачык акционердик коому Кыргызстандын Кочкор-Ата, Майлуу-Суу жана Ноокен аймактарында чалгындалган 11,3 млн. тонна мунай жана 4,7 млрд. метр куб газ запасына ээ. Жалпысынан анын карамагында Жалал-Абад облусундагы 35 майда мунай жана газ кендери бар. Жалал-Абад, Кочкор-Ата жана Майлуу-Суу шаарларынын калкын да аймакта өндүрүлгөн көгүлтүр от менен камсыз кылат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Шаардык иттин айылдагы азабы

Ит базардагы күчүк, Бишкек.

Адабиятта жан-жаныбарлар арасында ит тууралуу икаялар аябай эле көп.

Кыргыз аңгемесинин классикасынан жазуучу Кудайберген Жапаровдун “Иттин турмушу” аңгемесине токтолсокпу деп турабыз. Адам менен колго көнгөн жаныбардын ортосундагы мамиленин социалдык өңүтү бул чыгармада мыкты сүрөттөлгөн.

Ит базар

Итти пенде баласы алгачкы жамааттык коом жашоосунда, үңкүрдү үй кылып жашаган кезинде өзүнө үйүр алдырып, ошондон бери мамыр-жумур чогуу жашап келатат. Жаңылыкка жакын адам ал арада улам-улам аргындаштырып отуруп иттин оголе көп түрүн таап алды. Ушу тапта жалаң итке гана түркүн-түс тамак-аш жасаган бай компаниялар, аларга арнап жарашыктуу кийим тиккен уздар бар. Алардын ден соолугуна кам көрүп, ооруп калса дарылап, аспиеттеп карап турчу кызматтарды айтпай эле коёюн.

Ошондой барктуу иттердин бири Бишкек шаарындагы базарлардын биринде карапайым койчунун колуна тийип калат. Ит турмуш ошондон кийин башталат. Шаардык жыргалга көнгөн бечара тоого келгени азаптан башы чыкпайт. Мурдагыдай үйгө кирип, өзүнө тиешелүү ордун ээлеп, үй ээлери тамакка отурганда алдына келчү колбаса, жыты буркураган тамак жок, итаякка шалп куюлган жугунду, таптаза мүлжүнгөн сөөк-саактан башка жумуруна жук болчу азыгы жок байкуш шаардык ит аябай жүдөдү.

Жаңы келгенде айылдагы иттердин аны чогулуп келип талап салышканы, кыштын кыраан чилдесинде тумшугун куйругуна катып эшикте жатканы, баарынан да жаңы ээсинин түшүнүксүз тилде кыйкырганы байкуштун азабын гана берди. Шаардык итти Алсеит сатып алмак эмес. Балээнин баарын кылган аялы болду. Ошол шайтан баштады кызыкты.

Бир күнү жайыттан чарчап келсе эле аялы сүйлөнүп калыптыр. Минтип жумшай берсе баласын ак өпкө кыларын айтып тилин тыйсачы. Жайылган койдун башын буруп келиш деле кыйла түйшүк, бир короо кой жайылып, бир жагы тоонун чокусуна, экинчиси бийик боорду каптап туш-тушка чачырап кеткенде эр болсоң чогултуп көр. Койчунун аты эмне үчүн арык, шөлпүлдөп бечара кой артында жүрүп эле жоор болот, арыктайт. Жеңил деген баласы деле чарчайт, бирок бала тызылдай чуркап, койчуну жыргатып коёт, жеңил да. Ошол аялы ит ал деп атпайбы. Алсеиттин атчан кишини алып түшчүдөй күрсүйгөн короочу иттери бар.

“ – Ошолор ит болбой жерге киришсин!

- Эмне-е?! – дагы бакырган Алсеит.

- Ошо! – аялы камырасачы. – Эмнени уксаң ошо. Тиги Кожо жыргап эле жүрбөйбү. Койчусу койдун четинде жатат керилип: “Жамбаштап жатсаң сонунданы” ырдап. Жөн эле министр. “Ойт, кайры!” деп кыйкырып коёт экен, ити салып-уруп барып, кадимки адамдай койлордун алдын имерип келет экен. А тиги баланы аябайсың сен. Ыя ботом, өзгө болсоң бир жөн, өзүңдүн каның го. Ошого жаның кейисечи. Окутуп эле жибербей. “Мен кайыганда ойдумду басат, мен чыктуу чабан болот, ойден алат” деп ушу сен көнбөй койбодуңбу. Мына эми сага бир итке алың келбейт.

Сөзгө жыгылган ошондо Алсеит.

Кожонун итин өзү да көргөн эчен курдай. “Ата-а ит эмес бекен, айтканыңды жазбай аткарат, тоббоо. Койчуга мунуң чоң жардамчы турбайбы. Ата-а ушундай иттүү болуш керек экен. Бирөөнүн овчаркасы тууса күчүгүнөн багып алсамбы” деп да ойлонгон. Бирок бат эле көңүлүнөн чыгып кеткен. Аялынын кебинен кийин овчаркалуу болуу мээсине куюлган кыттай уюп, ит сурамжылай баштаган. Билгендер айтышты Бишкекте ит базары барын, бир табылса ошээрден табылаарын.”

Алсеиттин жолу болуп ошондон көп өтпөй Канттагы кудасы тойго чакырып калбаспы. Тууган-уругун алып тойго барганча ит базарын да көрө келмей болду.

Койбагар ит керек

Кыргыз баласы ит сатпасын, итти сатып албасын билчү. Коюн багышка, андан да жанагы айткан жагына дирилдеп чуркап турчу уулуна деле убал экен. Колхоздун бир короо кою төлү кошулганда миңге жакын туяк, кыйын болсоң аларды багып көр. Бийик тоо ичинде ит-куш да көп.

Алсеиттер колхоздун шопуру болуп иштеген инисинин жүк машинесине олтуруп базардан керектүүлөрүн алгандан кийин ит базарына келишти. Кызыкты ушу жерден көр, бу балакет айылдагы күлдөбөнүн жанында тумшугун куйругуна катып, суукта бүрүшүп калчу короочу иттерден тарта жүнү кыска жылтылдаган кымбат баа иттер, жүнү сапсайган барак иттер, анан мышыктай болгон кичинекей, колго көтөрүп алчу кандек иттер, деги койчу ит түрүнөн баш адашат. Алсеитти жугунду менен үйдөн арткан сөөк-саакты кажып, көрүнгөн жерге бутун сырак көтөрүп суулап кеткенден башканы билбеген иттердин түрү ушунчалык көптүгү, анан да каадалуу малдай базарда сатылып атканы таң калтырды. Чоп-чоң эле кишилер аны кызылдай акчага сатып атышканычы. Кызыгың түшкүр, бу шаардыктардын ит менен мышыктан башка эрмеги жокпу? Алсеитти базардын ичинде арсылдап, чыңкылдап үрүп аткан иттердин чуусу, анан да каңырсык жыты тажатып, эртерээк эле бир итти жетелеп айылына кетүүнү эңсеп турду. Акыры жанындагылар менен макулдашып ушул апчаркени сатып алышкан. “Колбасаны жакшы көрөт, жакшы жейт” деген ит ээсине Алсеит унчукпай баш ийкеген. “Колбасаны итим эмес, мен жебей атсам, кайдагы колбаса” деп ичинен ойлоп, чоң акчага апчаркени алган. Итин алып жөнөй бергенде ээси сумкасынан колбаса алып чыгып Алсеиттин колуна карматты. Ошол колбасаны көрүп апчарке ит машинеге түшкөн. Анан да Алсеитти капа кылганы ал ээсинин “иттин аты Мухтар” дегени болду. Оо, балакет, кишинин атын да итке коёбу деп келини бышкырса, машине айдаган иниси, “койбогондочу, “Ко мне, Мухтар!” деген кинону көргөм, ошондой эстүү ит болсо” деп бейтааныш адамдар арасындагы колбасасы бар кишиге үмүттүү карап келаткан итти тоого алып келишкен.

Алсеит эми короолош коңшусу Мухтарды бир тамалашалайт экенмин деп сүйүнүп келген. А бирок сүйүнүчү эрте болгон экен. Шаардык ит кой менен иши жок, айла жок эле жаңы ээсин ээрчибесе тоонун турмушуна көнбөй, баарынан да үйгө кире албай эшикте калганына, мурдагы күлгүн тамагы жок жугунду ичкенге көнбөгөн жаны ачкадан кабырга сөөгү каркайып арыктап, ит азабын тарта баштаган. Базардагы кымбатбаа иттердин арасынан улам-улам соодалашып отуруп бир миң бир жүз сомдон сегиз жүз сомго түшүргөнүнө ыраазы болушуп алышкан итинен пайда жок Алсеиттин ачуусу келип жүрөт. Ити ээрчип чыкканы менен ээсинин айтканын кылбайт. “Чебичтин алдын тос!”, “Тиги койду кайрып кел, Мухтар!” десе аңкайып карап тура берет. Бул ит жокто уулу экөө эптеп койду кайтарышчу эле, ити менен чыккандан бери Алсеиттин кетпеген жеринен тер кетип, өзү тосот. Итке тоонун таза абасы жакпады, түтүн ышка капталганы менен мурдагы үйүндө колбаса жеп, жүндүү шалчанын үстүндө жатчу.

Бир жолу сонун тамактын жыты келгенинен ач ит боз үйгө кирип барса аны кабыргага тээп кууп чыгышкан. Андан да кызыгы Алсеит кой тосо берип чарчап “Мухтар тос, Мухтар!” деп итине бакырып атса коңшусу келип “мени эмнеге чакырып жатасың?” деп карап турбаспы. Жандай көргөн досу анан итин чакырып атканын укканда “менин атымы итиңе коюп, шылдыңдап, итке теңейин деген экенсиң!” деп аты менен омуроолотуп, камчысы менен жүндөй тытып сабап коё таштады. Ошондо ити бир ишке жарады, Алсеитке болушуп, Мухтардын атынын куйругунан тиштеп, арылдап шаштысын кетирип ийди. “Болду, Мухтар!” дегенге болбогон итине айласы кетип: “Мухтар, хватить! садись!, садись, тебе говорят!” десе шаардык ити эч нерсе болбогондой кайта шоңшоюп отуруп албаспы. О, балакет, бул ит кыргызча түшүнбөйт турбайбы!

Алсеит досунан бейчеки таяк жеп калбайын деп итинин атын өзгөртүп Койбагар деп койгон. Мухтарды аялы экөөн бир козу союп үйүнө чакырды, акелеп-жакелеп атып ачуусу чукул неменин кабагын жазган. Болбосо көк досу эч ойлонбой мунун сегиз жүз сомдук итин атып салмак.

Апчаркеси орусча түшүнгөнүн билгенден кийин анын Алсеитке кылган бир кызматы аябай жагып калды. Бир жолу колундагы таягын койлордун ары жагына ыргытып ийсе Мухтары чуркап жетип барып деле чоң иш кылгандай куйругун шыйпаңдатып алып келип атпайбы.

“ – Оо, сенде жаткан окшобойбу,- деди жарыла күлүп. – Ал дагы таягын ыргытты. Мухтар жанагысындай чуркап барып тиштеп келди. Келди да таякты Алсеиттин алдына таштап дагы эмне кылайын дегенсип өзүнө-өзү ыраазы күлмүңдөгөндөй карады. Алсеит ошондо көрдү биринчи ирет иттин күлмүңдөгөнүн.

- Тоббо, - деди ал жакасын карманып. – Карасаң муну кыйратып салгандай мактанат ой. - Ал Мухтарга ичи жылый сонуркап карап турду.”

Койчунун түйшүгү күчөгөн күзгү-жазгы шалбыртта шаардык ит Алсеитти да, үйүндөгүлөрдү да тажатты. Башка иттерге окшоп түндөсү арсылдап үрүп короо кайтарбай, Алсеит сыртка чыкканда артынан калбай ээрчип, үйгө киргенде артынан жылуу бөлмөгө кирсе болобу. Кууп чыгышты, бирок көзүн жалдыратып Алсеитти үмүттүү карап босогого жатып алат. Үйдөгүлөр тамакты арам кылган итти колуна тийген нерсе менен уруп ичкери киргис кылышты. Бирок, жалдыраган бечараны босогодон жылдырыш кыйын болду. Акыры чыдамы түгөнгөн Алсеит ачуусу келип камчысы менен итин башка тартып жиберди.

Ушунусу катуу болду, байкуш ит жанын коёрго жер таппай, жыйылган көңдүн жанында жатты. Үйдөн бышкан эттин жыты келип, каңылжаарды жарат. Байкуш апчаркенин эсине шаардагы үйдө ваннага жуундурушканы, колбаса же жыттуу тамак жеген учурлары түшүп чыдай албай улуп ийди. Бул жерге келгени ачкалыктын айынан жугундуну шалпылдатып ичкенге, ыргытылган сөөктү башка иттер менен талашып жегенге көндү. Бирок да шаардагы жашоосу кээде эсине түшүп, айласы куруп, андайда эмне кылар айласын таппай кыңшылап ийчү. Ээсинен камчы жеп башы тең жарыла лукулдап ооруп кыйналып жатканда шаардагы үйү - эткел кожейке аял, анын эрке кызы, колбаса алып келчү мурдагы ээси эсине түшүп, бураңдап жолго чыкты.

Иттин жоголгонун Алсеит биринчи билди. Аялы ичкен ашын актабаган апчаркенин жоголгонуна анчалык деле кайгырбай, кайра сүйүнгөндөй болду. Апчаркенин шаарга жетмеги, жолдо көргөн азап-тозогу айтып отурса узун сөз. Ыргалып баса албай калганда ал мурдагы ээсинин үйүн таап эшигин тырмалап күтүп жатты. Итинин келгенине кубанган үй ээси тыртайып арыктаган бечара апчаркени карап туруп илгери окуган жомогун эстеди.

Анда бир кедей чал баласын байга сатып, анысы кайра үйүнө качып келе берип, атасы менен баласы байып жашап калышканы тууралуу кеп болот. Ээси апчаркесин багып семиртип дагы сатарын, анысы кайра качып келишин кобурап жатты. Баары сатылган заманда үй ээсинин тапкан акылы ушул болчу.

Ит демекчи, адабияттагы кулпурган акылдуу иттердин антиподу кадимки короочу иттин жасалма боёгу жок сүрөтү Салижан Жигитовдун айтылуу “Ит икаясында” кемелине келтире сүрөттөлгөн. Кийин ал өзүнчө китеп шекилинде чыкканда “Күн тууду” деген ат алып, ошонусу менен окурман журтуна тарап кетти. “Азаттыктын” аңгеме куржунунда Нураалы Капаровдун “Тузик” деген кызыктуу икаясы да бар. Кудайберген Жапаровдун аңгемесинде адамдардын колго үйрөтүп алган жаныбарларына карата мамилеси айыл менен шаар мисалында ыктуу сүрөттөлгөн. Койчу үчүн ит жардамчы, бутту керилте созуп диванда жатып, ээси алып келген чүйгүн тамакты жеп күлтүйүп семирип, ыкшоо басып жүрчү жалкоо жаныбар эмес.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Тойго корогон кайран өмүр

Иллюстрациялык сүрөт.

Бул дүйнөдө кыргыздын бир эле жан досу бар. Ал - Комуз.

Ыйлаган үнүн, айткан арызын күү менен чертип, ичибиздеги бугубузду ошол аркылуу чыгарып, депрессиядан кутулабыз. Азыркы сыртта жүргөн мигранттарга Током баштап мурас калтырып кеткен алптардын «Сары барпы» күүсү туура келет.

«Күндө туусам күндө жок, күндө жылан жеп коёт, айда туусам айда жок, айда жылан жеп коёт» дегендей, күндө тапкан күнүмдүктү, айда тапкан айлыкты айылдагы аш-тойлорго чачып жаштыктын жыргалын көрбөй, көр тириликтин айынан аргасыз мусапыр болуп жүрөбүз.

Жакында коңшу Өзбекстандан куш кабар келди. Аш-тойлорго болгон чыгымдар кескин түрдө азайтылыптыр. Өз элин ойлогон өзбек аткаминерлердин бул кадамын бул өлкөнүн мигранттары жакшы кабыл алышты. Ансыз деле сарамжалдуулук, үнөмдүүлүк боюнча алдына ат салдырбаган өзбек элинин мындай кадамы биздин жетекчилерге сабак болчудай эмес. Демилгени эл жер-жерлерде өз колуна алып, айрым айыл-кыштактарда «аш-тойлорго кеткен чыгымдар азайтылсын» деп тургундар өздөрү көтөрүп чыгышса, ага каршы чыкандар да четтен табылат.

Демейде, аш-тойлордун орду кыргыз тарыхында кандай болгон? Бардык тарыхчылар «кыргыздын кыргыз болуп сакталып калышына бул мааракелердин ролу чоң болгон» деп жооп беришет. Көчмөндөргө таандык бардык салт-санаалар, ырым-жырымдар, өнөрлөр, спорттук иш-чаралар дал ушул аш-тойлордо өткөрүлүп, башка чоң элдердин ассимиляциясынан сактап калган фактор экени талашсыз.

Андан бери эчендеген суулар акты. Кыргыз эли (памирлик туугандардан башкасы) отурукташты. Коммунизм курабыз деп убакытты текке кетирдик, эми демократияны орнотууга аракеттер болуп жатат. Аттан түшсөк да ээрден түшпөй, байыркы бабалардын берешендигин көрсөтүүгө аракеттер күч. Мисалы, аравандык жигит Чоң-Алайга куда түшүп барса калыңына төрт түлүк мал сурашат. Төрт чарчы жери бар жигитте кайдагы төрт түлүк мал? Иттин өлүгү так ушул жерде көмүлгөн. Мындай иш-чараларга албетте, чоң суммадагы акча керек. Колунда малы барлар аргасыз коррупцияга барат, карапайым калк өжөрлөнө, керек болсо чоң үстөгү менен насыя алып, үйлөнүү үлпөт тойлору өтүп жатат. Эми жүк жалаң эле үйлөнгөн жаш жубайларга таандык болсо кана? Жакын тууган, дос-жоролорду да «кошумча» деген ат менен сазга батырып жатат. Азыркы аш-тойлор коррупция менен миграциянын гүлдөшүнө катализатор деп даана айта алам.

Кудайым тойго жеткирсин. Жакшылыктын душманы эмесмин. Бирок азыркы жомоктогудай, жайыл дасторкон жайган, ЗАГС машинелердин бир учу Ошто болсо, экинчи учу Кара-Сууда болгон, ашыкча ысырапка гана каршымын. Бала чакта айылдагы байкелердин тойлору эсимде. Үйдөгү короонун бурчуна килемге эки жаштын атын жазып, айылдын баарын чакырышчу. Эч кандай эстрада жылдыздарысыз эле, айылдын таланттуу ырчылары коштоп, аксакалдар бата берип бүтүрүшчү.

Эмне себептен биздин бийлик Өзбекстандагыдай кылып чектөө киргизбей жатат деген суроого жооп деле бар. Анткени айрым аткаминерлер аш-той жана майрам өткөрүп, бир кыйла капчыгын дөмпөйтүп жатканы баарыбызга маалым. Жаңы Жылда кебетеси келишкен Сузактагы балаты соцтармактарда хайп болду. Ага канча акча кеткенин бир кудай, анан Сузак администрациясы эле билет.

Бул бир кичинекей балаты экен. Миллиондогон долларга баалаган аш-тойлорубуз болду. Көчмөндөр оюндары, Оштун 3000, Манастын 1000, Кыргыз мамлекеттүүлүгүн 2200 жылдыктары, ар бир кокту-колоттон чыккан баатырлардын аштары өттү. Дагы далайын өткөрмөкчүбүз. Кыргызстанда иштен көрө майрамдар көп. Ар бир аш-тойго жогору жактан келген чоңдордун «көзүнө көрүнүп коелу» деп ылдыйкылары көз көрсөтүп турушат. Тыйынды тыйынга өлчөп өткөрсөк жакшы, мындай жакшылыктардын бухгалтериясы коомго ачык болсо кана? Баарын текшерсек коррупциялык иштер толтура. Жетекчилер 100 сомдук буюмду 1000 сом кылып көрсөткөнү кыргыздын «күрүчтүн шылтоосу менен күрмөк суу ичет» деген макалын эске салат.

Кыргыз кызык элбиз. Кытайдын бир жолу колдонула турган көк устарасын он жолу колдонобуз. Шампунь түгөнсө ага суу кошуп, көбүртүп, аягына чейин чыгарабыз. Чоң атабыздан калган «Москвичти» улам устага алып барып оңдотуп минебиз. Негизи үнөмдөгөндү жакшы билебиз да, неге ушундай аш-тойлордо кашыктап топтогонду чөмүчтөп чачабыз?? Эмне үчүн ошол акчаны илим-билим алууга коротпойбуз? Жок дегенде өзбек туугандардай бир өнөр үйрөнүп албайбызбы? Америкалыктар 3D принтер менен адамдын боорун жасап жатса, корейлер 56 секундада бирден «Хюндай» үлгүсүндөгү автомашина чыгарып жатышат. Биз дале болсо мандаш токунуп алып эт жегенден башканы билбей турган замандабыз.

Тойлор сөзсүз керек. Башка элдердин тойлоруна барып жүрөбүз. Өтө сарамжалдуу жана үнөмдүү. Бизде болсо керек эмес жоруктар аябай көп. Кытайдан чыккан жасалма калпактар менен көйнөктөр тоймо-той кыдырып, саргайып да кетет. Пайгамбар жашына барып калган чоң ата, чоң апалардын рок-н-роллго бийге түшкөн обу жок кылыктары «YouTube» аркылуу тарап, бүт улутту уят кылып бүттү. Эл жакшылары ушунун баарын эске алып, аш-тойлорду бир нукка сала турган учур бышып калды.

Максат Халилов

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Диний билим: ажырымдын өзөгү

Мечит. Бишкек.

Чет өлкөдөн диний билим алган жаштар ар башка көз карашты карманганы үчүн ажырым пайда болгону айтылып келет.

Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты бекиткен 2014-жылдан 2020-жылга чейинки концепцияда студенттерди чет өлкөлөргө диний билим алуу үчүн окууга жөнөтүүнү тартипке салуу маселеси коюлган.

Бирок алты жылдай убакыт өткөнүнө карабастан, диний билим алууну каалаган жаштар чет өлкөлөрдөгү диний окуу жайларын өз алдынча тандап, көпчүлүк учурда алардын окуусун каржылаган демөөрчүлөр кимдер экени белгисиз бойдон кала бергени тууралуу маселе козголду.

Ар кайсы чет өлкөдөн билим алып, Кыргызстанга кайтып келип, кийин имамдык кызматтарга келгенде көз караштардын айырмачылыгынан улам, аларды ээрчиген жамааттардын ортосунда ажырым чыгып жатканы айтылды.

Айт намазга бараткан жаштар. Бишкек
Айт намазга бараткан жаштар. Бишкек

Ар кайсы чет өлкөлөрдөн диний билим алып келген Кыргызстандагы динзарлардын жана алардын артынан ээрчиген жамааттардын көп түрдүүлүгү, ажырымы жана алардын диний кырдаалга таасири коомчулуктагы талкууга жем таштады.

Салттуу дин аалымдары жаштарды диний билим алууга чет өлкөлөргө жиберүү тартипке салынбай, динди түшүндүрүүдө коомчулукту ажырымга алып келүүчү көз караштар күчөп, коомдук аң-сезимге таасир этүү үчүн диний жамааттар ортосунда тымызын тиреш бар экенин белгилешти.

"Чет элде окугандар каттоого алына элек"

Кыргызстан эгемендик алган жылдардан тарта эле чет өлкөлөрдөн ислам багытында диний билим алууга умтулуу аракеттери күч алган.

Ислам динин тутунган бир катар кыргызстандыктар Египет, Сауд Арабиясы,Түркия, Малайзия, Иордания, Пакистан сыяктуу өлкөлөргө барып, ал жактагы жогорку ислам окуу жайларында билим алса, көпчүлүгү Индия менен Бангладеш сыяктуу өлкөлөрдөн төрт айлык же болбосо бир жылдык диний дарстарды угуп келишкен.

Бул диний курстардан адатта алар ошол өлкөлөрдө дааватта жүрүп, андагы мечиттер жана медреселер аркылуу өтүшөрү көрсөтүлгөн. Бирок диний жогорку билим алууга же кыска мөөнөттөгү диний окуу дарстарына кеткендердин так саны белгисиз.

Аким ажы Эргешов.
Аким ажы Эргешов.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Аким ажы Эргешов муфтияттын жолдомосунан тыш окууга кеткендердин так саны белгисиз экенин айтып, ошондуктан чет өлкөлөргө өз алдынча окууга кеткендер эмнени окуп, эмнени үйрөнүп жатканын көзөмөлдөө иш жүзүндө мүмкүн эместигин белгиледи:

"Сыртка окууга кеткендерди көзөмөлдөө биздин милдет эмес. Аны дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан сурап көргүлө. Биз алардын так санын айта албайбыз. Негизинен азыр мусулман өлкөлөрүнүн бардыгына эле өз жолу менен кетип жатышат. Алардан каякка кетип жатканын биз сурай албайбыз. Эгер муфтияттан жолдомо алып, кете турган болсо, биз аларга көрсөтмө беребиз. Бирок биз бардыгына милдеттеме алган эмеспиз. Бул жагы мыйзамга салынган эмес. Бизден жолдомо алып, диний билим алуу үчүн чет өлкөгө кеткендердин саны отуздун тегерегинде болсо керек. Негизинен Египетке, Иорданияга, Сауд Арабияга жана Пакистанга окууга кетип жатышат. Бул жакта алардын билим алуусуна көзөмөл бар. Бирок алар чет өлкөлөргө чыгып кеткенден кийин аларды көзөмөлдөө биздин колубуздагы иш эмес".

Медреседеги бала. Ооганстан.
Медреседеги бала. Ооганстан.

Диний жогорку билим алуу үчүн же кыска мөөнөттүк диний курстарга чет өлкөлөргө кеткен жарандардын так санын Кыргызстандын муфтияты дагы, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия да, Тышкы иштер министрлиги да билбей турганы белгилүү болду.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары Закир Чотаев тиешелүү мыйзамдык база болбогондуктан чет өлкөлөргө диний окууга кеткендер каттоого алынбасын билдирди:

"Чет өлкөлөрдөн диний билим алууну каалагандар уруксат алуу үчүн бизге кайрылбайт. Анткени мыйзамда мындай ченем жок. Мурда чет өлкөгө окууга жиберүү маселеси боюнча макулдашууну караган президенттин жарлыгы бар болчу. Бирок ал жарлык иштебейт. Анткени биздин Баш мыйзамда жарандардын өлкөнүн ичинде жана өлкөдөн тышкары эркин чыгуу укугу бар. Ошондуктан чет өлкөгө диний окууга кетип жаткандар боюнча бизде каттоо жүрбөйт. Көп учурларда алар өздөрү кетишет. Кыргызстандагы диний уюмдар аркылуу стипендияларды таап, мына ошол аркылуу окууга барат. Азыр кайсы өлкөлөрдө биздин канча студент окуп жатканы тууралуу маалыматыбыз жок. Тышкы иштер министрлигине кайрылып, диний билим алып жаткандар тууралуу сурайбыз. Бирок бизге алар консулдук каттоого турбагандыктан, так маалымат жоктугун айтып, жооп беришкен".

Соңку жылдары туристтик виза менен же жекече чакыруулар аркылуу чоочун бирөөлөрдүн каржылык жардамы менен сыртка диний билим алууга кеткен жаштардын агымы көп экени иликтөө учурунда байкалды.

Бул өтө тынчсыздандыра турган көрүнүш экенин салттуу дин аалымдары да ырасташкан. Алар чет өлкөлөрдөгү сапаттуу жана коопсуз диний билим берген окуу жайлар менен гана келишим түзүп, ошол жактарга гана балдарды окууга жиберүү боюнча сунуштар ушул күнгө чейин аткарылбай келе жатканын сынга алышты.

Ошондой эле чет өлкөдөн бүтүп келгендердин диний билимдеринин жана жасаган амалдарынын ар түрдүүлүгү көз караштардын ажырымына алып келип жатканына салттуу дин аалымдары кабатыр.

Диний мектептер ортосундагы ажырым

Жалал-Абад облусунун мурдагы казысы Дилмурат ажы Орозов жума намазын окуй турган мечиттердин көбөйүшүн аларды жетектеген имамдардын ар түркүн чет элдик диний мектептердин жөрөлгөлөрүн карманган көз караштарынын ич ара ажырымы менен байланыштырды:


"Чет өлкөлөргө окууга кеткен балдар ал жактардан жөн эле билим алып келбестен, ошол жактын акыйдасын алып, ошол жактын үрп-адаттарын, ошол жактагы устаздарынын жүрүш-турушун кошо үйрөнүп, бул жакка көчүрүп келип жатышат. Ошол нерселер биздин коомго жат көрүнөт. Ошонун айынан бизде көз караштардын карама-каршылыгы пайда болууда. Мага Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы бир жолу "сиз кызматтан кеткенден кийин бир жылда шаарда жума намазын окуй турган 13 мечит ачылып кетиптир, биздин элибиз чын эле мечиттерге батпай калдыбы?" деп суроо берип калды. Анткени ага чейин төрт мечит бар эле. Мен ага "эл мечиттерге батпай калган жери жок, имамдар батпай калды" деп жооп бергем. Чынында эле азыр эки имам бар болсо, эки башка көз караш. Өз ара сүйлөшүп, бирин-бири түшүнүштүн ордуна, башка жактан жума намаз окуй турган мечит ачып, чыгып кетүү аларга оңойураак болду. Менден кийин казы болуп келген адам жума намазын окуй турган мечиттерди куруп, ачканга уруксат бере берди. Ошону менен азыр бизде он беш чакты жума намазын окуй турган мечит, он беш түрдүү имамдар бар. Алар Египеттен, Сауд Арабиядан, Пакистандан жана Түркиядан окуп келген балдар. Бир эле маселенин тегерегинде төрт-беш түрдүү сөз чыгат. Ар кимиси ар башкача чечмелейт. Анан ар кимисинин артынан ээрчиген жактоочулары чыгат. Ошону менен акыйкаттыкка жете турган жол татаалдашып, алыстап кетип бара жатат".

Медреседен билим алган кыздардын жоолук оронушуна да кыргыз коомчулугунун көз карашы бир кылка эмес.
Медреседен билим алган кыздардын жоолук оронушуна да кыргыз коомчулугунун көз карашы бир кылка эмес.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин жыйынында 2016-жылы диний кырдаал катуу талкууланып, анда 2014-жылы бекитилген дин боюнча мамлекеттик саясатты ичине камтыган концепциянын талаптарын аткаруу маселеси козголгон. Алардын эң эле негизгиси катары жаштарды чет өлкөлөргө диний окуу жайларга жөнөтүүнү тартипке салуу жагы каралган.

"Көзөмөл такыр жок эмес"

Муфтийдин орун басары Замир каары Ракиев чет өлкөлөргө диний билим алууга жиберилгендер каттоого алынбаганы менен алардын болжолдуу саны жана окуу багыттары белгилүү экенин айтып, анда окуган кыргызстандык балдарды көзөмөлдөй турган башчылары бар экенин кошумчалады:

"Чет өлкөлөрдүн арасынан эң көп Египет өлкөсүндө беш жүзгө чукул студент окуйт. Сауд Арабия, Иордания жана Малайзияда да студенттер бар. Биздин азирети муфтий ал жактарга барганда, ислам университеттеринде окуган студенттерди чогултуп, "ханафий мазхабынын, матрудий акыйдасына бекем болгула" деген кеңештерин берип келет. Азыркы мезгилде окуп жаткан студенттердин арасында бир топ оңолуу бар. Биз аларга чет өлкөлөрдө окуп жатканда чет элдин үрп-адатын, салттарын өзүңөргө сиңирип албай, "ислам багытында бир гана ханафий-мазхабына басым жасагыла" деп айтып келе жатабыз. Мындан сырткары Египетте бизде мурда каныгып окуп кеткен, тажрыйбалуу жана билимдүү жана ишеничтүү балдар бар. Биз мына ошолорду калган студенттердин башына коюп, алар балдарды көзөмөлдөп турат. Сауд Арабиясында окуган студенттерди дагы биз жоопкерчиликтүү балдарга дайындап, окутуп жатабыз. Алардын арасынан эртең бул жакка келгенде кайсы бири көйгөй жаратпагандай нукка салуу үчүн иштерди алып барып жатабыз".

Салттуу мектеп кандайча "сүрүлдү"

Анткен менен салттуу дин аалымдары буга чейин Орто Азияда ханафий мазхабынын жана матуридий акыйдасынын негизинде исламды окутуунун Бухара мектеби таасирдүү болгонун белгилешет. "Ал мектеп кастыкты, жек көрүүнү четке кагып, динди таңуулоо аркылуу эмес, ынаным аркылуу жайылтууну көздөгөнү менен азыр өлкөгө келип жаткан диний агымдардан кескин айырмаланат" дешет.​

Бангладештеги медреседе окуп жаткан балдар.
Бангладештеги медреседе окуп жаткан балдар.

Дилмурат ажы Орозов чет өлкөлөрдөгү ар кайсы окуу жайларынан билим алгандар экстремисттик же радикалдык идеялар менен сугарылбаган учурда деле, алар башка элдин үрп-адатын, маданиятын жана диний негиздеги салт-санаасын "импорттоочу өткөргүч" катары кызмат кылып, аларды бириктирүүчү диний саясат ишке ашпай жатканын белгиледи:

"Балдар кайсы жерден окуп келсе, мына ошол жердин моделин, үрп-адатын, салтын көчүрүп келип, бул жакка жайылта турган жагдай түзүлүп жатат. Пакистандан окуп келген балдар, Кыргызстан Пакистандай болсо дешет. Түркиядан окууну бүтүп келгендер биздин өлкөнүн Түркиядай болушун каалашат. Саду Арабиясынан окуп келгендер бизде дагы бардыгы мына ошол жактагыдай болсо дешет. Мына ушундай тенденция жүрүп жатат да".

Четке окууга тартуунун "чеберчилиги"

Буга чейин Булан институтунун изилдөө-баяндамасында ислам дини боюнча диний билим алуу үчүн Кыргызстандан сыртка чыгып кеткендер адатта, чет өлкөлөрдөгү диний радикалдык-экстремисттик уюмдардын торуна түшүп, алардын динди бурмалап окуткан окуу борборлоруна кабылып калуу коркунучу жогору экени эскертилген.

Мисалы, баяндамада Пакистанда диний окуу жайлардын басымдуу бөлүгүн расмий катталбаган медреселер түзүп, алар "Таблиги жамаат" жана "Ахл-у Хадис" сыяктуу ар кандай диний агымдарга тиешелүү экени изилденген.

Панжап аймагында "Ахл-у Хадис" жамаатына тиешелүү медреселер, мечиттер, диний-экстремисттик багыттагы басмаканалар жана диний-саясий багыттагы уюмдар бар экени баяндамада көрсөтүлгөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов чет өлкөлөрдөгү мына ошондой диний окуу жайларга тартуунун айла-амалдары тууралуу айтып берди:

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

"Андагы жаштардын көпчүлүгү бекеринен барып калган эмес. Алар бул жакта Кыргызстанда жүргөндө эле кандайдыр бир адамдардын үгүтү, таасири, акчалай жардамы жана байланыштары аркылуу барышканын биз билебиз. Бул жакта мына ошондой жеке фонддор, уюмдар ачык иштешпейт да. Алардын артында кимдер турат? Алар кандай максат менен жаштарды чет өлкөлөргө окууга жиберип жатат? Мына ошолор тууралуу маалыматтар мамлекеттик органдарда жок. Жаштар мына ошол жакка барып, окуп келгенден кийин гана тиешелүү органдар аларды билип калып жатышпайбы. Биз чет өлкөлөрдө диний билим алып жүргөн балдар ар кандай экстремисттик уюмдардын торуна түшүп калганы тууралуу маалыматтарды алчу элек. Алар чет өлкөгө диний билим алууга кетип жатканда, стипендиясын, жол акысын төлөп берет экен. Жаштар ал жакка окууга жакшы эле ниет менен барышат. Бирок аларды алдап, паспортторун алып коюп, экстремисттик уюмдардын катарына кошулуп, андан кийин чыга албай калышат".

"Азаттыктын" архиви: Диний билимсиздик. Агым. Аргасыздык​. 2018-жыл

Бирок жашыруун каржылоо каналдарына байланышкан мындай жүйөлөргө бир катар дин аалымдары макул эмес. Жаштарды чет өлкөлөргө диний окууга жөнөтүү менен алектенген жеке менчик фонддор жана агенттиктер бар дегени менен ал маалыматтарды расмий түрдө ырастоого мүмкүн болбоду. Аталган фонддордун каржылоо булактары каяктан экени да белгисиз.

Демөөрчүлөр берген дем

Муфтийдин орун басары Замир каары Ракиев муфтияттан жолдомо берилип, чет өлкөгө окууга жиберилгендердин демөөрчүлөрү белгилүү экенин айтып, андай каржы булактарынан шек саноого негиз жок экенин белгиледи:

"Биздеги жеке адамдар деле балдардын чет элдеги окуусун каржылашы мүмкүн. Анткени соопчулук үчүн үч-төрт кээде 10 балага чейин чыгымын моюнуна алып, аларды "чет өлкөлөргө окууга жиберели" деген адамдар деле бар. Бирок биз андай жеке адамдын ишине кийлигише албайбыз. Бул анын өз эрки. Көптөрү мындай соопчулук иштерин ачыкка чыгарууну каалашпайт. Египетке барганда ал жактагы белгилүү аалымдардын стипендиясын алып, жашаган балдарыбыз бар. Мисалы Египетте билим алгандарды каржылаган кувейттик Аль Багдин деген бир аалым бар. Мурда Египетте билим алган көпчүлүк балдар мына ошол кишинин стипендиясын алып, окушкан. Ошондой эле ал жактагы кайрымдуулук фонддорунан стипендия алып, окугандар бар. Ал жактагы мурдагы муфтийлер түзгөн кайрымдуулук фонддорунун стипендиясы да бар. Ал эми Сауд Арабияда андай демөөрчүлөргө деле муктаждык жок. Анткени студенттерге окуу жайдан 250-300 доллар стипендия берилет. бул акча билим алууга кенен жетет".

Четтеги шектүү окуу борборлору

Ошол эле кезде көп жыл атайын кызматтын терроризмге каршы күрөшүү багытын жетектеген жана Коопсуздук кеңештин катчылыгын аркалган Марат Иманкулов Кыргызстандын чалгын кызматтары Пакистандын уруулар жайгашкан Түндүк Вазирстан аймагында жана Ооганстанда жашыруун негизделген диний окуу борборлорунда диний билим берүү менен катар эле андагы окуучулар аскердик даярдыктан өтө турганы боюнча маалыматтарды бергенин эске салды.

Пакистандагы медреседе билим алган жаштар.
Пакистандагы медреседе билим алган жаштар.

Анын айтымында, мындай жашыруун окуу жайларын экстремисттик-террордук топтор көзөмөлдөп, каржылап, болочок "моджахеддерди" даярдаган машыгуу борборлоруна айландырган учурлар болгон.

Марат Иманкулов андай окуу борборлорунда Борбор Азиядан, анын ичинен Кыргызстандан баргандар тууралуу дагы ыкчам маалыматтар келип турганын айтты:

"Диний билим алып жаткан жерлерде ар кандай күжүрмөн машыгууларды өткөргөн учурлар тууралуу дагы ыкчам маалыматтар болгон. Негизи, диний окуу жайлардын окуу программасында андай нерселер жок болушу керек эле. Мен иштеп турган кезде, пакистандык кесиптештер менен сүйлөшүп калчумун. Ошондо алар "жарандарыңар бул жактагы ар кандай жеке менчик окуу жайларга окууга кирип алып, эмне менен алек болуп жүрүшкөнү бизге дагы беймаалым, ушуга көңүл бурсаңар жакшы болот эле" дешкен. Себеби, ал жактагы ар кандай топтордун үгүтү менен жоочу болуп кеткен учурлар көп болбодубу".

Буга чейин Пакистандын Муридке шаарындагы «Марказ-и Дава-йы-Иршад» медресеси билим берүү менен бирге эле саясат, соода-сатыкты жана аскер өнөрүн кошуп окута турганы белгилүү болгон.

Андыктан дин таануу жаатындагы адистер чет өлкөлөрдөн диний билим алгандардын кайсы бир бөлүгү Кыргызстанда салафиттик агымдын ичиндеги радикалдык такфиризм идеясын тутунган жамааттар же болбосо алар менен үндөш идеяларды жайылткан диний топтор пайда болгону тынчсызданууга негиз бере турганын айтышууда.

"Азаттыктын" архиви: Диний агымдар: коопсуздукка коркунуч жокпу? 2019-жыл

Диний агымдар: коопсуздукка коркунуч жокпу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:42:20 0:00

Жакындан бери Кыргызстандын муфтияты араб өлкөлөрү менен Пакистандан сырткары окуучуларды Башкирия менен Татарстандагы Казан жана Уфадагы жогорку диний окуу жайларга жиберүү маселесин колго алган. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 2018-2019-окуу жылдарында 15 кыргызстандык Казанга жана Уфага окууга жиберилгенин маалымдады.

Макала "Азаттыктын" IWPR Central Asia медиа-уюму менен кызматташтыгынын алкагында даярдалды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Курч акын, шайыр акын, даана акын 70те

Шайлообек Дүйшеев

Кыйчалыш маалда ойготкуч акыны болгон элдин келечеги бар. Кыргызстандын Ички Теңир-Тоосунун койнунда, Ат-Башы жергесинде 1950-жылы 23-февралда туулган Кыргыз эл акыны, журналист Шайлообек Дүйшеевдин 70 жылдык торколуу тоюна арналган блог.

Кайдыгерликти жеңүүгө чакырык

Ар бир муундун акын-жазуучулары өз үнүн элге жеткириш үчүн ар башка атаандаш төрдү колдонот тура. Арстанбек, Жеңижок, Токтогулдай акындар ат үстүндө же боз үйдө отуруп ырдап, комуз чертип, сөөк агартса, Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Тоголок Молдо, Эшенаалы Арабай уулу, Осмонаалы Кыдык уулу Сыдыков сыяктуу бабаларыбыз падышалык оторчулук доорунда эле калем жорголотуп, кагаздагы чыгармалары менен калайыкты сабаттуулукка үндөгөн.

Кеңеш доорунун соңку чейрек кылымын алсак, Ала-Тоонун калкынын жеңилбес рухун чыгармаларында шөкөттөп берген Түгөлбай Сыдыкбеков, Чыңгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбеков, Кеңеш Жусупов, Ашым Жакыпбеков, Жалил Садыков, Байдылда Сарногоев, Эсенгул Ибраев сыяктуу калемгерлер чыкты. Алар 1960-80-жылдары кыргыздын карт тарыхына жана дастандарына астейдил мамиле кылууга, өтмүштү калыс үйрөнүүгө чакырып, ар кыл публицистикалык, көркөм чыгармаларды жарыялашканы маалым.

«Кайра куруу» доорунда элеттиктердин, көчөдөгүлөрдүн, үйсүздөрдүн, укугу тепселгендердин, жалпысынан, теңата укугун талашууга даап, өз эне тилин мамлекеттик тил макамына жеткириш үчүн күрөшкөн кыргыз элинин үнүн тайманбастан билдире турган инсандар аба менен суудай керек болду. Андайларды коммунисттик «саясий Олимпке» жакындардан эмес, бийликтеги жалгыз партияга (КПССке) эч бир көз каранды болбогон, чоң кызмат аркалабаган, саясий карьераны ныпым ойлобогон катмардын өкүлүнөн, жаштардан көбүрөөк күтүшүбүз ыктымал болчу.

Ошондо суурулуп алдыга чыккан дал ошондой калемгер - жаш акын Шайлообек Дүйшеев агабыз эле. (Кийин да ал эч бир саясий партияга мүчө болгон жок. Маркум Мелис Эшимканов «Бей-бечаралар» партиясына эч азгырып мүчө болтура албай койгон, ини досу Болот Шернияз да «Ата Мекен» партиясына мүчөлүккө жолото албай койду. Себеби Шайлообек агай - саясий топтордон эркин инсан).

Сыйлуу төргө жакын улуу муундагы акын-жазуучулардан айырмаланып, Шакебиз эл көйгөйүн карапайым калайыктын ичинен туруп, мындайча айтканда, улагадан туруп эле шардана кылып чыга келди.

Анын 1988-жылы жазылып, кийин улам кеңейтилген «Кайдыгерлик» чыгармасы өз учурунда кагылган добулбас катары «Кайра куруу» доорунун тарыхында калды.

Падышалык оторчул бийлик жана кийин алардын ордун баскан коммунисттер Ала-Тоодогу нечендеген мурдагы тарыхый аталыштарды жерип, өздөрүнүн «татуировкасын» таңуулагандыгы жөнүндөгү Шакебиздин ыр саптары ошол 1988-жылы деле «тентек» ой болгон:

«...Кыргыз жери кыргызча эмес,

Сосновка, Покровка,

Чүйдө дагы Покровка,

Көлдө дагы Покровка,

Таласта да Покровка,

Покровка, Покровка, Покровка,

Кыргыздын жериндеги татуировка!.

Эгерде бул сыяктуу ырды кимдир-бирөө 1930-40-жылдары жазса, балким, атылып кетмек, 1950-жылдары жазса сүргүнгө айдалып кетмек, 1960-84-жылдары жазса, өмүр бою (тактап айтканда, СССР жыгылганга чейин) «кара тизмеде» калмак жана чыгармалары эч жарык көрмөк эмес.

Кыргыз улутунун кызыкчылыктарын коргогон, «Манас» эпосун иликтеген, эгемендик идеясына багыт берчү ойлорду китебинде камтыган, кыргыз тилинин макамын чыңдагысы келген далай айдыңдар совет доорунда жайран болуп кетишти же абактан кийин айдыңдык жумуш таппай жүрүп өтүштү. Касым Тыныстанов, Тазабек Саманчин, Кубанычбек Нурбеков, Ракым Усубакунов... Бул тизмеге «бадышаны кулатып, бартияны кан (хан) кылдык» деп партократиялык режим орногонун сынга алган, «басмачылардын акыны» катары жектелген айтылуу Казыбек казалчыны ж.б. эркин ой ээлерин ошол «Кайра куруу» доорунун соңку жылдарында гана кошо баштадык.

Дал ошол тагдыр чечээр «Кайра куруу» доору, айкындык үчүн күрөш жүргөн 1988-жыл үчүн деле Шакебиздин ыры «журт ойготор» (эски коммунисттик цензуранын өкүлдөрүнүн тили менен алганда «журт бузар») чыгарма, уккан кулакты да, аңдаган мээни да сергиткен атуулдук чыгарма болуп калды.

Солдон оңго карай – Шайлообек Дүйшеев, Ч.Бакасов, М.Рыскулбеков, К.Тагаев, К.Жусупов, А.Керимбаев.
Солдон оңго карай – Шайлообек Дүйшеев, Ч.Бакасов, М.Рыскулбеков, К.Тагаев, К.Жусупов, А.Керимбаев.

Бул «Кайдыгерлик» ырын көтөрүлүшчү обончу-ырчы агабыз Сагынбек Момбеков Совет доору ураганы калган кездеги Бишкекте коммунисттик өкмөткө каршы нааразылык жыйындарынын учурунда гана эмес, 1991-жылкы жайындагы «Өмүр көчү» жүрүшү маалында жана башка учурларда Кыргызстандын ар башка дубандарындагы шаар-кыштактарды түрө кыдырып, эл аралап гитардын коштоосунда аткарып жүрдү.

Ошентип, ыр кудурети музыка кудуретине жуурулушуп, дал ушул «Кайдыгерлик» ыры аркылуу Шакебиз менен Сакебиз ар кимиси өз жолу менен элдин сезимине бүлүк салып, жаш муундарды сергек ойго жетелеп, «Көйгөйгө тирикарак көз менен кара!» деп ураан чакырып жүрүштү.

Сагынбек Момбеков «Элдик курултайда» ырдоодо. 17-март, 2010-жыл.
Сагынбек Момбеков «Элдик курултайда» ырдоодо. 17-март, 2010-жыл.

Баса, бул «Кайдыгерлик» ыры «Кайра куруу» доорунан да ашып түштү. Бул ыр азыр деле ойгото электер бар, эми бизге айла жок деңизчи!

Алар үчүн Шайлообек акын бул ырынын дагы бир шиңгилин береги эле «бакиевдик доордо», 2008-жылы жарыялады.

«Кайдыгерлик деген неме,

Кайран элди

Чокуга чабабы дейм,

Кара жолго кареги агабы дейм.

<…>

Кайдыгерлик деген неме,

Абыке-Көбөш болуп,

Ажалын сунуп турат,

Кайнатпай көчүгүңө

Карандай сууну күндө

Куюп турат,

Карасаң маңдайыңда

Калк эмес, кыргыз эмес,

Кашайган дудук турат!.

Тилегеним, эми эл-журтубуз эки ыңкылапты баштан кечирген соң, алдыдагы жылдары деле «Кайдыгерлик» ырынын жаңы шиңгилин жазуу үчүн акынга орчун себеп табылбаса экен!..

«Манас» жана Айтматов таануу

...Кийин анан ыраматылык энем айтпадыбы: «Ка-ап, балам! Мен сени ойготуп ийдим... Бекер ойготуп ийиптирмин, «Манас» айтып аткан экенсиң, үстөлгө отуруп, көзүңдү жумп алып», –– деп. Жин тийген экен деп энем мени силкип тургузуптур да, молдого жетелеп барыптыр. Билем, мен молдого алып барганын. Ошондо жөн койгондо «Манас» айтып кетмекмин, балким?
Шайлообек Дүйшеев

Шакебиздин чоң дөөлөтү, чоң сыймыгы – анын чыгармаларындагы эл кадырлаган рух, эл маашырланган эркин ой.

Агабыздын атуулдук аң-сезиминин калыптанышында «Манас» эпосунун опол тоодой орду бар экен.

Ал түгүл Шакебиз деле жаштайынан манасчы болуп кала жаздаганын мындайча эскерет:

«Кенедей кезимде айылдагы көчөнүн тияк-бияк өйүзүндөгү чал-кемпирлер «Манас» окутушчу, мага. Мен баягы эле көк китепти (кошмо вариантты) көтөрүп алып окучумун. Эч тажачу эмесмин. «Бүттү, балам, эми кет, бул жеринен бүктөп кой, эртең келип оку калганын», - деп тамак-несин берип, анан мени үйгө кетиришчү. Аябай күтчүмүн, "«Манасты» баягы жеринен баштаймын, буюрса" деп. Кийин анан ыраматылык энем айтпадыбы: «Ка-ап, балам! Мен сени ойготуп ийдим... Бекер ойготуп ийиптирмин, «Манас» айтып аткан экенсиң, үстөлгө отуруп, көзүңдү жумп алып», - деп. Жин тийген экен деп энем мени силкип тургузуптур да, молдого жетелеп барыптыр. Билем, мени молдого алып барганын. Ошондо жөн койгондо «Манас» айтып кетмекмин, балким».

Шайлообек агабыздын бул маегин окуп, бала чагымда айыл аксакалдарына ар башка кечте ошол «көк мукаба» кошмо вариантты окуп берип жаткан ыраматылык атам Кадырмамбет Чоро ажы уулу эске түштү (ал киши ыр жазчу эмес, тек гана элет жергесиндеги 1920-60-жылдардагы чогулган калайыкка китеп окуп берүү салтын уланткан); Эчки-Башы айылындагы семетейчи Дуңкана атабызды эстедим; залкар манасчы Жусуп Мамайды, Кытайдагы Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунда, Ак-Тоодо (Чыгыш Памирде), Хотандын Кең-Кыр айылында «Манастан» үзүндү айткан кытайлык кыргыз туугандарды эстедим.

Тыныбек манасчы Сагынбай Орозбак уулуна таасир эткен экен, Сагынбай 1916-жылы улуу көтөрүлүш жеңилгенден кийинки Үркүндө Какшаалга барып, Балбай Мамайга (Жусуп Мамайдын агасына) өз өнөрүн тааныткан экен. Ала-Тоодо Сагынбайдан Саякбай, андан Шаабай, Сапарбек жана башка манасчы аталар бата алышкан... Ушул чынжыр уланып, көрсө, 1950-жылдардын соңунда элеттиктерге «Манастын» кошмо вариантын окуп берип жүргөн Шакебизди да ойготуп кеткен тура.

Акыры Шакебиз «Манас» эпосунун айрым окуяларын акындык жүрөгү менен чечмелеп, 2010-жылы күзүндө китеп кылып жарыялады.

Албетте, «Манастын» үзүндүлөрүн салтка ылайык оозеки төгүп, манасчылык өнөрүн ушул күндөрү да татыктуу аркалап жүргөн замандаштарыбызга миң мертебе таазим этебиз.

Ошону менен бирге, акын Шайлообектин бул аракетин да коломтодогу отту өчүрбөй, очокко жаңы отун калагандай маанилүү далаалат катары баалайбыз. Шакебиздин ыр варианты тууралуу айрым сын кептер да айтылды, бирок чыгармачылык дүйнөсүндө «сыя челектен чыкпаган калем уч гана эч ката кетирбейт» деген чындык сөз бар эмеспи!

Айматов таануу тармагынын илимпоздору да Шакебиздин өзгөчөлөнгөн эмгектерин иликтеп келишет.

Фолклордук мурас деген соолугус мухиттен таасир алган Шайлообек акын «Манастан» кийин эле кыргызды бүт дүйнөгө даңаза кылган Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган кошогунда мындайча айырмалуу саптарды камтыйт:

«...Кымбаттуу уулун жоготуп,

Кыйналып журтуң турабы?

Кыйла элден келип канчанын

Кылгырып жашы кулады.

Кыйырды билген адамга,

Кыргыздын эле тоосу эмес,

Кыямат,

Кылымдын тоосу кулады.

Теминип булут тектирден,

Тескери акты булагы.

Тебелеп келген ажалдын

Текебер беле сурагы.

Теңдешсиз уулун жоготуп,

Теңселип журтуң турабы.

Тескейден келип канча элдин,

Тегизди билген адамга,

Тектирдин эле тоосу эмес,

Теңирдин тоосу кулады...»

Шайлообек Дүйшеевдин маркум Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арнап жазган «Кудайдын тоосу кулады» деген эскерүү китеби (анда кошок да, кара сөз эскерүү да камтылган) 2018-жылы жарык көрдү.

Досу Эсенбай Нурушев жазган Айтматов таануу жаатындагы серебиндей (Нурушев Э. Айтматология: «Жамийла» жана улуттук эрос. -- Бишкек, 2018.) эле, Шакебиздин ушул чыгармасы да өзгөчө талкуунун бутасына айланды да калды.

Айрымдары «Теңирдин тоосу кулады» дегенге чычалап чыгышты. Ала-Тоо аймагы жалпы Теңир-Тоонун бир бөлүгү экендигин, кыргыздар гана эмес, тектеш жана коңшулаш башка элдер да кайгырып турган ошол 2008-жылдагы учур дагы эле жадыбызда. Чынында да Теңир-Тоонун эң ири чокусу урап түшкөндөй эле болгонун жазып, Шакебиз өз кошогун кылымда учурабаган сөз менен шөкөттөй алган деп эсептейм.

Шакебиз сөз берметин издеген учур.
Шакебиз сөз берметин издеген учур.

Ай ушул «Агындылар» ай!

Алтымыш жаштан өткөн соң, тулпар атын (Пегасты) улам жаңы өңүттү көздөй камчыланган Шакебиз публицистиканы, эскерүүнү, жанытмаларды жана ыр саптарын бири-бирине ширелткен «Агындылар» китебин жаратты. Бул китеби аркылуу да ал нечендеген замандаштарын жандантып койду. Эми мурдагы колхоз бригадирлеринен жана кампачыларынан бери Шакебизге атаандашып, өздөрүнүн «Чамындыларын», «Кап түбүндөгү кагындыларын» жана башка аталыштардагы үлкөн же чакан чыгармаларын басма үйлөрүнө ала чуркашты.

Дегиңкиси, булардын бардыгы - дурус жышаан; анткени секулярдык өлкөбүздөгү алтындай убакытты сабатсыз дааватчыларды жана «министр үч аял алышы керек, падышага төрт аял ылайык» деп мыйзамсыздыкка чакырып билермандык кылгысы келген кээ бир молдолорду тыңдаганга караганда, үй-бүлөлүк жана айылдык санжыра камтылган айдыңдык эскерме китепти жазууга коротуу алда канча майнаптуу эмеспи!

Шакебиз өзүнүн 60 жылдыгына арналган жыйында. Бишкек. 26-февраль, 2011-жыл.
Шакебиз өзүнүн 60 жылдыгына арналган жыйында. Бишкек. 26-февраль, 2011-жыл.

Кызыгы ушул - мында да Шакебиз жаңычыл болду. Калемгерлер мурда өзүн-өзү цензуралоо өнөкөтүнүн айынан айтпай келген жагдайларды, анын ичинде өзү деле ыңгайсыз калышы ыктымал болгон учурларды деле, Шакебиз агынан жарылып бапылдап айтып, ымандай сырын төгүп, окурмандардын бир далайын арбап алды. Анын «Агындылары» постсоветтик Кыргызстанда нагыз «мыкты сатылган» (бестселлер) китепке айланды.

Айтылуу журналист агабыз Жаныбек Жанызактын «Айтматовдун айымдары» тууралуу жазгандарына бери жактан туруп эле «ызаланып», залкар жазуучунун намысын коргош үчүн Жакебизди сотко бермекчи болгон айрым жөкөрлөрүн Чыңгыз агай өзү тыйып коюп, ал түгүл бул айымдар жөнүндө өзү да кийинчерээк жүрөк толтосунан чыккан сөздөрү менен эскерген. Демек, Чыңгыз атабыз жердеши Жаныбек агайга карата чоң адамгерчилигин көрсөтүп тим болбостон, өзүнүн көзүнүн тирүүсүндө калайык билгиси келген жагдайлардын чындыгын ачыкка чыгарганга салым кошуп кеткен эмеспи.

Шакебиз болсо өз бала чагындагы баштан кечирген окуяларды, шаардан келген классташ кызын кантип сүйбөй калганынан бери божурап баяндап, анын арасында өз замандаштарынын, устаттарынын, кесиптештеринин бир далайынын бейнесин таамай сүрөттөп берет. Элетти эзген айрым партократтардын кулк-мүнөзүн жана кылыктарын жаап-жашырбай сыпаттайт.

Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов агабыз Экинчи дүйнөлүк согуштан көзү азиз болуп кайткан ардагер Аянкул тууралуу мыкты чыгарма жазган. Аянкул атаны мен да көрүп, салам берип калдым. Кээде Нарын шаарынан Эчки-Башы айылына келип кетчү. Нарын шаарындагы базардын кире беришинде баянда ойноп, калайыктын берген акчасын бүлөсүн багууга огожо кылчу. Сөз жүзүндө согуш ардагерлери тууралуу көбүртүп сүйлөгөн менен, иш жүзүндө бийлик өкүлдөрү Аянкул атадай кишилерди оор акыбалда калтырышканын кийин гана аңдадым.

Нарын шаарында дагы бир карып инсан бар эле. Аны «Жинди Айша» деп коюшчу. Шайлообек агабыз «Агындылар» китебинде дал ушул аял тууралуу эстен чыкпай тургандай баяндап жазыптыр. Мен да Нарын шаарында эркектер кийчү батиңкени байпаксыз кийип алып, алагүү болуп, өзүн шылдыңдагандарга тап берип коюп жүргөн, эч кимге залалы жок бул аялды көп көрүп калчумун.

Шакебиз: «Жинди Айша убагында ай десе аркы жок, күн десе көркү жок укмуш сулуу келин болгон экен, аны ушинтип райкомдор жинди кылып салыптыр» деп айтышчу» деп жазып келип, өзүнчө бөлүмчөдө «райкомдор убагында кимди гана жинди кылган жок» деген сүйлөмдү кыстарып кеткени мага кызык болду.

Чын эле, «Жинди Айша» атыккандай акыбалга кабылардан мурда ал акыл-эстүү, татынакай айым болгондур? Тоталитардык коомдун жазалоочу машинеси аны да жазыксыз жеринен коркутуп-үркүтүп ушундай акыбалга кириптер кылгандыр? Ким билет? Балким, архивдердин жашыруун корлору ачылганда бул аялдын тагдырынын сыры да ачыкка чыгар?

Айтор, кайгы-муңга баткан, обочодо калып запкы көргөн бул аял жөнүндө жагымдуу сөз айтып, андан боюн жыйырган учуру үчүн кайра өзүн күнөөлүү сезгенин мойнуна алган Шакебиз ызалантып, кор кылынып, тебелендиде калган кишиден да өмүр кумарын жана адамдык кадыр-баркты туя билген достоевскийчил маанайын айгинелетип турабы деп ойлойм.

«Агындылар» китебинин мукабасы. 19-октябрь, 2014-жыл.
«Агындылар» китебинин мукабасы. 19-октябрь, 2014-жыл.

«Агындыларда» кээ бир сырлардын жандырмактары да кезикпей койбойт. Маселен, атайын ат арытып Таластан келип, «Асаба» эркин гезитинин кеңсесине баш баккан бир чоң эне өзү ала келген калпакты Хасан Каскадропко кийгизмекчи болот. «Өз колум менен берип койом, ал киши азыр жок эле», - деп Шакебиз тигил чоң энени жылуу-жумшак узатат.

Эгерде ошол чоң эненин көзү тирүү болсо жана «Агындыларды» бери дегенде барактап көргөнгө мүмкүнчүлүк алган болсо, анда ал энебиз Шакебиздин: «...Менин Хасанга түздөн-түз тийешем болгондуктан, эми ага кенен токтолбой эле коёюн», - деген сырдуу саптарын окуганда кантти экен дейм да? «Мына сага!» деп санын чаап алды бекен?

Чокчолой Баатыр сыяктуу эле Хасан Каскадроп да такмазачы «асабачылар» ойлоп тапкан адабий ысымдардан экенин биз айттырбай эле боолголочубуз, бирок Шакебиздин Каскадропко тийешеси бар экенин ал өзү тигинтип мойнуна албаса, кантип билмек элек!..

Ыраматылык Табылды Эгембердиев агабыз «Агындылар» китебин «кара сөз менен ырдалган поэма» деп жогору баалаганы эсте (2013).

Дүйнөлүк адабияттын өрнөктөрүн аздектеген котормочу

Баса, айрым замандаштары Шакебизди жалаң гана кыргыз тилинде жарык көргөн адабият менен оозанган калемгер катары кичирейтип сыпаттап салган учурларга өзүнчө каяша айта кетким келет. Ошол эле китепкөй ойчул Табыкебиз өзүнүн «Агындыларга» жазган баш сөзүндө Шайлообек Дүйшеевди «орусча китеп окубаса да» деп чымчылап кеткен жери бар, бирок Шакебиздин өзүнүн эле чыгармачылыгы мындай бир беткей бааларга тактоо киргизди го деп ойлойм.

Василь Быков, Гродно шаары. 1974-жыл.
Василь Быков, Гродно шаары. 1974-жыл.

Анткени, биринчиден, Шакебиз студент чагында эле Габриэл Гарсиа Маркес (1927-2014), Расул Гамзатов (1923-2003), Василь Быков (белорусча: Васіль Уладзіміравіч Быкаў; 1924-2003), Василий Шукшин (1929-1974), Валентин Распутин (1937-2015) сыяктуу залкарлардын чыгармаларын кубалап, издеп жүрүп окуган.

Эсимде, ыраматылык фантаст Беганас Сартов (1945––1978) жетектеген «Тоо жылдыздары» ийримине Шакебизге удаа биз да барып катышып жүрдүк (Беганас агай каза болгондон кийин чыгармачыл ийримди адабиятчы Советбек Байгазиев, акын Акыл Уйлубаева жетектешти). Шакебиздин досторунан Нуралы Капаров, Жаныбек Өмүралиев (Юморалиссимус), мага теңтуш Кыялбек Урманбетов, Алтын Акпарова, Бурулкан Сарыгулова, Клара Кичинемолдоева, Жыпар Акунова, ж.б. да бар эле.

Беганас Сартов жубайы Алтын менен. 1960-жж.
Беганас Сартов жубайы Алтын менен. 1960-жж.

Ийримдин коноктору – Жолон Мамытов, Табылды Муканов, Анатай Өмүрканов, Акбар Рыскулов, Каныбек Эдилбаев жана башкалар - чет элдик адабияттын устаттары тууралуу кеп салбай койгон учурлар деги эле болчу эмес. Шакебиз да башка элдерден чыккан акындардын агымга каршы турпаты тууралуу кеп салып калчу.

«Агындыларын» окусак, Шакебиз байыркы грек жана рим адабияты боюнча дарс уккан экен (бул сабактан берген Апенди Кадыркулов деген маркум окутуучусун да эскертет). Демек, дүйнөлүк адабият жаатындагы дарстар милдеттүү түрдө окулган жана студент өзү да айрым дүйнөлүк классикалык чыгармаларды бери дегенде кыргыз тилинде окуй алчу.

Ал эми КМУда (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУда) филолог жана журналисттер үчүн кийинчерээк өзүнчө чыгармачыл ийрим иштеди. КМУдагы Султан Раев, Чыныбай Турсунбеков, Кожогелди Култегин, Жедигер Саалаев, Фатима Абдалова, ж.б. таланттуу жаштар студент кезинен эле тири карак чыгармалар жазып чыгышкан. Улуулардан Бекбосун Байтоков, сарыколдук (жерге-талдык) Мирзахалим Каримов, Чолпонбек Абыкеев агаларыбыз да аралашты.

Албетте, Шакебиз өзүнөн кийин келе жаткан толкундун өкүлдөрү менен камыр-жумур болуп эле чогуу кайнап жүрдү. Айрымдарга окшоп «ак ыр» жазууга азгырылбады. Уйкаштык, ыргак менен ойду чагылдыруу Шакебиздин көөдөнүндө өзүнөн өзү оргуп төгүлүп тургандыктан, ал жасалма поэзиялык каражаттарга азгырылган жок го дейм.

Дал ошол кезеңде, демек студент кезинде эле, Шакебиз орустун элет жытын даңазалаган акыны Сергей Есениндин (1895-1925) ырларын кыргызчага алгачкы ирет которууга аракет кылган болчу.

Эми, чыгармачылыгы толукшуган чакта, Шакебиз далай чет элдик акындардын ыр берметтерин орус тилинен кыргызчага татынакай которуп келет.

Маселен, XX кылымдын башындагы орус адабиятындагы символизмдин көрүнүктүү өкүлү Александр Александрович Блок (1880-1921) жазган ырлардын Шакебиз жүзөгө ашырган котормолорун ыракаттанбай окуй албайбыз.

Өрнөк да келтире кетпесек болбос.

Александр Блоктун скифтер тууралуу ырынын Шакебиз жүзөгө ашырган котормосунун акыркы саптары кечиримдүүлүккө, ынтымакка жана бейпилдикке чакырат:

Орусча түп нускада:

Мильоны — вас. Нас — тьмы, и тьмы, и тьмы.

Попробуйте, сразитесь с нами!

Да, скифы — мы! Да, азиаты — мы,

С раскосыми и жадными очами!..

Шакебиздин котормосунда:

«Силер - мильон. Биз - түмөнбүз, түмөн, түмөн, түмөнбүз,

Эр болсоңор, салгылашка чыккыла!

Скифтербиз! Азиатпыз, түгөнгүс, түгөн, түгөн, түгөнгүс,

Кыйгач көзбүз, ач көзбүз биз, уккула!..»

Соңку саптарынын орусча түп нускадагы тексти:

Не сдвинемся, когда свирепый гунн

В карманах трупов будет шарить,

Жечь города, и в церковь гнать табун,

И мясо белых братьев жарить!..

В последний раз — опомнись, старый мир!

На братский пир труда и мира,

В последний раз на светлый братский пир

Сзывает варварская лира!

Шакебиздин котормосунда:

«Чегинбейбиз, кутурган гунн ээр-токумчан жашооңорду жайдак аттай будалап,

Өлүктөрдүн чөнтөктөрүн тоноп, сууруп чачса да,

Чиркөө менен шаарларды өрттөп, үйүр-үйүр жылкыларды аркы-терки кубалап,

Европалык адамдардын этин кууруп жатса да!

Эски дүйнө, каргыш тийгир! Акыркы ирет - көзүңдү ачкын, ойгонгун!

Тынчтык, Эмгек, Бир туугандык - кылымың!

Акыркы ирет, биздейлерге биримдиктин зарылдыгы жаткандыгын ойлонгун,

Баскынчынын чакырыгында ырынын!»

Александр Блок «Кышкы сарайда». 1917-жыл.
Александр Блок «Кышкы сарайда». 1917-жыл.

Александр Блок ушул ырынын орто жеринде өтө сонун чакырык таштаган (1918-жылы жазылган бул ырдын эң мыкты ою – пацифисттик үндөө дал ушул саптарда болсо керек деп ойлойм):

Орусча түп нускада:

«Придите к нам! От ужасов войны

Придите в мирные объятья!

Пока не поздно — старый меч в ножны,

Товарищи! Мы станем — братья!».

Шакебиз ал саптарды мындайча которгон:

«...Келгин бизге!

Согуштардын азабында кан кечкендер кол-бутсуз,

Тынч күндөрдүн кучагына тололу!

Кандын даты сиңген эски бычагы жок,

кылычы жок, кордуксуз,

Мындан ары чындап тууган бололу!»

Коммунисттик доордо далай эки жүздүүлөр, жемкорлор тарабынан ашыра колдонулуп, ышпалдасы чыккан «товарищ» («жолдош») сөзүн четке жылдырып, Шакебиз «чындап тууган бололу» деп кыргыздын кулагына майдай жаккан сөзгө гана басым жасайт.

Эми сөз оролу келди, котормо жаатындагы бир каалообузду да ушул жерге тепчий кетелик.

Шайлообек агайыбыздан айтылуу америкалык акын Генри Уодсворт Лонгфелло (Henry Wadsworth Longfellow; 1807 — 1882) жергиликтүү индейлердин фолклордук усулуна салып жазган «Гайавата жөнүндө ырлар» (The Song of Hiawatha) поэмасын орус тилиндеги котормосуна жана англисчеден сөзмө-сөз котормого салыштырып кыргызча дастан кылып сүйлөтүп берсе деп үмүт кылар элек.

Айтор, Шакебиз мындан ары дагы котормочулук данакерлигин жигердүү улантат деп терең ишенебиз.

Сый-урматка татый бериңиз!

Бул чакан макалабызда Шакебиз алган расмий жана расмий эмес сыйлыктар жана наамдар тууралуу айтып отурбайбыз. Алар тууралуу «Википедиядагы» макаладан жана башка Интернет булактарынан толугураак маалыматты окурман өзү таба алат.

https://ky.wikipedia.org/wiki/Дүйшеев,_Шайлообек

Президент Роза Отунбаева акын Шайлообек Дүйшеевди 60 жылдык мааракеси менен куттуктоодо. Ат-Башы. 21-февраль, 2011-жыл.
Президент Роза Отунбаева акын Шайлообек Дүйшеевди 60 жылдык мааракеси менен куттуктоодо. Ат-Башы. 21-февраль, 2011-жыл.

Айрымдар Шакебизге ушул сыйлыктарды алгандыгы үчүн да кине коюуга үлгүрүштү. Биздин оюбузча, бул сыйлыктар чыгаан акынды өздөрү издеп табышты. Келечекте деле таба беришет деп ишенем.

Ал эми сыйлык ээси мурда кандай жупуну, жөнөкөй болсо, ошондой эле карапайым мүнөзүнөн жанбай, зарыл болсо таңкы алтыда да ишке чыгып, эсепкердин (компүтердин) тергичин манжалары менен илбериңки сыдырып, какайганга деле, кичи пейилине деле бирдей мамиле жасап келгени келген.

Агабыз тууралуу 2011-жылы «Отко чуркаган бала» даректүү тасмасы (режиссёру - Бакытбек Турдубаев) тартылган. Бул тасма залкар акындын жөнөкөйлүгүн ого бетер айгинелеп берди.

Бул чакан тасма да, «Агындылар» китеби да Шакебиздин ишмердигин толук чагылдыра албагандыгы түшүнүктүү. Ал тууралуу Акбар Рыскулов, Түгөлбай Казаков, Эсенбай Нурушев, Разак Сайдилканов, Бекташ Шамшиев, Нуралы Капаров ж.б. агайлар нечендеген кызыктуу окуяларды саймедирлеп айтып келишет.

Шакебиздин «Азаттык» үналгысындагы мээнеткеч күндөрүнүн баяны, күлкүгө бөлөнткөн окуялары эле өзүнчө томдорго тете го деп ойлойм.

Сен үчүн бул «карантин» болсо, мага каран түн болуп жатат!
Шайлообек Дүйшеев

Бир шиңгил. Шакебиз менен дээрлик тушташ «Азаттыктын» Бишкек бюросунда иштей баштаган жазуучу жана журналист досубуз Султан Раев кеңседеги үн жазгыч жана оңдогуч тетиктерди үйрөнүп жаткан алгачкы айдагы баштан кечирип жүргөн кыйынчылыктарын бир жолу мындайча тамашалап сыпаттап калды:

- Биз азыр «Азаттыкта» «карантинден» өтүп жатабыз!

- Сен үчүн бул «карантин» болсо, мага каран түн болуп жатат! - деп Шакебиз дароо кесиптештерин кыраан каткы күлкүгө салды.

Акыры ал «каран түндү» таптакыр артка калтырды.

Эми Шакебиз, –– өз жашындагы далай калемгерлерден айырмаланып, –– өз үнүн студияда жаздырып, эсепкердеги программа аркылуу үнүн да, текстин да оңой-олтоң редакциялай алган, демек, эсепкерди Ат-Башыдагы жорголордой эле шыдыр теминген заманбап медиа кызматкери.

Ал азыркы жаш муундарга улут мурасы жаатында мултимедиа ыкмалары менен таалим берүүгө да кыйла салым кошуп келет (төмөнкү тасманы караңыз).

"Биймерген"
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:05:09 0:00

"Биймерген" тасмасы. Сөзү: Шайлообек Дүйшеевдики. Обону: Азамат Отунчиевдики. Бий аткаруучулар: "Жаз" бий тобу.

Сөз аягында биз өткөндөгү бир макалабыздагы каалообузга «110» деген санды кошумчалап, куттуктообузду жаңыртып коюуну эп көрдүк:

Урматтуу Шайлообек байке! 70 жаш торколуу тоюңуз кут болсун!

Теңир колдоп, ылайым байбичеңиз - Зейне жеңебиздин кашында, урпактарыңыздын төрүндө бакыбаттыкта 110го чыгыңыз!

Ошондо да эсепкериңиз аркылуу ырларыңызды ырааттуу төгүп туруңуз (ал кезде ырларыңызды Интернет аркылуу алеки заматта 200 тилге которуп алышаарын бөркүмдөй көрүп турам).

Ошондо да ырларыңыз менен жан сергитип, сүйүүгө чакырып, азилиңиз менен кытыгылап, курч сөздөрүңүз менен кайдыгерликтин көлөкөсүнөн арылтып, замандаштарыңызды ойгото бериңиз!

Гүлдесте.
Гүлдесте.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Абдували: Уулумду тебелеген айдоочу камалбады

Абдували: Уулумду тебелеген айдоочу камалбады
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:43 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG