"Ынтымак Ордо" талаштуу саясий өтмүшү бар саясатчынын сынын "демократиялык көрүнүш" деп мүнөздөп, бийликти сындаганга эч ким тыюу салбаганын, өлкөдө сөз эркиндиги бардыгын ишарат кылды.
Ошол эле кезде мамлекеттик телеканалдар да Жапыкеевдин пикирлерин жарыялаганы анын айланасында ар кандай түкшүмөлгө жем таштады. Мындан улам айрымдар "бул бийликтин атайын долбоору эмеспи" деген да суроону коюуда. Шайлоо алдында бийлик саясий талаада ачыктык, атаандаштык бар экенин ишарат кылгысы келеби?
Президенттик шайлоодо талапкер болууга арызын берген Сыймык Жапыкеевдин бийликтин кескин сындаган соңку маеги кызуу талкуу жаратып, “шайлоодо бийлик даярдаган фигура” деген божомолдор дагы айтылууда.
Сыймык Жапыкеев “Азаттыктын” азыноолак суроолоруна жообунда мындай пикирлерге комментарий берди. Ал өз дарегине айтылган сынды четке какты.
- Мен президентке сын айтканга моралдык укугум бар. Анткени такка отургузганга чоң себепкермин. Мен айтпаганда ким айтат? Баары эле Садыр Нургожоевич деп бүжүңдөшөт. Ушинтип эле жүрө беребизби? Эмне айтса болбойт бекен? Эмнесин туура эмес айттым? Чындыгында сенсация болуучу маалыматтар.
- Демек, сиз акырына чейин барасыз, эч кандай бийликтин долбоору эмессиз?
- Мен кантип бийликтин долбоору болом? Көрүп жатасыңар, бийлик мени эмне кылып жатканын. Үйдө отурган жерден милицияга алып кетишет. Түнкү саат 1де тыкылдатышат, эшикти ачсам, жулкулдатып алып кетишти. Кийин бүт баарын монтаж кылып чыгарып койду. Мени шерменде кылабыз дешип. Бул акмакчылык. Эмнеси долбоор? Подкаст берип койсо эле долбоор болуп калабы? Садыр Жапаровго айтканга моралдык укугум бар. Башка саясатчыда андай укук жок.
Жапыкеев соңку маегинде президент Садыр Жапаровдун бийлигин кескин сындап, тышкы карыздан баштап, кадр саясаты, сөз эркиндиги тууралуу айтып, өлкөдө кымбатчылык күчөгөнүн белгилеген. Мындан тышкары бир катар маселеде бийликтин дарегине олуттуу дооматтарды койгон.
“Ынтымак Ордо” саясатчынын сынына жылуу жумшак жооп кайтарып, “бийликти сындаганга эч ким тыюу салбаганын” айткан. Кала берсе мамлекеттик телеканалдар дагы Жапыкеевдин пикирине орун берип, “ар ким өз пикирин айтууга укугу бар” деген таризде репортаж беришти. Бийликтин соңку жылдардагы сын пикир айткандарга карата мамилесин эске алганда Сыймык Жапыкеевдин азыркы кескин кыймыл-аракети ар кандай талкууларга жем таштап жатат.
Юрист Айдин Бакытбек уулу төмөнкүдөй талдады:
"Бийликтин батасы жок, мындай темаларды коомчулуктун алдында, азыркы саясий кырдаалда мүмкүн эмес. Демек, бийлик кандайдыр бир деңгээлде уруксат берип жатат. Ошондон улам долбоор экени көрүнүп турат. Негизи эле жалпы саясатчыларды карады, алардын ишмердүүлүгүн, кыймыл аракетин байкады дагы Сыймык Жапыкеевди анализ кылышты. Канчалык деңгээлде дарамети бар? Ошого ылайыктап, бизге ийкемдүү оппозиция болуп бере алат деп ишеништи".
Анткен менен айрым талдоочулар кандай болгон күндө да бийликке карата ачык, курч сындын айтылышын жакшы жышаан катары эсептешет. Шайлоо алдында ачыктык, атаандаштык деген нерселер бийлик үчун дагы маанилүү болуп турат дешет алар. Журналист, саясат талдоочу Адил Турдукулов буларды айтты:
"Cценарий менен болсо деле бул анча жаман эмес. Анткени бийлик өздөрү шайлоо атаандаштыкка өтүшүнө бийлик кызыктар дегендин белгиси. Cценарийден буйтап кеткен учурлар болгон. Ошондуктан өзгөчө Сыймык Жапыкеев алдын ала көзөмөлдөп мүмкүн эмес деп ойлойм. Кандайдыр бир сүйлөшүүлөр болсо деле".
Сыймык Жапыкеев коомчулукка 2020-жылдагы октябрдагы элдик толкундоодо “Чоң Казат” партиясынын лидерлеринин бири катары таанылган. Аны ошол окуялардын модератору же “кыймылдаткычы” катары сыпатташат.
Келерки жылдын 27-январында өтө турган президенттик шайлоого талапкер болуу үчүн төрт жаран арыз берди.
Шерине