Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:25

"Кимдир бирөөгө басым көрсөтүү ниетим жок". Президенттик шайлоодо тең атаандаштык болобу?

Парламенттик шайлоодо тартылган сүрөт. 2025-жыл
Парламенттик шайлоодо тартылган сүрөт. 2025-жыл

Президент Садыр Жапаров алдыдагы шайлоодо аны менен ат салыша турган олуттуу талапкерлер чыгат деп үмүт артарын билдирди. Жергиликтүү медиага курган маегинде ал аймактарды кыдырып жатканы эч кандай үгүт эмес экенин белгилеп, саясий жарыш тең атаандаштыкта өтөрүн айтты.

Ал арада саясатчы Сыймык Жапыкеев талапкер болуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазды. Талдоочулар шайлоодо бийликке тең оппонент чыгарына ишенбей турушат.

Президент Садыр Жапаров акыркы кезде аймактарды түрө кыдырып жатканын шайлоо алдындагы үгүт эмес деп түшүндүрмө берди. Super.kg порталына курган маегинде ал мамлекет башчысы катары милдетин аткарып жатканын түшүндүрүп, шайлоодо тең атаандаштык болорун, административдик ресурс колдонулбай турганын убада кылды.

“Үгүт иштери боюнча бардыгына бирдей шарт түзүлөт. Азыркы эл менен жолугушууларымды үгүт катары кабыл алуу туура эмес. Мен жыл башынан бери эле ар бир районду кыдырып келе жатам. Ноябрь ичи бүтөм. Элдин алдына өзүм чыгып, көйгөйлөрүн угуп, мамлекеттик органдардын ишин көзөмөлдөп жатам. Бул – менин президент катары түздөн-түз милдетим. Эгер мен эл менен жолугушууларда “Мага добуш бергиле, шайласаңар тигини же муну жасап берем” десем, анда үгүт жөнүндө сөз кылууга негиз болмок. Бирок мен эч кимди өзүмө добуш берүүгө чакырган жокмун. Мыйзам талаптарын жакшы билем жана аларды сактап жатам. Башка талапкерлерге тоскоолдук жаратуу же кимдир бирөөгө басым көрсөтүү ниетим жок".

Жапаровдун божомолунда, ага каршы олуттуу оппоненттер чыгат жана шайлоо көп атаандаштыкта өтөт. Анткен менен шайлоого старт берилгенине бир ай өттү, азырынча эки киши талапкер болуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. Саясий талаада ат салышарын билдирген саясатчылар да бирин-серин.

28-октябрда Боршайкомго саясатчы Сыймык Жапыкеев талапкер болуу үчүн арыз берди.

“Миллион сомду Элдик банкка барып төлөдүк. Дүмүрчөгүн берди. Документтин баарын тапшырдык. Бир-эки документ бар экен, аны толуктап бергиле дешти. Баары жакшы. Бат эле тапшырдык. Эгерде калыс атаандаштык болбосо болбойт. Азыр эле айтып коёюн. Калыс атаандаштык болбосо, административдик ресурс болсо, болбой калат. Ошону менен шайлоо бүтүп калат”, - деди Жапыкеев "Азаттыкка".

Жапыкеев президенттикке талапкер болуу үчүн арыз жазган үчүнчү киши болду. Алгач саясатчы Аймен Касенов 14-октябрда, дагы бир жаран Азамат Эсенбеков 27-октябрда арыз берди.

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер болуу ниети барлардын арызын кабыл алууну да өзгөрттү. Мурда алдын ала арыз берүүгө уруксат берилсе, азыр кыргызтесттен сынак тапшырып, 1 миллион сомду төккөндөн кийин гана кабыл алынат. Талдоочулар талапкер болгусу келгендердин аз болуп жатышына бир себеп катары ушул факторду айтса, экинчиси – саясий, укуктук жагдайды белгилешет.

Маселен, акыркы үч президенттик шайлоого талапкер катары чыгып, бийликке негизги оппонент болгон Адахан Мадумаров бул ирет сот чечимине байланыштуу ат салышуу укугунан ажыраган.

“Атаандаштык бүгүнкү күндө дээрлик жокко эсе. Президенттикке баратам деп жарыя кылган киши көрүнгөн жакка учуп барып, көрүнгөн жакта жолугушуу уюштуруп, кепка кийгендердин” айлыгын көбөйтөм деп жатпайбы”.

Мадумаров саясий жарышка өзү катышпаганы менен ал кайсы бир талапкерди колдой турганын жашырган жок.

Соңку жылдары саясий рейтинги арткан саясатчылардын катарында УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев да болгон. Бирок ал шайлоого катышпай турганын, президент Жапаровдун талапкерлигин колдой турганын ачык билдирген. Андай болбогон күндө да Ташиевге карата соттун күчүнө кирген чечими болгону себептүү талапкер боло албайт.

Ошентип президент үмүт кылган олуттуу атаандаш ким деген суроо ачык бойдон.

Юрист Айдин Бакытбек уулу реалдуу атаандаштар болбогон шартта шайлоодо добуш берүүнүн көрсөткүчү төмөндөп, уткан лидердин саясий легитимдүүлүгүнө көлөкө түшөт деген пикирде.

"Маселен, дүйнө чемпиону болгон балбан кайсы бир райондук деңгээлдеги киши менен күрөшпөйт да. Аны жеңген күндө деле аброю түшүп кетет. Азыркы абал да ушундай. 2021-жылкы президенттик шайлоодо 39%, ошол эле жылдагы парламенттик шайлоодо 33% добуш берүү болду. Акыркы парламенттик шайлоодо да 30% ашкан көрсөткүч болду. Демек, азыр реалдуу атаандаш болбосо, шайлоого катышууну көбөйтүүгө мүмкүн болбойт. Акыркы жылдардагы сурамжылоону, элдин маанайын алганда, бул бийликке күчтүү оппонент деп Адахан Мадумаровду айтсак болот. Ошондой эле дайыма сындап келген Равшан Жээнбеков бар. Мавлян Аскарбековду, Нуржигит Кадырбековду, Элвира Сурабалдиеваны жана Эрулан Көкүловду кошууга мүмкүн. Бирок алардын айрымдары соттуулугуна байланыштуу шайлоого катыша албаса, калгандары катышпайбыз деди. Демек, бул шайлоодо реалдуу оппонент жок”.

Президенттик шайлоо келерки жылдын 27-январына белгиленген. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер болом деген жарандардын арызын 13-ноябрга чейин кабыл алат.

Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG