Жогорку соттун чечими
Адахан Мадумаров өзүнө каршы буга чейинки соттук инстанциялар чыгарган өкүмгө каршы Жогорку сотко кассациялык арыз берген. Анын даттануусун Жогорку сот 20-октябрда карап, мурдагы инстанциялардын өкүмдөрүн өзгөртүүсүз калтырды.
Мекеме “оңдоо иштери жүрүп жатат” деген негиз менен журналисттерди сот залына киргизген жок.
Адахан Мадумаров соттон кийин журналисттердин суроолоруна азыноолак жооп берди. Жогорку соттун чечимин өзүн "шайлоого катыштырбоо аракети" деп атады.
“Баарын билип, көрүп, угуп турса да “чечимди керектүү түрдө чыгарабыз. Өзүм билем. Мыйзам деген сөздү унуткула, мыйзам бар деп эскертпегиле” деген чечим болду”, - деди ал.
Адахан Мадумаров эгерде Жогорку сот актоо чечимин чыгарса, 2027-жылы январга белгиленген президенттик шайлоого катышууну көздөгөнүн, алдыдагы саясий жарышта кимди колдорун ойлонорун айтты.
"Ошол ишке бардыртпай коюу аракетинин натыйжасы ушул болуп жатпайбы. Сөзсүз түрдө президенттикке барып күрөшүү эмес, адилеттүүлүк, чындык үчүн күрөшүү токтобойт", - деп жооп берди Мадумаров.
Жогорку сот саясатчыга карата чыгарылган чечим тууралуу маалымат бере элек.
Мадумаровго козголгон иштин таржымалы
Адахан Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген. Биринчиси - Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралганын билдирген. Саясатчы ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.
Адахан Мадумаров “Азаттык” радиосуна берген маегинде иш “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен тергелип, өкүм чыгардын алдында ал “Бийликтен аша чабуу” беренесине алмашканын айткан. Саясатчынын соту жабык өткөндүктөн, берене өзгөртүлгөнү тууралуу маалымат берилген эмес.
2024-жылы 26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Адахан Мадумаровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткен деген негизде жаза чегерген эмес. Жети ай Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында жаткан Адахан Мадумаров 26-апрелге караган түнү боштондукка чыккан.
Бишкек шаардык соту 2024-жылдын 10-июлунда Мадумаровго карата Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган.
Экинчиси - Чыңгыз Абдымомунов аттуу жаран 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган. Бул ишке байланыштуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаевге да айып тагылган.
Адахан Мадумаров өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, соттун чечимин “жапайычылык” деп баалаган. Ал азыркы бийликти кескин сынга алган саналуу саясатчылардын бири.
Макала толукталууда
Шерине