Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:10

Апрель ыңкылабына сегиз жыл


7-апрель, 2010-жыл
7-апрель, 2010-жыл

Кыргызстан Апрель ыңкылабынын сегиз жылдыгын белгилеп жатат. Кыргызстандын тарыхында бурулуш жасаган бул окуя саясий талаш-тартыш күчөгөн учурга туш келди. “Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги эскерүү иш-чарасына буга чейин саясий жактан ара жолго түшкөн экс-президенттер чакырылган.

Апрель окуясын эскерүү иш-чарасы Бишкектин четиндеги “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде өттү. Бул жерде үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыгып, Ала-Тоо аянтында ошол кездеги бийликтин огунан каза тапкандардын айрымдарынын сөөгү коюлган эле.

Быйылкы иш-чараларга президент Сооронбай Жээнбеков баш болгон өлкө жетекчилери, мурдагы президент Роза Отунбаева, ыңкылаптын катышуучулары, бул окуя учурунда жакынын жоготкондор катышты.

Апрель окуясы "Ата-Бейитте" эскерилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:52 0:00

Эскерүү иш-чарасы мазмундук жактан алганда мурдагылардан көп деле айырмаланган жок. Ошол эле маалда Апрель ыңкылабынын сегиз жылдыгын белгилөөнүн алдындагы коомдук-саясий абалды эске алганда иш-чарага экс-президенттер Алмазбек Атамбаев менен Роза Отунбаеванын чакырылганына көңүл бурулду. Бирок өлкө жетекчилери катышкан бул иш-чарага экс-президент Алмазбек Атамбаев келген жок. Социал-демократиялык партия Атамбаев ооруп калганына байланыштуу эскерүүгө катышпаганын билдирди.

2016-жылы Конституцияны өзгөртүү аракетинен улам ал кездеги бийлик менен мамилеси бузулган Роза Отунбаева мындай иш-чараларга чакырылбай калган эле.

КСДП: таарынычтар ачыкка чыктыбы?

КСДП: таарынычтар ачыкка чыктыбы?

Бишкекте 31-мартта КСДПнын курултайы өттү жана анда Алмазбек Атамбаев партия төрагасы болуп шайланды.

Ал эми шайлоо учурунда бир командада болгон Алмазбек Атамбаев менен президент Сооронбай Жээнбековдун мамилесине көлөкө түшкөнү өткөн аптадагы Социал-демократиялык партиянын съездине ачыкка чыккан эле.

Апрель окуяларына карата президент Сооронбай Жээнбеков атайын кайрылуу жасады. Анда "2010-жылдагы апрель окуясы элдик жеңиш, революция катары сыпатталып, өлкө туңгуюктан бараткан жолдон чыгып, жаркын келечекке багыт алганы" белгиленет.

"Элдик революциянын идеяларын жана максаттарын турмушка ашырабыз. Эң башкысы – Кыргызстан эч качан демократиялык багытынан тайбайт" деп айтылган кайрылууда.

Ал ортодо “Ата Мекен” партиясынын активисттери Бишкекте жүрүшкө чыкты. Алар партиянын кеңсесинен Ала-Тоо аянтына чейин жөө келип, "Эл эркиндиги үчүн" монументине гүл коюп, куран түшүрүштү. Арасында Аида Салянова баштаган саясатчылар, парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары бар.

"Ата Мекен" жүрүшкө чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:27 0:00

Жүрүшкө чыккандар партия лидери Өмүрбек Текебаевге, Дүйшөнкул Чотоновго эркиндик берүүгө чакырган, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин саясатын сындаган жазууларды көтөрүп алышкан.

Ошондой эле Ала-Тоо аянтына бир катар коомдук ишмерлер, ыңкылаптын катышуучулары да келишти. Мындай иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында өтүүдө.

"Ата-Бейитте" айтылган арман

Апрель окуясынын сегиз жылдыгында "Ыңкылаптагы үмүттөр акталдыбы?" деген суроо актуалдуу бойдон калууда. Ошол күнү жолдошунан ажыраган Гүлзат Кийизбаева ыңкылаптын максаттары орундалат деген үмүт өчө электигин айтты:

- Биздин үмүтүбүз азыр эле актала калат деп ойлобойм. Мына, балдарыбыз турат. Ошолордун келечеги жакшы болсо үмүт акталат эле. Бизге көңүл буруп, камкордук кылып жатат. Бирок мындай көңүл бизге гана бурулбашы керек. Жалпы элдин жашоосун оңдогонго аракет кылыш керек.

Ал эми 7-апрелде каза болгон Мырзабек Жумаевдин жубайы Гүлжан Солгунбаева тынч жарандарга ок атууга буйрук бергендер ушул күнгө чейин жазасын албай жатканына нааразы:

- Эми жогору жактагыларга деле кээде нааразы болуп кетесиң. Баатыр деген макам беришкен жок. Ачыгын айтканда, элге ок атууга буйрук бергендер соттолгон жок. Мына, Бакиев жыргап эле заңгыраган үйдө жашап жүрөт. Эми Кудайга эле койдук.

"Атамдын көзү тирүү болгондо..."
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:22 0:00

Апрел ыңкылабынан кийин Убактылуу өкмөттү башкарган мурдагы президент Роза Отунбаева өкүнүч жараткан көптөгөн жагдайлар бар экенине көңүл бурду:

- Мурдагы күнү Садык Шер-Нияз жакшы нерсени айтты: ушундай дем менен чыккан ыңкылаптан алда канча жакшы жыйынтык алсак болмок эле. Чынында эле өлкөнү өзгөрткөнгө элдин ушунчалык үмүтү, деми, күчү бар эле. “Кой терисин жамынган карышкырлар” келип, отуруп калышты. Алар биз менен гүлдөрдү коюп, эскерип жатышат.

Ошол эле кезде Отунбаева Апрель ыңкылабын дүйнөлүк коомчулук оңунан баалаганын белгилейт.

Отунбаева: Экс-президенттер да көп иш жасай алат
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:01 0:00

Саясий эксперт Шерадил Бактыгулов 2010-жылдагы ыңкылаптын максаттарын экиге бөлүп карайт:

- Максат жөнүндө кеп кылганда кыска жана узак мөөнөттүү деп экиге бөлүү керек. Кыска мөөнөттүү - Максим, Жаныш Бакиевдердин бийликке аралашуусун токтотобуз, бийликти кулатабыз деп чыккан. Ал орундалды. Ал эми элдин жашоосу өзгөрсүн деген узак мөөнөттүү максат орундала элек.

2010-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы демонстрациялар 7-апрелде аяктап, Бакиев бийликтен кулатылган. Нааразы болуп чыккандарга ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болуп, жүздөн көбү жараат алышкан. Курманбек Бакиев үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан.

Бул күн былтыртадан тарта расмий түрдө майрам күн деп жарыялаган. Быйыл болсо экс-президент Алмазбек Атамбаев жетектеген Социал-демократтардын демилгеси менен Бишкектеги Шабдан Баатыр көчөсү 7-апрель көчөсү деп өзгөртүлдү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG