Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:00

Апрель соту: жазаны күчөтүү талабы айтылды


Апрель соту: жарыш сөз уланууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:10 0:00

Апрель соту: жарыш сөз уланууда

Аскер соту бүгүн апрель окуясы боюнча айыпталуучулардын жарыш сөзүн угат. Кечээги отурумда жабырлануучулар соттун буга чейинки өкүмдөрүн жокко чыгарып, окуяга күнөөлөнүп жаткан атайын кызматтын өкүлдөрү менен айрым аткаминерлердин жазасын катаалдатууну талап кылышты.

Кыргызстандын республикалык аскер сотунда 29-мартта 2010-жылдагы апрель окуясы боюнча соттук териштирүү уланды. Жабырлануучулардын адвокаты Чолпон Байбачаева соттон Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басарлары Нурлан Темирбаев, Данияр Дунганов, экс-башкы прокурор Нурлан Турсункулов, УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов, ошол кездеги президенттин кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиев, коргоо министри Бактыбек Калыев, президенттин катчылыгынын мурдагы башчысы Оксана Малеванаяга чыгарылган өкүмдү өзгөртүп, катаал жаза берүүнү сурады. Атайын багыттагы «Арстан» жана «Альфа» бөлүктөрүнүн жоокерлерин да жазалоо талабын койду:

- Алар окуя башталардан мурун алган окторунун бир тобун колдонуп, калганын кайтарып беришкен. Окту асманга атышкан жок да. Андыктан актоо тууралуу чечимди жокко чыгарып, жазага тартуу керек.

"Ата-Бейит"
"Ата-Бейит"

Жабырлануучулардын дагы бир адвокаты Сартбай Жайчыбеков да атайын багыттагы жоокерлердин күнөөсү бар деген пикирде:

- Жапа чеккендердин колунда балдарынын, туугандарынын октон каза тапканы тууралуу кагаздары бар. Алар жоокерлер элди атып коюшуп, жазадан кутулуп кетеби деп нааразы болуп атышат.

Атайын бөлүктүн жоокерлерин жазага тартууга байланыштуу жабырлануучуларда ич ара талаш-тартыш жаралган. Жабыркаган тараптын дагы бир адвокаты, “Эр теги” коомдук бирикмесинин төрагасы Осунбек Жамансариев атайын бөлүктүн кызматкерлеринин арасынан Расул Байтоков менен Олег Ребенокту жазалоо зарылдыгын айтып, калганынын айыбы жок деген позицияны карманууда:

- Бир тарап бардык жоокерлерди эркинен ажыратууну талап кылса, биз экөө гана күнөөлүү деп айтып атабыз. Ал эми калганын далил жок деген жүйөө менен актоого макул болгонбуз.

29-марттагы сот отурумунда жабырлануучулардан тышкары айыпталуучулардын жактоочусу да пикирин айтты. Адвокат Улан Дастан уулу атайын бөлүктүн кызматкерлерин актоону сурап жатат:

- Алар буйрук аткарган. Коюлган айыптар далилденген эмес. Мындан улам соттун актоо тууралуу өкүмүн күчүндө калтырууну өтүндүк. Ал эми жабырлануучулардын дооматы негизсиз деп ойлойм.

Апрель окуясында Ак үй алдында каза болгондор.
Апрель окуясында Ак үй алдында каза болгондор.

Буга чейин 28-марттагы жараянда прокуратура «Альфа» жана «Арстан» бөлүктөрүнүн мурдагы башчылары Алмаз Жолдошалиев менен Байыш Эсенбай уулунун айыптары далилденгенин айтып, аларды 6 жылга эркинен ажыратуу боюнча чечимди өзгөртпөөнү сунуштаган. Ал эми тынч митингге чыккан элди атууга эч кандай аракет көрбөгөнү ырасталды деген негизде Нурлан Турсункулов, Элмурза Сатыбалдиев, Мурат Суталиновго, өлкөдөн качып кеткен Оксана Малеванаяга чыгарылган өкүмдү күчүндө калтырууну сураган.

Эки жыл мурун сотто Суталинов 20 жылга эркинен ажыратылып, саламаттыгына байланыштуу сот өкүмү күчүнө киргенге чейин үй камагына алынган. Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчисинин орун басары Данияр Дунганов 25 жылга эркинен ажыратылып, ал да ден соолугунан улам үй камагына чыгарылган болчу. Негизги айыпталуучулардын ичинен мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыевге карата кылмыш иш кыскартылган. УКМКнын атайын бөлүгүнүн жоокерлеринин баарынын акталышына жабырлануучулар макул болбой жогорку инстанцияга доо-арыз жолдогон.

Ал эми Каныбек Жороев, Элмурза Сатыбалдиев, Нурлан Турсункулов 10 жылга эркинен ажыратылып, камакка алынган. Учурда Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Нурлан Темирбаев, атайын даярдыктагы “Альфа” бөлүгүнүн командири Алмаз Жолдошалиев камакта отурат. Сот өкүмү менен Темирбаев 22 жылга, Жолдошалиев алты жылга кесилген.

Мурдагы президент Курманбек Бакиев Минскидеги маалымат жыйынында
Мурдагы президент Курманбек Бакиев Минскидеги маалымат жыйынында

Апрель окуясы боюнча соттук териштирүүнү баштан аяк Бишкек аскердик гарнизондук сотунун судьясы Дамир Оңолбеков карап, 2014-жылы 25-июлда өкүм чыгарган. Анын негизинде мурдагы президент Курманбек Бакиев, иниси, Күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов өмүр бою сыртынан соттолгон. Курманбек Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев кызмат ордун мыйзамсыз таштап кеткен деп табылып, 10 жылга сыртынан кесилген. Сыртынан 10 жылга соттолгондордун арасында Оксана Малеваная да бар.

Расмий маалымат боюнча, Бишкекте 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик толкундоолордун натыйжасында 80ден ашуун адам окко учкан, 500дөн ашууну жараат алган. Апрель окуясы боюнча соттук териштирүү ошол жылдын 30-ноябрында башталганы менен алты жылдан бери аягына чыга элек.

XS
SM
MD
LG