Амирбек Азам уулу Усманов Ала-Тоонун күнөстүү, жүзүм менен өрүк жыттанган өңүрү – айтылуу Баткен жергесинде туулуп өстү. Анын кичи мекени – Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы (мурдагы Кеңеш доорундагы Ош облусунун Фрунзе районундагы) Чаувай айылы. Фергананын аптабы менен тоодон келген желаргыны өзүнө айкалыштырган бул айылды ары-бери тепчип өтүп бара жатып, ар дайым “Амир байкенин айылы” деген жылуу сезим менен өтөм.
Ал дал ушул узун тарыхы бар дыйканчылык жана багбанчылык айылында 1956-жылы жалган куран (март) айынын 25инде жарык дүйнөгө келген. Атасы Азам Осмон уулу өз кыштагындагы жаштарды илим-билимге шыктандырган кадыр-барктуу айдың киши болгон экен. Сыягы, ары мырзалык, ары карапайым сылыктыкты Амир байке өз атасынан, мээримдүүлүктү – Коңур энеден алган шекилдүү.
Башка балдарды окуу жайларга үндөп чектелбестен, алар өз уул-кыздарын да билимге түртүшкөн. Амир байкени атасы улан кезинде Бишкектеги (мурдагы Фрунзе) спорттук жатак мектепке тапшырат. Андагы окуусун 1973-жылы бүтүргөн соң, Амир байке бир жыл Айдаркендин жанындагы Ормуш айлындагы орто мектепте дене тарбия мугалими болуп иштеген.
Балким, орто мектептен кийинки бир жылдык эмгек далай кишилерге курулай өткөн убакыт катары саналышы ыктымал. Бирок, борбор шаарда жетилген, мүнөзү жарс-жартылай шаардык болуп калган Амир байке үчүн өзүнүн орошон 70 жылдык өмүрүндөгү бактылуу көз ирмемдер дал ошондой эрезеге жетип, айыл турмушун ичтен таразалаган учур катары алтынга бааланса керек.
1974–1976-жылдары ал аскер кызматын өтөп, Түштүк Кавказ чөлкөмүндөгү айтылуу Бакы жана Тбилиси шаарларында болду. Аскерде жүргөндө кавказдык жүзүм ширесин да татыды, өз айылындагы багбандык турмушка да салыштырды. Орус тилин мыкты билген идиректүү жигит сержанттык курска да жиберилген.
Сүйүү жана билим тартуулаган Ленинград
Аскерден кайткан соң, Амир байке Чаувайдан Бишкекке эмес, андан да алыстагы шаарда – бир кездери падышалык Орусиянын, демократиялык ыңкылапчыл Убактылуу өкмөттүн борбору жана Орусиядагы Кеңеш бийлигинин алгачкы байтактысы болгон Санкт-Петербург (ал кездеги Ленинград) шаарына аттанды.
Ал 1978–1983-жылдары Ленинграддагы Н.А.Вознесенский атындагы каржы жана экономика институтунда окуган. Коммунисттик режим кулагандан кийинки доордо Санкт-Петербург мамлекеттик экономика университетинин курамына кирип кеткен бул окуу жайда А. М. Александров, А. Н. Молчанов, П. М. Павлов, А. И. Ротштейн, П. И. Савичев, А. И. Худобин, И. М. Сыроежин, Г. Н. Черкасов, О. И. Шкаратан, ж.б. чыгаан экономист ж.б. илимпоздор иштешкен.
Мурда да баса белгилеп жазганыбыздай, дал ушул ленинграддык доор Амирбек байке үчүн өзгөчө күрдөөлдүү болгон.
Мында ал горбачевдук "кайра куруу" доорунда кыргыздын демократиячыл уюмдарынын алгачкы карлыгачынан болгон “Ашар” козголушун уюштуруучулардын бири болгон Жумагазы Усупов (Чоң Аюу; 1953–2024) менен бирге студенттик ынтымакты уюштурган. (Маркум Жумагазы агабыз 1981-жылы Ленинград мамлекеттик университетинин (азыркы Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин) журналистика факультетин аяктаган). Ленинграддык кыргыз студенттер ошол жылдары кол жазма түрүндө таркатылган студенттик журналды негиздешкен. Ошол журналдын редактор жана авторлорунун бири болгон.
Ал Ленинград мамлекеттик университетинин журналистика факультетинде окуган Абибилла Пазылов жана башка алатоолук чыгармачыл жаштар менен байма-бай жолугушуп, диаспоралык чөйрөнүн ынтымагын чыңдоого салым кошуп турган.
Ленинграддагы китепканаларда Ала-Тоодо эч табылбас китептер, ал эми калайыкта колдон колго өтүп окулчу жана дүйнөгө башкача карооого чакырган мыйзамсыз (“өздүк басмага” – “самиздатка” таандык) басылмалардын нускалары кеңири таркалчу. Студент кезинде Мажарстанга (Венгрияга) чейин барып, Борбордук Европанын маданияттуу өлкөсүн ичтен иликтеп, көзү кыйла ачылганын кеп кылып калат.
Амир байкенин эң башкы утушу – дал ушул Нева дарыясына тепчиткен, буурул үндөргө түнөк болгон көркөм шаарда Зинагүлдү – өз сүйүүсүн, өз музасын, өзүн дайыма жаңы өңүткө шыктандырган кегетилик татынакай студент кызды тапканы болду. Алар түтүн бүлөтүшүп, эки уулдуу, бир кыздуу болушту, эми алар неберелерин тарбиялап жатышат.
Ала-Тоодогу чыгармачыл ишмердиги
Амирбек байке Ленинграддан Кыргызстанга кайтып келген соң, оболу адистигине байланыштуу кызматтарды аркалаган. Маселен, 1983–1989-жылдары ал Кыргыз мамлекеттик статистика комитетинде иштеди.
Ал эми горбачевдук "кайра куруу" доорунда, 1980-жылдардын этегинде ал журналисттик тармакка өттү.
1989-жылы Амирбек байке КТРдын (азыркы КТРКнын) астанасын аттап, бул улуттук медиа мекемеде ар кыл кызматтарда иштеп калды.
Амир байке СССРдин туңгуч жана акыркы президенти Михаил Горбачев менен КТР үчүн атайын маек куруп, көгүлтүр экранга чыгарган кез дагы эле эсимде. Ал кезде аны менен тааныш эмес болчумун.
Бул улуттук сыналгы компанияда Амир байке 1993–1994-жылдары вице-президент кызматын аркалаган. Дал ушул учурунда ага мен (ал кезде КУУнун кафедра башчысы, доценти жана “Азаттыктын” Бишкек бюросун башкарган сырт кабарчысы элем) көп ирет жолугуштум.
Ал эми 1994-жылы Амир байке Бишкек шаарында көз каранды эмес “Дасмия” мааалымат каражаттар тармагын уюштурууга салым кошуп, анча-мынча убакытка жеке менчик “Дасмия” үналгысынын деректири да болуп иштеди.
“Азаттык” үналгысындагы унутулгус жылдар
Тээ 1995-жылы бугу (май) айында “Эркин Европа/Азаттык Үналгысы” (ЭЕАҮ) компаниясы өз башкеңсесин Германиянын Мүнхен шаарынан Чехиянын борбору Прага шаарына көчүрмөй болгондо, ага утурулай жаз мезгилинде ЭЕАҮнүн бир катар тил кызматтарынын эски курамдагы журналисттери Германияда кала берүүнү же иштерин башка өңүткө алмаштырууну чечишти. Ошондо алардын ордуна тиешелүү жумурияттардан жаңы кызматкерлерге орун ачылды.
Бул орундарга иргөөнүн жүрүшүндө Амир байке да “Эркин Европа/Азаттык Үналгысынын” Кыргыз кызматына чакырылды. Оболу 1995-жылдын бугу (май) айынан тартып ал Германиянын Мүнхен шаарындагы “Азаттык үналгысынын” башкеңсесинде кызматкер болуп иштей баштады. Көп узабай, ушул айдын акыркы күндөрү, “Эркин Европа/Азаттык Үналгысы” компаниясы Прага шаарына көчтү.
Амир байке да Прага шаарына келип, ошондон тартып Чехиянын ордо шаарында байырлап келди.
Ал бир катар жылдар бою (анын ичинде ушул саптардын ээси “Азаттык үналгысынын” деректири болгон жылдары) ЭЕАҮнүн ушул Кыргыз кызматынын деректиринин орун басары да болуп иштеп келди. Маселен, мен Амир байкеге жалпы үналгы жаатындагы берүүлөрдү башкаруу ишин, ал эми Венера Сагындык кызына 2004-жылдан тартып өз ишин баштаган мултимедиалык “Азаттык Плюс” жаштар берүүсүн жетектөө милдетин тапшырган элем.
Эми “Азаттык” үналгысы (ЭЕАҮнүн Кыргыз кызматы) канатын андан ары жайып, улам жаңы жаш журналисттерге мектеп болуп калды. Биз ардагерлердин сабын толуктадык.
Жаңы табылгалардын жигердүү аңчысы
Амирбек Аззам уулу башка калемгерлер байкабаган нечендеген кызыктуу темаларды ачып берүүдө. Анын ошондой оригиналдуу мөмөлөрүнүн бири – сталиндик доордо Херсондогу Чалбасы жана башка кыштактарга жазыксыз айдалып кеткен айрым кыргыз “каймактарынын” кейиштүү тагдырынын барактарын жеринен иликтөө иши болду.
Анын бул темасын көп узабай “Эсимде” изилдөө аянтчасы улантып, “эсимдечилер” ал түгүл путиндик режимдин эгемен Украинага каршы 2014-жылы башталган баскынчыл согушунун 2022-жылы кеңири өлчөмдө улантылган баскычынын ирегесинде да Чалбасы жергесинде иликтөө жүргүзүүгө жетишти. Бирок алар үчүн булак көзүн ачкан алгачкы изилдөөчү – Амирбек Азам уулу болгондугун “эсимдечилер” да ар дайым баса белгилеп келишет.
Ал эми Биринчи дүйнөлүк согушта туткунга түшүп, Баткенге чейин келген австриялыктардын калтырган изи жаатындагы Амир байке ачып берген өңүт азыр дагы жаш иликтөөчүлөр үчүн кызыктуу мерчем бойдон кала берүүдө.
Амир байке заманбап чех тарыхчысы, доктор Петр Кокайсл менен бирдикте жарыялаган “Кыргызстан тарыхы: Күбөлөрдүн көзү менен” (Петр Кокайсл, Амирбек Усманов. История Кыргызстана глазами очевидцев. - Nostalgie, 2012. - 978-80-905365-5-5.) эмгеги кыргыз тарыхын калыс жана жаңыча усулда иликтөөдө, асыресе, тарыхый окуялардын күбөлөрүнүн эч стаьистикага сыйдырылбай обочодо кала берип келген маалыматтарын илим жана жарандык эстутум чөйрөсүнө киргизүүдө өзгөчө орунга ээ десек жаңылышпайбыз.
2018-жылы ага Ош мамлекеттик университетинин ардактуу профессору наамы ыйгарылгандыгы – анын талыкпас изилдөөчү катары эмгегин баалаган дурус кадам болду.
Жазмакер кесиптешибиздин калеминен "Тобокел Мамыровдун бийиктиги".- Бишкек, "Улуу Тоолор", 2024, 208 бет. даректүү очерк жана кыргыз, орус, англис тилдеринде Asatilla Teshebaev, Painting. Graphics. Collage. Moscow 2020. "Паблит" басмасы. 368 бет жыйнактары жаралды.
Тажрыйбалуу калемгер баалуу чыгармаларды чет тилдерден кыргызчага которуу жаатында да үзүрдүү иш алып барууда. Маселен, Амир байке орто кылымдардагы көп этностуу парсы тилдүү калктардын маданий бермети болгон айтылуу “Кабуснааме” чыгармасын орус тилинен кыргызчага которгон жана бул котормо 2009-жылы Бишкекте жарык көрдү.
Амир Азам уулу "Түндүк Америка: индей туугандарыбыздын керемет жомоктору" (Адабиятташтырып жазган Жозеф Бручек) деген китепти англисчеден кыргызчага таржымалап, бул котормо "Улуу Тоолор" басмасынан 2021-жылы чыкты.
Ал теги испан, бирок орусиялык калемгер катары таанымал Рубен Давид Гонсалес Гальего (Rubén David González Gallego) мырза жазган "Турмуштун куурал-жыргалы" (орусча: "Белое на чёрном") деген автобиографиялык чыгармасын кыргызчага которуп, 2021-жылы "Китеп.kg" басмасы аны жарыялады.
Адамгерчилик тек гана сөздө шардана кылынып, бирок чыныгы турмушта майыптар обочодо калган кырдаалды өз жон териси менен сезген бул жазуучунун тагдыры жөнүндө окуган соң, окурмандар дүйнөдөгү орусиялык болшевиктер жана кийин В.Путин ж.б. түзгөн ар кыл авторитардык режимдердин тушундагы карапайым майыптардын тагдыры тууралуу ойлонууга чакырылат. Учурда Израилде байырлап жаткан Рубен Давид Гонсалес Гальегонун өз атасы – венесуэлалык, энеси Аурора Гальего – испан. Рубен – Испания элдеринин Коммунисттик партиясы деген уюмдун баш катчысы Игнасио Гальегонун жээн небереси.
Ал 1968-жылы Маскөөдө Кремлдеги ооруканада төрөлгөн кезде, ага шал оорусу диагнозу коюлган. Ымыркай кезинде Кеңеш бийликтери жана өз таятасы аны “өлдү” деп жарыялашып, наристе өз энеси Аурорадан ажыратылып, балдар үйүнө жөнөтүлгөн зомбулук окуя орун алган (2001-жылы гана Рубен өз энеси менен Прагадан табышкан). Ал акыры өз тагдырын өзү бийлөөгө жана өзүн жаратман инсан катары таанытууга жетишет.
Рубен Давид Гонсалес Гальегонун чыгармасынын майыптарга сырттан карабастан, алардын тилектеши катары алардын көзү менен ичтен кароо чакырыгы Амир байкенин котормосу аркылуу кыргыз коомчулугуна жеткендиги – азыркы жарандык коом үчүн утуш болуп саналат.
Кажыбас саякатчы жана туризмдин “дааватчысы”
Амирбек Аззам уулу заманбап кыргыз журналисттеринин ичинен тынымсыз саякат кылган жана элди туризмге, дүйнө таанууга тарткан инсан катары да өзгөчө бөлүнүп турат. Аны жаңы муундагы “саякатнаамачы Кеңеш Жусупов” деп бааласак болот.
Амир байке жеке жана үй-бүлөлүк сапарлары маалында чет жерлердеги ажайыпканаларды, көргөзмөлөрдү, тарыхый жайларды кыдырып, жергиликтүү калайыктын маданияты, салт-санаасы менен жакындан таанышууга жана өз окурмандарына саякаттагы табылгалары менен үлөшүүгө дилгир инсан.
Прагада иштеп жүргөн чагында ал жана жубайы Зина өздөрү жүз ирет барган Батыш Европадагы ажайып жерлерди улам жаңы кыргыз конокторго данакер болуп тааныштырып, меймандостук менен коштоп жүрүшкөнүнө биз да күбөбүз.
Чаувайлык фолклор даамданган чыгармаларыңызды жаратып жаткан изденгич дем-күүңүз ого бетер арта берсин!
Шерине