Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:17

Лондон августун багындырган «Жамийла»


Быйыл Улуу Британия үчүн өзгөчө жыл болду. Айрыкча Лондон өзүнүн жакшы жактарын дүйнөгө жар салып, салтанат куруп жаткан кези. Олимпиаданын жыйынтыгы Кыргызстан үчүн жакшы болбой, мекендештеримдин, спортчулардын шаабайы сууп турган чак.

Бирок кечээ бир окуя жеңилүү ызабызды да, жетпей калган медалдарга болгон өкүтүбүздү да жууп кетти десем жаңылбайм. Британияда «Уотерстонс» аттуу 300гө жакын чоң дүкөндөрү бар китеп саткан соода борбор иштейт. Бул өлкөнүн бирден бир таанымал атрибуттары Королева, Бөкүнгөм сарай, Гайд Парк, Бекхэм жана Черчиллден тышкары, ар бир турист кирип, маашырлана кыдырып, жок дегенде ырымга бир китеп ала кетчү жайы - «Уотерстонс».

Ушул жайдын август айындагы китеби Чыңгыз Айтматовдун «Жамийласы» болуптур. Таң калганымды, сүйүнгөнүмдү, сыймыктанганымды айтпаңыз! Жөн эле Лондондун көчөлөрүндө кыялым менен учуп, мен жашаган жердеги «Уотерстонсту» башыма көтөрүп чуркадым.

Айдын китеби болуу деген эмне? Жогоруда айтканымдай, 300дөй дүкөнү бар бул жайда айына миллиондогон китептер сатылат. Миллиондогон фунт стерлингдер айланат. Дүйнө жүзүндөгү эң ири китеп саткан жайлардын алдыңкы катарында турат. Он тогузунчу кылымдан бери иштеп жатат. Демек бул китеп жайдын өз тарыхы, азыркы китеп базарындагы потенциалы эң жогору турат.

Мына ушул дүйнөлүк деңгээлдеги китеп дүкөндүн айдын китеби деген салты бар. Ондогон, балким жүздөгөн жылдардан бери бузулбай келген бул салтка ылайык, ар бир айда эң мыкты деген жазуучунун китеби дүкөндүн чоң айнегине коюлуп, атайын бурчта ошол китеп тууралуу маалымат берилип, анан дүкөнгө кирген ар бир кардардын көзүнө дароо урунчу жерге коюлуп сатылат.

Англиялыктар бул салтты ар дайым колдошуп, айдын китебин сөзсүз сатып алышат экен. Ал эми мындай жакшы статуска ээ болуш өтө кыйын дешет адистер. Анткени «Уотерстонстун» жетекчилиги ар бир айда коюлчу китептин маани-мазмунун, көркөмдүк деңгээлин дүйнөлүк атактуу адабиятчылар, жазуучулар менен кеңешип, «Уотерстонстун» жетекчисинен баштап, дүкөндө кардарларга кызмат көрсөткөн жөнөкөй сатуучусуна чейин окуп чыгышат. Андан соң гана чечим кабыл алынат.

Биздин «Жамийла» мына ушундай электен өтүп, англисчеси жаркырап жаңыдан басылып, 2012-жылдын август китеби болуптур! Дал ушул айда Лондон Олимпиадасы өтүп, бул шаарга миллиондогон турист агылууда. Дүйнө эли азыр Лондондо. Демек анын баары болбосо да жарымынан көбү август ханышасы - «Жамийланы» көрүп жатышса керек.

Олимпиадада медаль ала албай жер сүзүп отурганда мына ушул жаңылык Кыргызстаныма шык берип, анын дүйнөгө дагы бир ирет Айтматов аркылуу дүңгүрөп жатканын айткым келет. Кечээ кадимкидей көзүмө жаш алдым. Китеп дүкөндө «Жамийланы» кучактап ары-бери чуркап, дүкөндүн ар бир кызматкерине «Бул менин өлкөмдүн китеби!» - деп кыйкырдым. Ал эми сатуучулар болсо оозу толо жылмайып тим гана: «Сүйүү тууралуу жазылган эң мыкты чыгарма экен. Жазуучунун талантына тан бердик. Биздин сүйүктүү китебибизге айланды. «Жамийла» эми биздики», - дешет.

А мен болсо Лондондун учу кыйры бүтпөгөн кыйма-чийме көчөлөрүнө «Жамийланы» көтөрүп алып чуркагым келди!


Бактыгүл Чыныбаева, Лондон
XS
SM
MD
LG