Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:08

Кыргызстан Сириядан эки жылда 432 жаранын алып келди


Сириядан Кыргызстанга алынып келген балдар менен аялдар. 20-февраль, 2024-жыл. Бишкек, Кыргызстан.
Сириядан Кыргызстанга алынып келген балдар менен аялдар. 20-февраль, 2024-жыл. Бишкек, Кыргызстан.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы Сириянын түндүк-чыгышындагы атайын лагерлерден баш-аягы Кыргызстандын 432 жараны алынып келгенин билдирди. Алардын 303ү балдар, калган 129у аялдар.

Кыргызстан эл аралык коомчулуктун жардамы менен Сириядагы жарандарын “Айкөл” гуманитардык миссиясынын алкагында 2023-жылдын февраль айынан тарта этап-этабы менен алып келе баштаган. Былтыр 333 аялдар жана балдар мекенине кайтарылган.

Быйыл 20-февралда дагы 99 адам алынып келди. Алардын ичинен 28и аял жана 71и балдар.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. Террордук уюмдарга кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган. Андан бери бул аймактарда канча кыргызстандык жүргөнү тууралуу так маалымат жок.

Буга чейин Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ирактын жана Сириянын түрмөлөрүндө отурган кыргызстандык 200дөй аялдын жана 400дөй баланын тизмеси аныкталганын билдирген. (BTo/JEg)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG