Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:35

АКШ Навальныйдын өлүмүнө байланыштуу Орусияга каршы санкциялардын ири пакетин жарыялады


Навалныйды эскерүү. Москва
Навалныйды эскерүү. Москва

АКШ орус оппозициялык саясатчысы Алексей Навальныйдын колонияда каза болушуна жана Украинадагы эки жылга созулган согушка байланыштуу Орусияга каршы санкциялардын ири пакетин жарыялады.

Кандай чаралар көрүлөрү 23-февралда айтыларын АКШ президенти Жо Байден Калифорниядагы сапары учурунда билдирди. Рейтер агенттиги белгилегендей, президент кеңири маалымат берген жок.

Шейшембиде Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча өкүлү Жон Кирби санкциялар даярдалып жатканын билдирген. Кирби Кошмо Штаттары Орусиядан Алексей Навальныйдын колониядагы өлүмүнүн жагдайларын ачык-айкын түшүндүрүүнү талап кылганын баса белгиледи.

«Орус бийлиги дүйнөгө эмне деп айтууну чечпесин, Навальныйдын өлүмү үчүн президент Путин жана анын чөйрөсү жооптүү экени анык», - деп айтты Ак үйдүн өкүлү.

«Америка авазы» радиосу жазгандай, ал ишенимдүү иликтөө жүрбөгөндүктөн орус бийликтерине ишенүүгө болбойт деп кошумчалады. Кирбинин маалыматына караганда, АКШнын Москвадагы элчилиги Навальныйдын каза табышы боюнча көбүрөөк маалымат алууга аракет кылып жатат.

Оппозиционердин өлүмү тууралуу орус бийлиги 16-февралда билдирген. Жаза аткаруу федералдык кызматынын версиясында өзгөчө тартиптеги колонияда отурган Навальный сейилдеп келгенден кийин өзүн начар сезип, эс-учун жоготкон. Ага чейин 27-жолу катаал шарттагы жазалоочу камерага отургузулган.

Саясатчынын тарапташтары аны өлтүрүшкөн деп эсептейт. Жакындарына анын сөөгүн өткөрүп берише элек. Жесири Юлия Навальная күйөсүнүн ишин уланта турганын билдирди.

АКШ президенти Жо Байден Навалныйдын өлүмү үчүн жоопкерчилик орус президенти Владимир Путинге жүктөлөрүн буга чейин айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG