Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:57

Таштандыны кайра иштетүүчү заводду кура турган ишкана менен келишим үзүлдү


Бишкектин түндүк тарабындагы таштанды төгүүчү жай.
Бишкектин түндүк тарабындагы таштанды төгүүчү жай.

Бишкек мэриясы шаарда таштандыны кайра иштетүүчү заводду куруу боюнча чехиялык HDT Impex s.r.o. жана ReGreen s.r.o. компаниялар консорциуму менен түзүлгөн келишимди жокко чыгарганы белгилүү болду.

Бул тууралуу борбор калаанын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын 21-февралдагы жыйынында айтты. Ал шаардык кеңештин депутаттарынын суроолоруна жооп берип жатып, келишим экс-мэр Эмилбек Абдыкадыров кызматта турганда эле үзүлгөнүн кошумчалады.

“Алар (HDT Impex s.r.o. жана ReGreen s.r.o.) берилген мөөнөттө ишти аткарбагандыктан, муниципалитет келишимди узартуудан баш тарткан. Азыр шаардын мэри Айбек Жунушалиевдин демилгеси менен кытайлык Junxin компаниясы менен таштандыны кайра иштетүүчү заводду куруу боюнча келишимге кол коюлган. Ушул тапта техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгып жатабыз. Курулуш иштерин жаз айларында баштоо пландалууда”, - деди ал.

Бишкек мэриясы чехиялык ишканана менен 2023-жылдын март айында келишим түзгөн. Ага ылайык, компания заводду 45 миллион долларга куруп бермек. Ал өзүн 15 жылда актайт деп айтылып жаткан.

Бишкектин таштанды маселеси бир топ жылдан бери эле орчундуу көйгөй болуп келе жатат. Маселени чечүү үчүн Кыргызстан 2018-жылы Европа Биримдиги менен Европа банкынан 22 миллион евролук насыя жана грант алып, таштанды жайын көмүү, жаңысын ишке киргизүү иштери жасаларын жана акыр-чикирди ылгоочу завод курулары айтылган. Бирок долбоор дагы деле бүтө элек.

Бул боюнча “Азаттыктын” атайын иликтөөсү да чыккан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG