Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:19

Бишкек мэри таштанды полигонуна чехиялык компания завод курарын билдирди


Таштанды полигону.
Таштанды полигону.

Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү заводду чехиялык компания курат. Бул тууралуу баш калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

Анын айтымында, завод куруу маселесин талкуулоо үчүн бүгүн чехиялык компаниянын өкүлдөрү менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жолугушкан.

"Бир жылга чукул биз бул маселенин үстүндө иштедик. Эки компания бар эле, аягында чехиялык компанияга токтолдук. Алардын таштандыны кайра иштетүүчү завод курууда чоң тажрыйбасы бар экен", - деди.

Маалыматка караганда, завод 45 миллион АКШ долларына курулуп, чехиялык компания каржылайт. 15 жылда өзүн актарын айткан Бишкек мэри заводго бюджеттен каражат кетпей турганын белгиледи.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР) Бишкекке таштанды төгө турган жаңы полигон куруу жана рекультивация кылуу иштерине 2012-жылы “Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу тутумун жакшыртуу” деп аталган долбоорду каржылоого 22 миллион евро (жарымы насыя, жарымы грант түрүндө) бөлүүгө макул болгон.

Каржы министрлигинин 9-декабрдагы маалыматына караганда, ЕБРР убада кылган 22 миллион евронун 12 миллиону келген, калган акча бөлүнө элек.

Бөлүнгөн акча максаттуу пайдаланылбай калганы тууралуу маселе парламентте бир нече жолу көтөрүлүп, талкуу жараткан. “Азаттык” да бул боюнча өз иликтөөсүн жарыялаган.

Кылмышка шектүүлөрдүн бири катары Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовго издөө жарыяланган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG