Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:18

Сот залында ымыркайы менен отурган келиндин маселеси парламентте көтөрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин 1-марттагы жыйынында депутат Тазабек Икрамов социалдык тармактарга сүрөтү жарыяланган ымыркайы менен сот залында отурган келин боюнча маселе көтөрдү. Ал алган карызын төлөй албаганы үчүн камакта отурганын айтып, мамлекетти каржы жагынан жардам берүүгө чакырды.

28-февралда келиндин сот залында отурган сүрөтүн анын адвокаты Замир Жоошев Фейсбукка жарыялаган. Анын айтымында, шектүү жылдык 144% менен алган карызын төлөй албаганы үчүн иш козголуп, кош бойлуу кезинде тергөө абагына киргизилген. Ал 15-февралда жабык жайда төрөгөн.

Бишкектин Свердлов райондук соту былтыр декабрда аны алты жылга эркинен ажыратуу боюнча чечим чыгарган. Жоошев бул иш учурда шаардык сотто каралып жатканын, келиндин дагы алты жаш баласы бар экенин да жазган.

Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы бул маалыматты ырастап, кийинки отурум 2-мартка белгиленгенин, келин алдамчылыкка шектелгенин тактады.

Былтыркы расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 11 түзөтүү мекемеси, алты тергөө изолятору, бир түрмө, 13 түзөтүү абагы, 50 аймактык жаза аткаруу инспекциясы бар. 2020-жылга карата жаза мөөнөтүн 9 миңден ашуун адам өтөп жатат. Алардын 500дөн ашууну аялдар.

Кыргызстандагы жалгыз аялдар абагы Чүйдүн Степное айылында жайгашкан. Анда 350дөй аял отурса, алардын 25 пайызы "Киши өлтүрүү" беренеси менен соттолгон. Расмий маалыматта алардын жарымынан көбү күйөөсүн же зомбулук көрсөткөн башка адамды өлтүрүп алгандар. (TAb)

XS
SM
MD
LG