Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:49

Жапаров илимдин колдонмо жагына көңүл бурууга чакырды


Улуттук илимдер академиясынын жылдык жыйыны.
Улуттук илимдер академиясынын жылдык жыйыны.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 28-февралда Улуттук илимдер академиясынын жылдык жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Ал энергетика жана машина куруу тармагын тез арада жандандыруу керектигин белгиледи. Ошондой эле экономикага илимий мамиле жасалып, буга окумуштуулар да катышуусу зарыл деди.

"Бүгүнкү күндө өлкөбүздө стратегиялык мааниге ээ болгон бул тармак 70ке жакын илимий уюмдан турат, анын активинде 1500гө жакын илимдин доктору, 5500 илимдин кандидаты бар жана жыл сайын 700 млн. сомго жакын суммада мамлекеттик бюджеттен каржыланат. Жогорку окуу жайларынын 230 миңден ашык студентинин потенциалы толук ачылбастан, экономикага начар тартылган. Ошол эле учурда билим берүүнү экспорттоо жакшы деңгээлге коюлган – бизде 83 миңден ашык чет элдик студенттер бар. Туруктуу өнүгүү кызыкчылыгы үчүн илимдин инклюзивдүүлүгүн камсыз кылуу зарыл", - деди ал.

Жапаров өлкөдө илимди талап кылган тармактарды калыбына келтирүү боюнча иштер башталганын билдирди.

Улуттук илимдер академиясы бир нече илимий институттан турат. Бул мекеме өткөн кылымдын 50-жылдарында негизделген. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин ага улуттук деген макам берилген. Институттун ишмердиги сынга алынып, бул тармакты реформалоо керектиги айтылып жүрөт. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG