Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:29

Иманалиев бала бакча ачуу үчүн лицензия жокко чыгарыларын айтты


Кыргызстанда бала бакча ачуу үчүн талап кылынган лицензия 1-марттан тарта жокко чыгарылат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев 28-февралда Бишкекте өтүп жаткан “Билимдүү Кыргызстан” улуттук демилгеси уюштурган жолугушууда билдирди.

Министрликтин басма сөз кызматы өкмөттүн лицензиялоо тууралуу токтомуна өзгөртүү киргизүү үчүн кат даярдалып жатканын маалымдады.

Иманалиев буга чейин Жогорку Кеңештин 24 депутаты демилгелеген “Билим берүү жөнүндө” мыйзам долбоорун колдой турганын айтты.

“Билим берүү жөнүндө” мыйзам долбоорун Жанар Акаев баштаган депутаттар тобу демилгелеп, коомдук талкуудан өткөн. Долбоор жарандык коомдун, билим берүү тармагындагы эксперттердин, Министрлер кабинетинин колдоосу менен иштелип чыккан. Анда бала бакчаларды, жеке мектептерди ачуудагы бюрократиялык көрүнүштөрдү жоюу жана талаптарды жеңилдетүү, мугалимдердин кагаз иштерин азайтуу, билим берүү деңгээлин баалай турган ыкмаларды иштеп чыгуу камтылган.

Коомдук-саясий ишмерлер, билим берүү тармагындагы мекемелер, эксперттер кирген “Билимдүү Кыргызстан” улуттук бирикмесинин ачылышы 28-февралда болду.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда 1712 бала бакча бар, аларда тарбияланып жаткан бөбөктөр 199 миңдин тегерегинде. Мектептер 2,5 миңге, окуучулар 1,5 миллионго чамалады. (TAb)

XS
SM
MD
LG