Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:30

Орусия Украинадагы согуш тууралуу макала үчүн "Википедияга" айып салды


Украинанын Херсон аймагындагы согуштун жүрүшү боюнча карта. Википедияга жарыяланган сүрөт. 5-октябрь, 2022.
Украинанын Херсон аймагындагы согуштун жүрүшү боюнча карта. Википедияга жарыяланган сүрөт. 5-октябрь, 2022.

Москва шаарынын Таганский райондук соту орусиялык үч аскер бөлүгү тууралуу маалыматты өчүрүүдөн баш тартканы үчүн "Википедия" сайтынын ээси "Викимедия" фондуна 2 миллион рубль айып салды. Reuters агенттиги билдиргендей, сот "Википедиядагы" маалыматты “жалган” деп эсептеген.

Макалада 74-гвардиялык мотоаткычтар бригадасы, 138-өзүнчө мотоаткычтар бригадасы, 92-ракеталык бригада тууралуу жана орус аскерлеринин Украинанын Харьков, Лисичанск жана Мариуполдогу жүрүшү боюнча маалыматтар жарыяланган.

“Америка авазы” билдиргендей, "Википедия" сайты баарына жеткиликтүү көп тилдүү интернет-энциклопедия, ага каалаган адам маалымат жарыялай алат.

Ушуну менен Орусиянын администрациялык мыйзам бузуулар кодексине ылайык, "Википедия" сайты төртүнчү жолу айыпка жыгылды. Өткөн жылы фонд Орусиянын Украинага каршы согушу тууралуу эки макаланы өчүрүүдөн баш тарткан.

Орусия былтыр февралда Украинага басып киргенден кийин орус бийлиги Кремлдин расмий версиясына дал келбеген маалыматтарды чыгарган сайттарды бөгөттөп же айып салып келүүдө. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG