Мамлекеттик курулуш агенттиги Ысык-Көлдүн жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар буздуруларын жарыялады. Көл жээгинде уруксатсыз деп табылган бир нече обьект түрттүрүлүп, айрымдарына эскертүү берилди. Анткен менен айрым ишкерлер бийлик органдары "эскертүүсүз эле имараттарды бузуп жатат" деп нааразы.
Мындан отуз эки жыл мурда жер көчкү корунучунан улам Сүлүктү шаарынан көчүрүлгөн 70тен ашык үй-бүлөгө Лейлек районунун аймагынан жер берилип, жаңы айыл түптөлгөн.
Дүйшөмбү күнү кечинде Харьков облусунун Боровое айылында 4 тургун жараат алган. Ал эми Орусиянын Белгород облусунун башчысы дрон чабуулунан 6 киши каза тапканын соцтармактарга жазды.
Анклавдын түндүк тарабынан ооп келген, айлап алачыктарда башкалкалаган газалыктар бир жарым миллиондой киши кайда барат деп түшүнбөй отурушат. Ал арада ок атууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу сүйлөшүүлөрүнөн бул ирет майнап чыгабы деген суроо ачык бойдон калууда.
Дүйшөмбүгө караган түнү Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарына абадан дагы бир сокку урулду. Израиль армиясы бул аймактын тургундарын чыгыш райондорунан чыгып кетүүгө чакырды. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровдун апелляциялык арызын Бишкектин Биринчи май райондук соту артка кайтарды.
5-майда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Баткен жана Жалал-Абад облустарында сел жүрдү.
Акыркы жылдары тармактык маркетинг аркылуу витаминдер, биологиялык активдүү кошулмалар (БАК) көп сатыла баштады. Бирок анын баары эле пайдалуубу? Эмнеге топурак жеп, кара чайды көп ичпеш керек? Бул жана башка орчундуу суроолорго дарыгер Бекжан Турабеков жооп бермекчи.
2-майда Сузак районунда окуучулар арасында "Манас" айтуу боюнча сынак өтүп жатканда токтоп турган "Хундай-Портер" жүрүп кетип, 30дай окуучуну коюп кетти. Оорурканага түшкөн өспүрүмдөрдүн арасында абалы оорлору бардыгы кабарланды. Машиненин айдоочусу кармалды, кырсыктын чоо-жайы иликтене баштады.
Грузин парламенти “чет элдик агент” тууралуу мыйзам долбоорун 1-майда экинчи окууда кабыл алды. Оппозиция жана жарандык коом мыйзамга каршылыгын билдирип, эки күндөн бери Тблисиде митингге миңдеген адам чогулуп жатат.
Сузактагы "Манас айтуу" иш-чарасында унаа тебелеп кеткен балдардын арасынан баш сөөгү сынып, жарааты олуттуу экени айтылган тогуз жаштагы кызга Бишкекте операция жасалды.
Баш каалаанын башчысы Айбек Жунушалиев 16-апрелде Ататүрк паркынан жеке жактарга жер берген мэриянын буга чейинки 124 токтому жокко чыгарылганын билдирген. Ушул тапта сейил бакта мыйзамсыз курулган 198 объект бар деп эсептелген. Мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жер кантип кайра шаарга кайтарылат?
Дагы жүктөңүз