Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:38

Чек арада атылган ок: тараптар түшүндүрүү иштерин жүргүзөт


Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш аймагы. Архив
Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш аймагы. Архив

Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде ок атылган окуядан кийин эки тараптын күч түзүмдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугушуу өткөрдү.

Кыргызстандын Баткен облусу боюнча жана Тажикстандын Согд облусу боюнча чек ара өкүлчүлүктөрү 8-майда жолугушту.

Чек ара кызматы кабарлагандай, жолугушууда чектеш аймактагы чатактардын себептери, чек арада мал жайып жүргөн тургундардын жүрүм-туруму талкууланып, жаңжалдарды алдын алуу маселелери, түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү сүйлөшкөн.

Баткен жана Согд облустарынын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышкан бул жыйынга Лейлек районунун акими Канимет Осмонбеков да барган.

“Биз азыр эле жолугушуудан келдик. Эки тараптуу жолугушууда 7-майдагы окуя боюнча сүйлөштүк. Эки тараптын жергиликтүү бийликтери айылдарыбызда элге түшүндүрүү иштерин жүргүзмөй болдук. Чагымга алдырбай, күнүмдүк тиричиликти кадимкидей жүргүзө беребиз. Кооптонууга да негиз жок. Кошуналардын жараны мал жайып жүрүп чек араны кесип өтүп, туура эмес аракет жасаган экен. Окуя ошондон чыккан. Азыр баары жакшы, жолугушуу жакшы өттү. Тынчсызданууга эч негиз жок”, - деди Осмонбеков.

Баткендеги кыргыз-тажик чек ара тилкесинде 7-майда ок атылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Чек ара кызматы тараткан 7-майдын кечинде тараткан маалыматта айтылгандай, Лейлектин Ак-Босого конушуна жакын жерде тажикстандык малчылар чек арадан өтүп кетип, чек ара кезметинин эскертүүлөрүн тоготкон эмес.

"Чек арачылардын Кыргызстандын аймагынан чыгуу талабына Тажикстандын жарандары көңүл бурбай, тескерисинче, аскер кызматчыларын көздөй таш ыргытышкан. Чабандардын бири Кыргызстандын чек ара кезметин көздөй эки-үч жолу ок чыгарган. Жагдайдын курчуп кетишине жол бербөө максатында Кыргызстандын чек арачылары асманды көздөй эскертүү иретинде ок чыгарышканда, чабандар Тажикстандын аймагына качып кетишкен", - деп айтылат Чек ара кызматы тараткан маалыматта.

Кыргызстандын чек арачыларынын арасында жараат алгандар жок. Чек ара кызматы бир тажик жараны бутуна жаракат алгандыгы жөнүндө такталбаган маалымат барлыгын кошумчалаган.

Тажикстандын маалыматы

Тажикстандын Жаббор Расулов районунун Кургонча айылдык кеңешинин башчысы Нодир Усмонзода "Озоди" радиосуна жергиликтүү тургун кыргызстандык чек арачылар ок атканда жарадар болгонун ырастаган.

7-майда "Озодиге" берген комментарийинде ал Кургонча кыштагынын тургуну Олимжон Абдуллоев бутуна ок жеп, райондук ооруканага жеткирилгенин билдирген.

"Олимжон уулу менен мал жайганы чыккан, ошол маалда кыргыз чек арачылары пайда болуп жаш жигитке доомат айтышкан. Олимжан муну угары менен окуя болгон жерге барган, натыйжада айтыша кетип бутуна жараат алган. Чыр Кыргызстандын эмес, Тажикстандын аймагында болгон. Алардын жанында курал болгон эмес, алар эч кимди аткан" эмес" деген Усмонзода. "Озоди" жабырлануучунун абалы туруктуу экенин жазган.

Тажикстандын Чек ара кызматы 7-майда кечинде "Олимжан Абдуллаев өзүнүн статусуна жараша (ал тарых мугалими) коңшулук мамилеге доо кетирген иш-аракеттерге барган эмес. Бирок ага каршы курал колдонулуп, жараат алган" деп маалымат тараткан.

Коңшу мамлекеттин чек ара кызматы "чыр-чатак боюнча эки өлкөнүн атайын органдары иликтөө жүргүзүп жатканын, чек арадагы кырдаал көзөмөлдө" экенин кошумчалаган.

Баткендин жашоочулары эмне дейт?

Чек арага жакын айылдын тургуну Жумагүл алгач маалымат тараганда анча-мынча кооптонуу болгонун айтты:

"Маалыматты укканда эмне болот деп бир аз чочуладык. Элге дароо эле абал жакшы экенин, окуя тынч бүткөнүн айтышты. Эми чоң жаңжал кылалы дегендерге жол бербесе керек деп ойлойм. Себеби, эки тарап чек араны чечип жатат. Тактап бүткөнү калды деп айтып жатышат, мурдагыдай чыр болбойт деп эле ишенип турабыз".

Чек арадагы Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаев эл кооптонбосун деп так маалымат таратылганын, эл күнүмдүк тирилиги менен алек болуп, жай турмуш кадимкидей жүрүп жатканын айтты:

"Мырза пачча деп койобуз, Ак-Босого деген жерде окуя болуптур деп уктук. Анан интернетке да маалымат чыкканда, айыл тургундары мага чалып сурашты эмне кылалы деп. Биз чек арачылар менен элге абал тынч экенин, кооптонбой эле жашай берүү керектигин түшүндүрдүк. Азыр эч ким тынчсызданбай эле турат, баары жакшы. Биз жакта чек ара такталып бүткөн да. Талаша турган эч нерсе жок".

Мурунку жылдары чек ара маселеси чечилбегендиктен аймакта чыр-чатактар болуп турган. Эң ири жана көп курмандыктарга алып келген жаңжалдар 2021-жылы апрель-май айларында жана 2022-жылы сентябрда катталган. Биринчи чоң жаңжалдан кийин Кыргызстан делимитациялоо жана демаркациялоо иштери толук аяктаганга чейин чек арасын бир тараптуу жапкан. Ушундай шартта чек араны тактоо иштери ыкчамдатылган. Соңку маалыматтарга ылайык, 50-55 чакырымдай такталбаган тилке калганы айтылып келет.

Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын атайын кызматтарынын төрагалары - Камчыбек Ташиев, Абдусалом Азизов жана Саймумин Ятимов 6-майда Ферганада жолугушуусу өткөнү кабарланган. Анда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо жараянын тездетүү чаралары белгиленгенин, кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган жерлер боюнча макулдашууларды даярдоо жана кол коюу маселесинде өкмөттөр аралык комиссия мүчөлөрүнө тапшырма берилгенин Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 7-майда билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG