Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:59

«Кыргызтелеком» акционердик коому телефон байланыш акысын жогорулатат.


Бул тууралуу «Кыргызтелекомдун» вице-президенти Буркан Жумабаев 16-октябрда «АКИ-ПРЕСС» агенттигинде өөн маалымат жыйынында билдирди. Анын маалыматына караганда, Кыргызстанда жергиликтүү жана шаар аралык телефон байланыш акысы өз наркынын 70 гана процентин түзөт. Ошондуктан, телефон байланыш акысын кеминде 30 процентке көтөрүүгө жана ага рентабелдүүлүктү кармоо үчүн дагы 20 процентти кошууга мажбур. Ишкана буга негиз берчү атайын план иштеп чыгып, аны байланыш боюнча улуттук агенттиктин кароосуна берди. Улуттук агенттик аны жактырса жаңы жылдан баштап телефон байланыш акысы кеминде 50 процентке жогорулайт жана ошол эле учурда эл аралык телефон байланыш акысы 20 процентке төмөндөтүлөт. Ал эми тарифти көтөрүүгө болсо Эл аралык банктан алынган 50 миллион долларлык кредитти төлөө зарылдыгы түрткү болууда.

XS
SM
MD
LG