Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:18

Австралиядагы аза күтүү


Улан Алымкул уулу Жекшембиде Австралияда аза күтүү күнү өткөрүлүп , өлкө калкы Индонезиянын Бали аралындагы террордук акт учурунда курман болгон мекендештеринин элесин эскерди. Ал эми Индонезияда болсо иликтөө иштери уланып жатат. Полиция Балидеги жардырууга катышы бар деген шектелген жергиликтүү уюмдун жол башчысын камакка алды.

Индонезиянын Бали аралында жүздөн ашуун австралиялыктын өмүрүн алган жарылуу Австралия үчүн Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң кандуу окуя катары каралууда. Эсиңиздерге сала кетели, Бали аралынын курорттук Кута шаарындагы жардыруу октябрдын он экисинде, ишембиден жекшембиге караган түнү жасалган . Анда террорчулар бутага алган түнкү клубдун ичинде эс алып жүргөндөрдүн көпчүлүгү австралиялыктар эле. Балидеги жарылууда жалпысынан 190 дой киши курман болду , дагы 300 дөй киши жаракат алган .
Ал эми ушул жекшемби күнү өлкөнүн бүткүл аймагында чиркөөлөргө , гүлбактарга , стадиондорго чогулган миңдеген австралиялыктар ошол террордук чабуул учурунда набыт болгон мекендештеринин элесин эскерди. Баардык жерде мамлекеттик желектер ылдый түшүрүлүп , күн ортосунда бүткүл өлкө бир минутка тыныгып , аза күттү. Премьер- министр Жон Ховард окуяга байланыштуу калкка жасаган кайрылуусунда анын өлкөсү АКШ баштаган эл аралык антитеррордук компанияга катышууну улантаарын ырастап , бирок келечекте австралиялыктарга каршы дагы террордук актылар жасалуу тобокелчилиги бар экенин эскертти:
"Мен эч кимди коркуткум келбейт. Бирок биз азыр башка дүйнөдө жашап жатабыз жана буга окшогон окуя Австралия жергесинде болбойт деп кепилдик бере албайм " ,-деди премьер- министр Жон Ховард . Ал эми мындан бир аптача мурун сүйлөгөн сөзүндө Жон Ховард Балидеги террордук актыга кайрылып төмөнкүлөрдү айткан эле:
" Бул кырсык иш жүзүндө дүйнө терроризмдин чакырыгына кептелгенин көргөзгөн каардуу эскертүү болду. Терроризм каалаган адамга , каалаган жерде, каалаган убакта залал келтире алат деген өткөн жылдын эскертүүсүн бул үрөй учурган окуя ырастады. Мен эми кайрадан терроризмге каршы согуш аяоосуз жана эч шартсыз жүргүзүлүшү керек деп гана айта алам", - деген Австралия премьер- министри Жон Ховард.
Аза күтүү күнүндө Австралияга коңшусу Жаңы Зеландия да тилектештик билдирип өкмөттүк имараттарында , кемелеринде илинген желектерин түшүрдү. АКШ менен Британия көңүл айтуу кайрылууларын жолдоду.
"Биздин өлкө силер менен чогуу аза күтөт , биз силер менен бирге кайгыланабыз. Биз ыйга кабылган үй –бүлөлөр жана жаракат алгандардын тез сакайуусу үчүн сыйынабыз ",- деп айтылат АКШ президенти Жорж Буштун австралиялыктарга багышталган видео кайрылуусунда.
Ал эми АКШ мамлекеттик катчысы Коллин Пауэл өз сөзүндө австралиялыктарды терроризмге каршы глобалдык согуштан четтебөөгө чакырды.
Австралиянын антитеррордук согушта АКШ менен союздаштыгын өлкөдө баары эле кубаттай бербейт. Террорчулар австралиялыктарды Балиде АКШ менен өнөктөштүгүнөн улам бутага алды деп эсептегендер да бар .
Ал эми мунун аралыгында Индонезияда жети өлкөдөн чогулган жүздөй тергөөчү иликтөө иштерин улантууда . Ишемби күнү Индонезия полициясы ооруканада жаткан жеринен дин ишмери Абу Бакар Баширди камакка алды. Бийликтердин ишениминде , молдо Башир "Аль-Кайида " уюму менен байланышы деп саналган жергиликтүү " Жамия Ислами " уюмунун рухий көсөмү. Айыпкер өзү ага карата айтылган шек саноолорду камалганга чейин эле жокко чыгарган . Айтор , Балидеги террордук акт үчүн аталган эки уюм: "Аль-кайида " жана "Жамия Ислами " шектелип жатканы менен азырынча жетиштүү далилдер табыла элек.

XS
SM
MD
LG