Капсалаңда чөгүп кеткен кемеде бары болуп 50 дөй жүргүнчү болгон эле. Суудан дагы эки кишинин сөөгү табылды. Калган жүргүнчүлөрдүн тагдыры белгисиз. Азербайжандын Каспий кеме ишканасына таандык "Меркурий" деген сал Казакстандын каспийдеги Актау портунан Бакыга бир миң тонна мунай ташып бараткан эле. Кырсыктан аман калгандар катуу шамалдан мунай цистерналары аңтарылып кетип, салда өрт чыкканын айтып беришти.