Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:56

Режеп Тайып Эрдоганга ишенсе болобу?


3-ноябрда Түркияда болгон парламенттик шайлоодо жеңип чыккан Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагасы Режеп Тайып Эрдоган Түркиянын негиздөөчүсү Ататүрк түптөгөн секулярдык жолду карманам деп жарыя кылды.Исламчыл партиянын лидери билдирүүнү Ататүрктүн каза болгонун 64 жылдыгына байланыштуу жасады. Эрдогандын сөзүнө ишенсе болобу?

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагасы Режеп Тайып Эрдоган ал жетектеген партия Мустафа Кемал Ататүрк көрсөткөн жолдон чыкпасын жарыя кылды. “Биз Ататүрктүн жактоочуларыбыз жана жаңы Түркияны курууда, анын принциптерине таянабыз”,- деди Эрдоган жекшемби күнү Ататүрктүн саганасынын жанында аны эскерип сүйлөгөн сөзүндө.

Ататүрк 1923- жылы Осмон империясынын урандысында динден тыш жана Батышчыл жаңы Түркияны негиздеген.

Washington Post гезитине жекшемби күнү басылган интервьюда да: “Партиябыз динге таянган исламчыл эмес. Биздин партия секуляризмди- демократиянын маанилүү бир бөлүгү деп билет”,- дейт Ердоган.

Ердогандын партиясы Батыштын баалуулуктарын кабыл алып, Түркияны Европа союзуна кошууну өзүнүн негизги борчу деп жарыялаганы менен, көпчүлүк байкоочулар Адилеттикке ишене беришпейт.
Ишенбөөчүлүк, бир жагынан, Адилеттик тыйуу салынган исламчыл партиянын негизинде түзүлгөнгө, экинчи жактан, Ердогандын өзүнө байланыштуу. Ердоган 4 жылдай мурда, кайсы бир жолугушууда: “Адам бир эле учуруда мусулман жана секулярист боло албайт”, -деген.
Бул кубулушту, Вашингтондогу Түркияны изилдөө борборунун мүдүрү Бюлент Алириза: “АКП өзүн биз исламчыл эмеспиз деп айтканы менен,аларга болгон ишенбөөчүлүк кала берет. Бул жерде бир жактуулук болбосо да, анын каршылары барын- бардай айта берет”,- деп түшүндүрөт.
Андай шектенүүнүн далили катары Европанын конституциялык кеңешинин төрагасы Валери Жискар Де “Естендин Түркияны ЕСке кабыл алууга карата айткан пикирин алса болот. “Түркия ЕСке мүчө болуп өткөндөн кийин, биримдиктин күнү бүтөт. Түркия Европага жакын өлкө катары баалуу, бирок европалык өлкө эмес”,- деген Франциянын мурдакы президенти.
Деген менен, “Хурриет” гезитинин талдоочусу Эмин Чоласандын баамында, Адилеттик партиясы чындап эле өзгөргөн. “Исламчыл саясатчылардын демократка айлануусу- кырдаалга байланыштуу. Күтө турсак, көрөбүз”, -деп сабырдуулукка чакырат Чоласан.
Түркиянын тарыхындагы биринчи исламчыл премьер-министр Нечмеддин Ербаканды өзүн конституциянын сакчысы санаган түрк генералдары 1997- жылы бийликтен мажбур кетирген. Ербакандын тажрыйбасын кайталабоо үчүн Эрдоган өлкө секулярдык жолдон чыкпайт деп батышчыл маандайдагы түрктөрдү жана Батыш өлкөлөрүн ишендирмек болууда деген да шектенүүлөр бар талдоочулар арасында.
Эрдоган Адилеттик партиясынын саясатын жалгыз жүргүзө албайт. Партияда исламчылар да болгондуктан, лидер алар менен эсептешүүгө мажбур жана бийликке келип калса, өкмөт ислам тарапка ооп кетиши ыктымал эмеспи? Бул суроону Ыстамбулдагы Хожа Төпө университетинин тарых кафедрасынын башчысы, профессор Надыр Давлетке бергенимде, аалым мындай жооп берди: “Түркия конституция боюнча секулярдык мамлекет. Ошондуктан, өлкө түзүлүшүн эч ким, эч бир партия өзгөртө албайт. Түркиядагы исламчыл эмес секулярдык бийликти өзгөртүү аракети болсо, ага каршы тийиштүү чара ошол замат көрүлөт. Мындай кадамга айрыкча армия каршы”т.
Парламенттик мандатка ээ экинчи партия, Ататүрк негиздеген Республикачыл партиянын лидери Дениз Байкал жекшемби күнү Ердоган премьер-министр болуусу үчүн, конституцияга зарыл өзгөртүү киргизүүнү анын партиясы колдорун билдирди. Буга караганда, Республикачылар партиясы Ердоган өлкөнү секулярдык жолдон чыгарбасына ишенет көрүнөт.
Ердоган 1998-жылы исламчыл акындын ырын окуганы үчүн сот жообуна тартылгандыктан, конституцияга өзгөртүү киргизилмейинче, премьер-министр боло албайт.
Ким Түркиянын жаңы өкмөтүн жетектери ушул аптада президент Ахмед Сезер Неждет менен Адилеттик партиясынын 50 адамдан турган кеңешинин мүчөлөрүнүн кездешүүсүндө такталмакчы.
XS
SM
MD
LG