Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:59

Реформачыл саясатчы Абдулла Нури эки жолдун айрылышында


Ирандын таанымал реформачыл саясатчыларынын бири, өлкөнүн мурдакы иштер министри Абдулла Нури үстүбүздөгү айда мөөнөтү бүтпөй жатып абактан бошотулду. Нури үч жыл мурда Ислам республикасына каршы элди үгүттөдү жана диний жөрөлгөлөргө шек келтиргени үчүн беш жылга эркинен ажыратылган. Ирандын президенти болууга татыктуу деп эсептелген Абдулла Нуринин келечек саясый ишмердиги кандай болот?

Абдулла Нури -Иран Ислам Республикасынын негиздөөчүсү Аятолла Рухалла Хомейнинин мурдакы жардамчысы. Мохаммад Хатами президент шайлангандан кийин, Нури тышкы иштер министрлигин жетектеген. Аны ирандыктар либералдуу багыттагы өтө популярдуу “Хордад” гезитинин ээси катары да билишет.

Абдулла Нури өлкөдөгү саясый системаны либералдаштырууну жана эскичил динаятчылардын бийлигин чектөөнү ачыктан ачык жактаганы үчүн элди өкмөттүк түзүлүшкө каршы ташбыйкаттады, диний канондорго шек тийгизди деп күнөөлөнүп, 1999- жылдын ноябрь айында беш жылга эркинен ажыратылган.

Ирандын баш көсөмү Аятолла Али Хаменейи өткөн аптада Нуриге бир тууганы жол кырсыгында өлгөнүн баана кылып, аны абактан бошотту.

Аяталланын сөзүнчө, мартабалуу адам бийлик душмандарынын тилине кирип жаңылыш ишке барса, ал өз катасын түшүнүүсү үчүн, аны жазалоо керек. “Коом мүчөсү жаңылыш иш жасап, өз милдетине көңүл кош мамле кылса, андай адам туура жолдон адашат; дооматы артып, чындыкты чанат жана системага каршы турат. Имам Аятолла Хомейнинин тажрыйбасы жана даанышмандыгы адашкан адамды өз иштерин таразап көрүүгө чакырат. Душман сенин ишиңе кубанып, аны колдосо, сен ошол замат өз жүрүм-турумуңду оңдоп, кетирген катаң үчүн өкүнүүң зарыл”,- деген Ирандын баш көсөмү Аятолла Хоменейи мунапыс берүүгө байланыштуу сүйлөгөн сөзүндө.
Абдулла Нури абактан чыкканы менен, ага коюлган күнөө алып салынбады. Ошон үчүн, Нури саясатка эпкиндүү аралаша албайт, -деп билдирет Нуринин адвокаты Мохсен Рохами. Айыпкердин адвокатынын “Азаттык” радиосунаайтышынча: “...социалдык чектөөлөр же сот өкүмү күчүн жоготпойт жана эки жыл өтмөйүнчө, чектөөлөр алынып салынбайт. Мунапыс өзүнө саясый чектөөлөрдү камтыбайт жана күнөөдөн Нурини актабайт. Ошондуктан, келерки эки жылда ал эч кандай саясый турмушка катыша албайт”.
1999- жылы Абдулла Нуринин соту улуттук телевидение аркылуу көрсөтүлгөн. Ал өз сөзүндө: Ислам республикасынын түптөөчүсү Хомейни сегиз жылдык согуштан кийин Ирак менен тынчтык келишимине барган. Тегеран эмне үчүн Вашингтон менен элдешүүгө барбайт? Иран Израилди таануудан баш тартып, палестиналыктардан өткөн палестиналык болууда. Палестиналыктар Израилдиктер менен тынч жашагысы келсе, анда эмнеге Иран жөөт мамлекетине каршы туруш керек? деп, конверваторлор жүргүзгөн саясатты өзгөртүүгө чакырган.
Талдоочулардын айтымында, 2004-жылдын ноябрында Нуринин жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин ал президенттик шайлоого катышса, толук жеңип чыгышы мүмкүн. Бирок, эскичил саясатчылар башкарган Ирандын Камкордук кеңеши Нурини шайлоого катыштырбайт деген ишенимде америкалык эксперт Уильям Самии. “Камкордук кеңеши мурдатан эле адамдарды түрдүү шылтоо менен жараксыз кылып келет. Көпчүлүк учурда кеңештин кандай негизде чечим чыгарганын эч ким билбейт,- деп билдирет эксперт. -Нури өлкөдөгү режимдин жана анын негиздеринин таанымал сынчысы болгон. Ал козгогон проблемаларды көтөрүп чыккан адамдарды Камкордук кеңеши саясатка жарамсыз деп тапкан”.
Башка бир байкоочулардын боолгошунча, Нури мурдакыдай либералдуу багыттагы гезитти чыгарса болот. Бирок, Ирандык журналист Ардаландын айтышынча, Нури гезит чыгарам десе, буга чейин топтогон саясый кадыр-баркынан ажырайт. Себеби, “... Нури эгер басма ишин улантам десе, ал мурдакы популярдуулугун жоготот. Акыркы жылдары көптөгөн реформачыл багыттагы гезиттер консервативдүү бийлик органдары орноткон эрежени, жоболорду жана чектөөлөрдүн алкагында иш жүргүзүп, нускасын да жоготуп, окурмандарынан да ажырап калган”,- деп түшүндүрөт Ардалан.
Ошон үчүн, Нуриге шайлоо жобосу алмашканча, саясатка аралшпай, маал-маал маалымат каражаттары аркылуу өзүнүн көз карашын билдиргенден башка айла жок дешет талдоочулар.
XS
SM
MD
LG