Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Делиде 20нын тобу деп аталган өлкөлөрдүн жыйыны аяктады.


Анда финансы министрлери менен борбордук банк жетекчилери дүйнөдөгү азыркы экономикалык кырдаалды, эл аралык терроризмди финансылоого каршы күрөштүн чараларын талкуулашты. Жыйында террордук уюмдарга тийиштүү бардык банк эсептерин жабуу, мандемдүү банк операциялары боюнча өз ара маалымат алмашуу иштери макулдашылды. Жыйынга өнүккөн индустриалдуу державалардын, Россиянын, Кытайдын жана өнүгүп жаткан бир нече өлкөнүн өкүлдөрү катышты. 20нын тобу мындан үч жыл мурда түзүлгөн, ал негизинен чоң жетилик менен өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн экономикалык кызматташтыгына көмөктөшүү максатын аркалайт.

XS
SM
MD
LG