Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:00

Мусулмандар кадыр түн тосушат


1-декабрь Орозо айынын 27-күнү. Бул күн орозо шарты боюнча кадыр түн деп саналат деп билдирди Кыргызстан диний башкармалыгынын азирети Муфтийи Муратаалы ажы Жуман уулу: «Бисмилло и-рохмон и-рохим, урматтуу мусулмандар, урматтуу жалпы тургундар, бүгүн мына өтө касиеттүү кече-рамазандын 27 кечеси кадыр түн жана кадыр кечеси болуп эсептелет. Бул түндө адамдар түнү менен уктабастан, ибадат кылып, өткөн маркумдарга курандын сообун багыштап турган болсо, жаман-арам сөздөрдү аралаштырбастан, чын ыкластан алла үчүн берилип олтурган болсо, алла таалам 83 жыл төрт ай насил орозо тутуп, намаз окугандан ушул кечедеги ибадаттын сообу көп болот дейт. Ассалом алейкум рахматулло… » дейт муфтий. Анын айтышынча, 1-декабрдын түнүнө туш келген кадыр түнү жамы мусулман үйлөрүндө же мечиттерде, ашыкча шаан-шөкөтсүз жакшы тилек тилеп, таңды атырышы шарт.

XS
SM
MD
LG