Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:23

ЕВРОПА БИРИМДИГИНИН ЖАҢЫ ЖЫЙЫНЫ


Нарын АЙЫП, Прага 12-13-декабр күндөрү Даниянын борбору Копенгаген шаарында Европа Биримдигинин бийик жолугушуусу өтөт. Анда он жаңы мамлекетке - Биримдикке мүчө болуп кирүүгө сунуш кылынат, бирок Биримдиктин өзүндө дагы, талапкер мамлекеттер алдында дагы азыр абдан көп чечилбеген маселе жатат.

Биримдикке 10 жаңы өлкөнү чакыруу чечими 2001-жылы Франциянын Ница шаарында өткөн бийик жолугушууда кабыл алынган жана эмки аптада Копенгаген шаарында аларга расми чакыруу берилет. Андан соң бардык талапкер-өлкөлөрдө референдум өткөрүлүп, алардын эли Биримдикке кошулуу идеясын колдосо, 10 жаңы мамлекет - Кипр, Латвия, Литва, Мажарстан, Мальта, Польша, Словакия, Словения, Чехия жана Эстония - 2004-жылы Биримдикке кошулушу мүмкүн.

12-13-декабр күнү Копенгагенде өтө турган бийик жолугушууда, андан тышкары, Биримдиктин өзүнүн ичиндеги проблемелар, жаңы мүчө-мамлекеттердин фермерлерине жардам көрсөтүү жана Түркия маселеси каралышы мүмкүн. 5-чи декабр күнү Европа Комиссиясынын төрагасы Романо Проди - Биримдиктин федералдык конституциясын кабыл алууну сунуштады, бирок уюмда президенттик кызмат киргизүүгө каршы чыкты. Анын айтымында, андан тышкары, "Биримдиктин Катчысы" деп аталган тышкы иштер министр кызматын киргизүү жана Европалык Парламенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүү керек.

Биримдиктеги азыркы тартип боюнча, ар бир чечим - аны бардык мүчө-мамлекеттер колдогондо гана кабыл алынат. Бирок уюм мүчөлөрүнүн саны 25-ке жеткенде, толук мунаса табуу бир кыйла кыйындаары шексиз, ошондуктан, Продинин пикири боюнча, көпчүлүк добуш менен кабыл алуу тартибин киргизген жакшы. Андан тышкары, азыр Хавье Солана иштеген Биримдиктин тышкы маселелер боюнча өкүлүнүн укуктары жана анын каражат мүмкүнчүлүктөрү өтө эле чектелүү.

Бул маселелерден тышкары, бийик жолугушууда - Биримдикке Түркияны чакыруу маселеси да көтөрүлүшү мүмкүн. Уюмдун 1999-жылы Хельсинки шаарында өткөн саммитинде Түркия талапкер мамлекет катары аталган, бирок кийин - өлкөдөгү адам укуктарынын начар абалы менен саясий жана экономикалык бейстабилдүүлүктүн айынан тизмеден чыгып калган. 4-декабр күнү Берлин алдында өткөн Франция президенти менен Алмания канцлеринин бийик жолугушуусунда дагы Түркия маселеси каралып, Жак Ширак менен Герхард Шрөдер - 2004-жылдын аягында бул маселе боюнча Биримдиктин атайын жыйынын өткөрүү жөнүндө макулдашты.

Түркия менен дагы бир маселе - Биримдикке азыр Кипр чакырылганы байланышкан. 1974-жылдан бери Кипр аралынын түндүк аймагын түрк аскерлери кайтарат жана ал аймакта - эл аралык коомчулук тааный элек Түндүк Кипр жумурияты жарыяланган. Биримдикке болсо, азыр - Түштүк Кипр чакырылууда. Европалык эксперттердин айтымында, дал ушул Биримдикке жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу жараяны менен кошо европалык коомчулук Кипр маселесин биротоло чечип алса жакшы боблмок, анткени жакын арада башка ыңгайлуу шарт болбой да калышы мүмкүн. Бириккен улуттардын эксперттери - аралдын эки аймагына автономия берип, Кипрди федералдык мамлекет кылып жарыялоону сунуштаган, бирок сунуш азырынча сунуш эле бойдон калууда.

Копенгаген саммитинде, андан тышкары, жаңы мүчө-өлкөлөрдүн айыл чарбасына жардам көрсөтүү маселеси дагы курч карала тургандай. Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн фермерлери такай жардам алып турат, бирок Алманиянын сунушу менен, жаңы мүчө-өлкөлөрдүн айыл чарбасына алгачкы жылдарда - башка өлкөлөрдүн фермерлерине берилген жардамдын төрттөн бири гана берилет.

Биримдикке талапкер Чехиянын фермерлери, ошондуктан, 4-декабр күнү Прага шаарында ири митинг өткөрүп, ага каршы чыкты. Митингге 10 миңге жакын адам катышты жана алардын бири, мисал үчүн, минтет:"Биз Европа Биримдигине кирүүгө каршы эмеспиз, бирок бардык мүчөлөргө бирдей мамиле болууга тийиш. Андан кем эмес!"

Алманиянын каршылыгына карабай, бирок, Биримдиктин учурдагы төрагасы Дания өткөн аптада - жаңы мүчө-мамлекеттердин фермерлерине бир миллиард 300 миллион евро бөлүүнү чечкен, 4-декабр күнү болсо, ошол эле Дания аларга Биримдиктин казынасынан дагы 350 миллион евро бөлүп берди. Бирок талапкер мамлекеттердин айтымында, бул каражат баары бир жетишсиз.

XS
SM
MD
LG