Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:45

«ИНСАН ТАГДЫРЫ - УЛУТ ТАРЫХЫ»


Муса Мураталиев, Москва Америка Кошмо Штаттарынын 23-президенти Бенджамин Гаррисондун өмүр жолунан баяндама.

АКШнын 23-чү президенти Бенджамин Гаррисон (1889-1893) бийликте турганда мамлекеттин ички жана тышкы абалы кыйла оор эле. Андай жагдай мыйзам чыгаруу органдарынын, ошондой эле саясий элита менен лидердин тил табыша албаганынан улам болгон. Анын себеби президент өзү мүчө болгон пресвитериан диний-саясий чөйрө таасиринен улам болгон деп айтышат. Ошондуктан Гаррисонду немис профессору Раймунд Ламмерсдорф «Конгресстин көлөкөсүндө калган президент» деп атаган.

АКШнын 9-чу президенти Уильям Гаррисондун небереси Бенджамин Гаррисон 1833-жылы 20-августта Цинциннатинин алдындагы Огайо суусунун жээгинен орун алган чакан фермер үй-бүлөсүндө туулган. Огайо штатынын баш калаасы Колумбастагы универиситетке кирип, андан юристтик кесип алып чыккан. Ал пресвитериандык диний-саясий агым менен кызматташ болгон. Анын таасирин бала чагынан көргөн. Университетте окуп атканда, маселен, чиркөөдө дьякон болуп иштеп жүргөн. Коомдук көз карашы республикачыл партияга чукул болгон жана аны менен кызматташ болуп, акыры саясий мансабына да ушул партиянын аркасы менен жеткен.

Граждандык (1862) согуш Гаррисондун тагдырын такыр башка жолго салган. Согушту аяктаганда ал улутка кеңири таанымал бригадалык генерал эле. Ошондон кийин республикачыл партия аны өзүнүн талапкери кылып көргөзүп, Индиана штатына губернатор кылып шайлаттырган. 1881-жылы ошол эле штаттан сенатор болуп шайланган. Акыры республикачыл партия аны президентти шайлоо маалында өлкөдөгү эң жогорку орунга да талапкер кылып көргөзөт. Талапкер марага жеңиш менен келет.

Бенджамин Гаррисондун кызматка кирүү салтанаты өткөнү жаткан 4-чy март да келди. Таң сүргөндөн тартып жааган жаан басылбады. Ошол себептүү инаугурация өткөрүү комиссиясы лидердин ант берyy каадасын Капитолийдин ичинде өткөрүү ылайык деп тапты. Аны укканда баш калаада бир канча күн мейманканаларда жатышкан, жаңы шайланган президент кызматка киришүү салтанатын көрөбүз деп башка жактардан келген коноктор нааразы болушту. Муну укканда Гаррисон : «эгерде эл-журт жаан жааганга кайыл болсо анда мен жаан астында ант берүүгө даярмын» деп жооп берди. Ошондон соң салтанат Капитолий алдындагы аянтта башталды.

Жаңы президенттин кызматка киришүү салтанаты болжогондой чыр-чатагы жок өттү. Көз ачырбай жааган жаанга карабай, эл тунжурап угуп, акыры тарамак болушту. Ошол кезде кол чатыр астында жаанга буюгуп турган конокторго жыты аңкыган, кызыл жошодой роза гүлдөр тапшырылды. Аны баш калаадагы атыр өндүрүү заводу уюштурган болчу. Мындай жорук АКШнын тарыхында алгач ирээт жасалган соода тармагындагы реклама болгондугун орусиялык окумуштуу Э. Иванян жазат.

«Таанымал талапкер болуп Бенджамин Гаррисон бийликке келгени менен бийликте таанымал президент боло албады» деп жазат немис тарыхчысы Ламмерсдорф. Эмне дегенде Гаррисондун саясий иште тажрыйбасынын аздыгы, кудайга абдан берилип ишенгендиги мамлекетти башкаруу ишинде ага тоскоол болгон. Анын кандай иш болбосун кудайдын буюрганынан деп түшүнүүсү бийлик өтөөсүнө жолтоо болуп турган. Aндан сырткары, президенттик орунга келгенден тартып Бенджамин Гаррисон республикачыл партия менен байланышын такыр үзгөн.

23-чy президент ишке келгенден тартып бир жарым жыл бою кишилерди кызматтан алуу жана ага башка кишилерди коюу менен алек болгон. Натыйжада ал убак ичинде 1700 чиновник кызматтан кеткен. Ошондуктан аны кийин тарыхчылар «өлкөнүн кадрлар бөлүмүн жетектөөчү киши» - деп аташкан. Ал эми кадрларды тандоодо колунан иш келүүчү адис керек деген шылтоо менен дегинкиси пресвитериан диний-саясий агымындагы кишилерди кызматка койдурткан.

Конгресс менен талаш-тартышка барган эмес. Ошол себептүү мыйзам органы сунуш кылган документтин баары бекип турган. Натыйжада буга дейре өтпөй келген «Күмүш доллар акчасын чыгаруу» долбоору Конгрессте кабыл алынып, аны да президент колун коюп бекитип салган. Мыйзам күчүнө киргендиктен, ошондон тартып мамлекет ар ай сайын 4,5 миллион унций салмакта күмүш сатып алып турууга мажбур болгон. Ансыз да казнада алтындын такоолу байып баратканда бул абал какаганга муштаган болуп анын зыяны жалпы экономикага тийген. Ошентип кыйынчылыктан кутулуу үчүн ойлоп табылган күмүш акча кайра кыйынчылык жараткан.
XS
SM
MD
LG