Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:12

Ош областтык бийлиги Элдик Курултайды өткөрүүгө уруксат берген жок.


Бакыт Аманбаев

Ош обласынын губернатору үчүнчү элдик курултайды Ош шаарында өткөрүүгө уруксат бербей койду. Бул тууралуу бейшемби күнү «Азаттык» радиосунун кабарчысына «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын штаб жетекчиси, Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Исмаил Исаков маалымдады. Анын айтымында, аталган кыймылдын өкүлдөрү мындан он күн мурда курултайды өткөрүүгө уруксат сурап, Ош областтык бийликке кайрылышкан. Буга чейин республиканын аткаруу бийлиги оппозиция өкүлдөрүнүн 16-ноябрда элдик курултайды Бишкек шаарында өткөрүү аракеттерине мүмкүнчүлүк берген эмес. Натыйжада, тартип коргоо органдары республиканын жер-жерлеринен Бишкек шаарына курултайга келген жарандарды күч менен авто унааларга салып, өз жашаган жерлерине жөнөткөн.

XS
SM
MD
LG