Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:21

ТАРЫХЫЙ ТАКТОО: ОСМОНААЛЫ СЫДЫК УУЛУНУН ӨМҮР БАЯНЫНАН


Балким жалган Осмонаалы Сыдыков түрмөдө катталып 1940-жылы өлүшү дагы мүмкүн. Коммунисстер үчүн Осмонаалынын өлүмү ушунчалык зарыл экендиги анын артынан Кытайга эки жолу барган куугун айгиндеп турат.

Осмонаалы Сыдык уулунун өмүр баяны боюнча айрым тактоолор адегенде анын туулган жылына арналыш керек. Бүбүш Осмонаалы кызы атасын «1879- жылы туулуп 60-жашында же 1942-жылы кайтыш болгон» санжырачынын өмүр баянына жаңыча тактоо киргизди. Эми ал турмушка аралашкан жылдарына караганда Осмонаалы Сыдык уулу 1875-жылы жарык дүйнөгө келсе керек. Анткени Совет мезгилинде анын ысмына толтурулган документтер санжырачынын өмүр баянында ал 1875-жылы туулган деп көрсөтүлөт. Осмонаалы Сыдык уулунун дагы бир өмүр баянына тактоо киргизилчү жагдай - санжырачы кайсы мезгилде Кашкарга барган деген маселе. Кытайлык кыргыз илимпозу Анвар Байтурдун аныктоосу боюнча Осмонаалы Сыдык уулу 1901-жылы Кашкарга келип анда 8 ай туруп жумгу кыргыздардын абалын изилдеген. Ушундай эле ойду санжырачынын кызы Бүбүш Осмонаалы кызы да кайталап, мындай пикирин билдирет. Ал Кытайдагы чоң багыш уруусуна 1901-жылы 22 жаш курагында барган. Бирок бул эки дата тең тактоого муктаж. Анткени Осмонаалынын өмүр баянында анын андан ары окуушуна Кашкардагы катуу жер титирөө тоскоолдук кылып, санжырачы өз элине кайтып келген. Биз дагы буга чейин Осмонаалынын Кытайга барышын 1899-жылы келген деп эсептеп келген элек. Эгерде Кашкардагы жер титирөөнү тактап, анан санжырачынын 8 айдан кийин элине кайтышынын эске алсак, анда бөлөк жыл эсеби келип чыгат. Илимдер академиясынын сейсмология институтунун каталогу боюнча Кашкардагы жер титирөө 1902-жылдын 22-августунда болуп, күчү 11 баллга жеткен. Демек Осмонаалы Сыдык уулу Кытайга 1902-жылдын башында барып, август-сентябрь айында Кыргызстанга кайтып келген. Осмонаалы Сыдык уулунун өмүр баянына тийиштүү дагы бир орчундуу маселе - ал эки китебин чыгаргандан кийинки өмүр баяны. Осмонаалы Сыдык уулу эки китебин чыгаргандан кийин Октябрь революциясына чейинки Бишкектеги татар мектебинде мугалим болуп иштесе керек. Анткени Совет бийлиги орногондон тартып эле 1917-жылдан 1919-жылга чейин татар мектебинде башталгыч класстар үчүн мугалимдик кесибин уланткан. 1919-жылдын апрель айынан 1925-жылга чейин ал Бишкектеги № 11 түрк окуу жайында болум башчылык кызмат менен бирге № 13 мектепте кошчу окуу жайында мугалим болуп иштеген. 1925-жылдын 20-февралындан тартып ал № 6 мектепке эне тил сабагы боюнча мугалимдик кызматка которулган. Осмонаалы Сыдык уулунун качан, кандай күнөөсү үчүн камалгандыгы туурасында азырынча маалымат жок. Бүбүш Осмонаалы кызынын жазганы боюнча ал 1930-жылы «эл душманы» делип түрмөгө камалган. Биздин оюбузча ал 1931-жылы эркинен ажыратылса керек, ошол кездеги Фрунзе шаардык кеңешинин 1930-жылдын 22-мартындагы тактоосуна ылайык Сыдыков Осмонаалынын ысымы шайлоо укугунан ажыратылгандардын арасында жок болгон. 1958-жылдын 27-майында Кыргыз ССРнин Жогорку соту Осмонаалы Сыдыковдун ишин карап Орто Азия УУП тройкасынын 1931-жылдын 13-мартындагы чечими туура эмес деп таап аны толук актап чыккан. Осмонаалы Сыдык уулу камакка алынган маалда иши жүргөн, санжырачынын архивдик материалдарына караганда ал 1927-жылдын октябрь айынан баштап 13-декабрга чейин үч айга 60 рубль пенсия алган. Совет бийлигинин документтерине караганда Осмонаалы Сыдыков 1940-жылдын 6-декабрнда лейкоз дартынын күчөөсүнөн өлгөн. Жогоруда айтылгандай, Осмонаалынын кызы Бүбүш атасы 1942-жылдын күз айында безгектен өлүп, сөөгү Цинь-Цянь уйгур автоном районундагы Текес жактагы Чекирди деген айылында коюлган деп жазат. Ал эми Совет бийлигинин расмий кызматы болсо Осмонаалыны кадыресе Союзда жашап, акыркы суусун Кыргызстандан ичкендей кылып көрсөтөт. Балким анын кыргыз өлкөсүндө өлүшү Совет бийлиги үчүн керек болгон. Анткени «эл душманынын» адегенде Ташкент түрмөсүнөн кийин Кочкордо камалып жаткан кездери коммунисстик бийлик идеология үчүн катуу сокку экендиги талашсыз. Балким жалган Осмонаалы Сыдыков түрмөдө катталып, 1940-жылы өлүшү дагы мүмкүн. Коммунисстер үчүн Осмонаалынын өлүмү ушунчалык зарыл экендиги анын артынан Кытайга эки жолу барган куугун айгиндеп турат.
XS
SM
MD
LG