Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:26

Венесуэлада тогуз күндөн бери жалпы элдик иш таштоо уланууда.


Түштүк Американын Венесуэла мамлекетиндеги жалпы элдик иш таштоо тогуз күндөн бери уланууда. Президент Хьюго Чэйвестин саясатына каршы чыккандар - ага ишеним көрсөтүү боюнча референдум өткөрүүнү талап кылууда жана 6-декабрдагы кагылышуу учурунда үч адам каза болуп, дагы 28 киши жарат алгандан кийин, президент - эрте президенттик шайлоо өткөрүү боюнча оппозиция менен сүйлөшүүгө макул болду. Иш таштоочулардын лидери Карлос Ортега: "Иш таштоо уланууда жана токтобойт, биз баары бир президент Чэйвестин кызматтан кетүүсүнө жетишебиз," - деп билдирүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын апрел айында Венесуэлада төңкөрүш болуп, президент Чэйвес бийлигин араң сактап калган. Мунай өндүрүү боюнча Венесуэла дүйнөдө бешинчи орунда турат, ошондуктан, өлкөдөгү башаламандык - дүйнөлүк мунай бааларына да таасир этүүдө.

XS
SM
MD
LG