Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:00

ЕВРОПАЛЫК РАКЕТАНЫН КЫЙРАШЫ


Нарын АЙЫП, Прага 11-декабрь күнү Түштүк Америкадагы космодромдон жаңы эки спутник учурулганда, үч мүнөттөн кийин ал экөө тең кыйрап, Атлантика мухитине кулап түштү. Спутниктер Франциялык космос ишканасынын жаңы «Ариан» ракетасы менен учурулган жана эми ал ракетанын келечеги бүдөмүк.

Акыркы күндөрдө космос өндүрүшүндө бир нече кыйроо болду. 26-ноябрь күнү Казакстандагы «Байкоңур» космодромунан орусиялык «Протон» ракетасы менен кошо космоско европалык «Астра-1К» аттуу спутник учурулуп чыгарылган. Бирок спутник туура орбитага орношо албай, 10-декабрь күнү Тынч океанга кулап түштү. Жаңы спутник тарыхта учурулган аскерий эмес спутниктердин эң чоңу болчу, анын кулачы 37 метрге жетип, салмагы беш тонна эле. Франциянын «Алкатель» фирмасы тарабынан жасалган жаңы «Астра» спутниги иштей баштаганда, Европа мамлекеттериндеги спутник байланыштары бир топ өркүндөмөк.

Бирок Франциянын «Арианспейс» аттуу космос ишканасы өзүнүн дагы жаңы ракетасын жасаган жана «Ариан» деп аталган андай ракеталар космоско мурда жүздөн ашык спутник учурган. Жакында болсо, бул жеке менчик ишкана «Ариан-5» аттуу ал ракетанын жаңы үлгүсүн даярдап, космоско жаңы спутник учурууга аракеттенди. Долбоор боюнча, жаңы ракета салмагы 10 тоннага жеткен спутниктерди учура алмак. Түштүк Америкадагы Франциялык Гаяна мамлекетиндеги «Куру» космодромунан 28-ноябрь күнү боло турган алгачкы учуруу акыркы мүнөттө болбой калган. Бардык даярдыктар бүтүп, убакыт келгенде ракета иштебей койгон жана учуруу кийинкиге калтырыган.

Экинчи учуруу 11-декабрга белгиленген жана «Ариан-5» космоско эки спутник чыгармак. Анын бири Франциянын аскерий спутниги болчу, экинчиси дагы Францияда жасалган жана ал европалык бир нече сыналгы программаларын жерге чагылдырып турмак. Бирок ракета асманга учуп чыккандан үч мүнөт өткөндөн кийин жарылып, спутниктердин калдыктары Атлантика мухитине кулап түштү.

Эгерде учуруу ийгиликтүү ишке ашканда, «Арианспейс» дүйнөдөгү космос өндүрүшүндө алдыңкы орунга чыкмак, анткени азырынча башка эч бир өлкөнүн ракеталары бир учканда он тонналык жүк алып чыга албайт. Компания 80-жылдарда иштей баштаган жана акыркы мезгилде дүйнөлүк космос өндүрүшүнүн 47 пайызына ээлик кылууга жеткен. Ага чейин эң алдыңкы орунду ээлеген АКШнын Улуттук Космос Агенттиги ракеталар менен эмес, космостон кайра кайтып келчү чөлмөктөр менен алек болуп калгандыктан, америкалык компаниялар өз спутниктерин орусиялык «Протон» ракеталары менен учурууга киришкен.

Анткен менен, акыркы жылдарда Америка Кошмо Штаттарынын «Боинг» жана «Локхид Мартин» компаниялары космос өндүрүшүнө кайрылып, «Боинг» - «Дельта-4», ал эми «Локхид» - «Атлас-5» аттуу ракеталарды жасай башташты жана эгер «Ариан» ракетасын сыноо ийгиликтүү болгондо, франциялык ишкана алардан озунуп алдыга чыкмак.

«Флайт Интернешнл» аттуу журналдын адиси Тим Фөрнесстин айтымында, «Куру» космодромундагы кыйроо «Арианспейс» ишканасын чоң зыянга учуратты. «Жалпылап айтканда, алар өтө кымбат эки спутникти биринчи эле учурууда жоготту. Менин оюмча, бул - космос өндүрүшүндөгү эң чоң кырсык, жалпы чыгым 600 миң долларга жетет болуш керек», дейт ал.

Бирок чыгымдан да маанилүү маселе деги эле «Арианспейс» ишканасынын космостук өндүрүштү жөндөп алып бара алгандыгында. 1996-жылдан бери эле «Ариан» ракеталары 14 кыйроого учурады. Анткен менен, кээ бир эксперттердин айтымында, «Арианспейс» өз күчүн дагы көрсөтө алат, анткени ал бардыгы болуп 160тай учуруу жасаган жана алардын көпчүлүгү ийгиликтүү болгон.
XS
SM
MD
LG