Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:59

ЙЕМЕНГЕ РАКЕТА ТАШЫГАН КЕМЕЛЕРДИН ТЕГЕРЕГИНДЕГИ БИР ТОП СУРООЛОР ЖООПСУЗ КАЛДЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Йеменге «Скат» үлгүсүндөгү ракеталарды ташып бараткан кеменин кармалышына байланышкан окуя жөнгө салынды. Бирок саясий серепчилер, «Куралдар эмне себептен жашыруун ташылып бараткан? Йемен өкмөтү аны террорчулардын же башка бир шектүү күчтөрдүн колуна бербөө убадасын аткарабы?» деген суроолорго жооп издеп жатышат.

Түндүк Кореядан Йеменге жашыруун курал ташып бараткан кемеге байланышкан чуулгандуу окуя жөнгө салынгансыды. Эч бир желек илинбеген, таанытуучу белгилери менен аты боек менен шыбалган шектүү кемени, өткөн аптанын соңунда Перс булуңун күзөтүп жүргөн НАТОнун аскердик кемелеринин бирөө токтоткон болчу. Кемедеги цемент салынган каптардын арасынан «Скат» үлгүсүндөгү ракеталар чыккан соң, аткезчи кеменин экипажы камакка алынып, унаадагы жүк конфискацияланган. Бирок ишке Йемендин өкмөтү кийлигишип, кемедеги куралдар, анын мындан бир нече жыл мурда берген заказы боюнча Түндүк Кореядан алынып келатканын, жана ал куралдар өлкөнүн коргонуу муктаждыктары үчүн зарыл экенине АКШны ишендире алды. Йемен менен узак убакыт бою телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдөн кийин, Вашингтон жүктү ээсине кайтарды. АКШнын тышкы иштер министри Колин Пауэлл АКШнын бул чечимин «жүк биз менен мамилеси жакшы өлкөгө ташылып баратканы далилденди жана Йемендин президенти Абдулла Салех ал куралдардын акыркы партиясы экенин, жана каруу-жарактар өлкөнүн коргонуу муктаждыктарына пайдаланыла турганына ишендирген соң, жүктү кайтарып бердик. Йемендин президенти жүк башка бирөөлөрдүн колуна тийбесине кепил болду», деп түшүндүрдү.

Бирок, «куралдар эки ортодо расмий кол коюлган соода келишимине ылайык, сатылып алынган болсо, эмне себептен жашыруун ташылып бараткан?» деген суроо пайда болот. Лондогу көз карандысыз аналитик Поль Биивер Түндүк Кореяга 1992- жылы АКШ тарабынан санкцияга салынганына байланыштуу, куралдар аткезчилик жолу менен ташылганын божомолдойт. «Куралдарды тонналаган цементин алдына катуу менен Түндүк Корея, биринчиден, кымбат жүктөн кол жууп калгысы келген жок, экинчиден, кардары Йеменге да көлөкө түшүргүсү келбеген шекилденет», дейт серепчи.

2001-жылы АКШнын кысымы менен Йемен Түндүк Кореядан ракеталык жабдууларды мындан ары сатып албоого расмий милдеттенген. Бирок ошону менен бирге андан мурда кол коюлган соода бүтүмдөрү боюнча операциялардын аягына чыгууга мүмкүнчүлүк алган. Бул жолу Йемен 240-400 километр алыстыкка учуучу, баасы даанасына 13 миллион доолларды түзгөн 15 ракетаны колуна тийгизди. Бул качан кол коюлган келишим боюнча сатылып алынган курал экени белгисиз.

Британиялык байкоочу Даниэл Ниип «учурда ички проблемалар менен алпурушуп жаткан Йемендин өкмөтү ракеталык куралга муктаж эмес», деген пикирин айтат. Йемендин жетекчилиги бак талашып жаткан уруу башчыларын өзүнө баш ийдирүү жана «Ал-Каэданын» Йемендеги базаларын издөө менен алек. Анын чет өлкөлөр менен дээрлик талашы жок. Сауд Аравиясы менен 30-жылдардан бери жөнгө салынбай келген чек ара маселелери чечилди деп жарыяланды. Былтыр эки өлкө талаш тилкесине топтолгон аскерлерин чек арадан алыс алып кетишкен. Чек араны демаркациялоо иши немец фирмасына тапшырылган. Ошон үчүн серепчи Даниэл Нип «ракеталык куралдар менен Йемендин өкмөтү бак талашкан ички күчтөргө сес көрсөтүп, өкмөт менен эсептешпей коюу мүмкүн эмес экенин далидегиси келип жаткан шекилдүү», дейт.

Айтор кандай болсо да, бул окуя АКШнын санкцияларына карабастан Түндүк Корея ракеталык куралдарын сатууну токтотпогонун далилдеди. Вашингтондун кескин сынына, коркутуп үркүтүүлөрүнө карабастан, өлкө мындан ары да мындай тымызын соодасын уланта бериши ыктмал. Анткени өлкөнүн сырткы рынокко сунуш эте ала турган башка продукциясы жок. Саясий серепчилер Түндүк Кореянын ракеталык програмасын токтотуу боюнча АКШнын азыркы сүйлөшүүлөрү Кошмо Штаттар ири инвестицияларды убада кылып, аларды ишке ашыруу үчүн реалдуу чара көрмөйүн, натыйжа берээринен күмөн санап жатышат. Анткени башка өлкөлөрдөн изоляцияда калып, экономикасы кыйрап турган Түндүк Корея азыр курал сатуу менен гана жан сактап калган.
XS
SM
MD
LG