Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:35

КОЛЛЕКТИВДҮҮ КООПСУЗДУК КЕЛИШИМИНЕ КИРГЕН ӨЛКӨЛӨР ИРАК БОЮНЧА БИРДЕЙ КӨЗ КАРАШТА


Бакыт Аманбаев, Бишкек Бишкекте эки күнгө созулган Коллективдүү коопсуздук келишимине кирген өлкөлөрдүн коопсуздук кеңешинин катчыларынын комитетинин жыйыны шаршемби күнү аяктады.

«Ирак мамлекетине байланыштуу маселени чечүүдө Коллективдүү коопсуздук келишимине кирген өлкөлөр бирдиктүү көз карашта»-деп билдирди шаршемби күнү Орусиянын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Владимир Рушайшло «Азаттык» радиосунун кабарчысына берген жообунда.

«Бул маселе боюнча келишимге кирген өлкөлөрдүн көз карашы бирдей. Ирак мамлекетине байланыштуу аракеттер эл аралык келишимдин негизинде ишке ашырылышы керек. Тагырак айтканда, бардык аракеттер Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин чечиминин негизинде аткарылат. Ал эми Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши өзүнүн № 1441 резолюциясында адегенде, Ирак мамлекетиндеги коркунучтуу курал жарактар катылган деген аймакты биргелешип текшерүү белгиленген. Мындай аракетердин соңунда, алынган маалыматтарга ылайык Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши чечим кабыл алат», деди Владимир Рушайло. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине Орусия, Кытай, АКШ, Франция, Англия мамлекеттери кирет.

Шаршемби күнкү маалымат жыйыны башталганга чейин сүйлөгөн сөзүндө Орусиянын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Владимир Рушайло эки күнгө созулган жыйында кандай маселер каралгандыгы тууралуу айтып берди.

«Биз бир катар маселелерди талкууладык. Ачык айтканда, эл аралык терроризм менен биргелешип күрөшүү маселесинин тегерегинде пикир алмашуулар болду. Соңку эки жылдын ичинде Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн эл аралык терроризм менен күрөшүү борбору аймакта коопсуздукту камсыз кылууда зарыл жана натыйжалуу экендигин көрсөтө алды. Ошондуктан, эл аралык терроризм менен күрөшүү боюнча аракеттер төмөнкү багытта ыкчамдатылат:
Биринчиден, эл аралык терроризм менен күрөшүүдө өз ара тажрыйба алмашуу, экинчиден, эл аралык терроризм менен күрөшүү үчүн биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү, үчүнчүдөн - террористердин жайгашкан жери жана алардын иш аракеттери тууралуу керектүү маалыматтарды убагында кабарлап тууруу».

Ошондой эле Владимир Рушайло жолугушуу учурунда келечекте Коллективдүү Коопсуздук Келишимине кирген өлкөлөрдүн аскердик-техникалык кызматташуусун чыңдоо тууралуу кеңири сөз болгондугун кошумчалады.

«Келечекте аскердик-техникалык кызматташтыкка өзгөчө көнүл бурулат. Биз бул маселени кеңири маанисинде түшүнөбүз. Бул биргелешкен аскердик обьектилерди аскердик-техникалык багыттагы жабдуу менен камсыз кылуу эле эмес. Эң башкысы, керектүү аскер адамдарын биргелешкен программанын негизинде окутуу. Мындан сырткары «Кант» аба майданына Коллективдүү Коопсуздук Келишимине кирген өлкөлөрдүн аскердик-аба күчтөрүн жайгаштыруу да мына ушул максатта ишке ашырылууда», деди Владимир Рушайло.

Ошентип, эки күнгө созулган жыйында Коллективдүү Коопсуздук Келишимине кирген өлкөлөрдүн Ирак мамлекетине карата мамилеси такталып, эл аралык терроризм, мыйзамсыз баңги заттарды жана курал жарактарды ташуу, уюмдашкан эл аралык кылмыштуулукка каршы биргелешип күрөшүү тууралуу протоколго кол коюлду. Келээрки отурум 2003-жылы Москва шарында өткөрүлөөрү белгиленди.

XS
SM
MD
LG