Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:05

Укук коргоочу менен Кыргызстандын өкмөт башчысынын соттошуусу уланууда


Бакыт Аманбаев

БИШКЕК. Бишкектеги Биринчи Май райондук соту 17-декабрда укук коргоочу Турсунбек Акундун өкмөт башчысы Николай Танаевге каршы берген доо арызын кароону баштайт. 4-декабрда болгон сот жараянында судья каршылашкан тараптарды элдешүүгө чакырган. Судьянын мындай сунушуна арыз ээси, Турсунбек Акун, макул болуп, сот жараяны 17-декабрга чейин токтотулган. «Эгерде, шейшемби күнү өкмөт башчысы расмий түрдө кечирим сурабаса, анда мен Николай Танаевдин үстүнөн кылмыш ишин козгоо тууралуу арыз менен башка сот инстанциясына кайрылам», деп кабарлады Турсунбек Акун дүйшөмбү күнү «Азаттыктын» кабарчысына.
Өкмөт башчысы ушул жылдын 9-сентябрында өткөн маалымат жыйында «Турсунбек Акун барган жерде массалык тартип бузуучулук жана кан төгүлүү болот» деген пикирин айткан. Ага нааразы болгон Турусунбек Акун «Николай Танаев мен жөнүндө жалган маалымат таратып, ар-намысыма, кадыр-баркыма шек келтирди», деп сотко арыз жолдоп, өкмөт башчысынан миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылууда.

XS
SM
MD
LG