Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:28

Сеулда америкалык аскерлердин аракетине каршы демонстрация болду.


Сеулда он миңдеген Түштүк Кореялыктар өткөн айда машинеде баратып-эки корей кызды коюп кетип, өлтүрүп алган америкалык аскерлердин сот тарабынан акталып-бошотулганына нааразылык билдирип, көчөгө чыгышты. Алардын демонстрациясына Британия, Германия, Орусия жана АКШдагы корейлер да колдоо билдирип, митингдерди өткөрүштү. Түштүк Кореяда кызмат өтөгөн эки Америкалык аскер жаш корей кыздардын өлүмүнө алып келген кырсык үчүн АКШлык сот тарабынан соттолуп, шалаакылыктын кесепетинен киши өлүмүнө себепкер болушкан деген тыянактык негизинде камактан бошотулушкан. Сеулдагы демонстрацияга катышкан 50 миңге чукул корейлер Америкалык аскерлерди Түштүк Кореянын соттору жоопко тартышын талап кылышууда. Өткөн түнү Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш телефон аркылуу Түштүк Корея президенти Ким Дае Жунг менен байланышып, окуяга байланыштуу терең өкүнүчүн билдирген.

XS
SM
MD
LG