Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:57

Ирак оппозициясынын өкүлдөрү Лондондо конференция өткөрүштү.


Ирактын чет өлкөлөрдө башпааналаган оппозициячыл топтору Лондондо эки күндүк жыйынга чогулушту. 300дөй делегат катышып жаткан конференцияда Ирактын президенти Саддам Хусейн бийликтен кеткенден кийинки өлкөнүн саясий тагдыры талкууланууда. Уюштуруучулар Ирактык оппозициячылар эски эрегишин токтотуп, өз мекенин демократиялык жана федералдык өлкөгө айландыруу маселесинин тегерегинде биригет деген илгери үмүтүн айтышууда. Жыйынга Ирактагы алдыңкы алты оппозициялык топтун – Ирактык шии-мусулмандардын, күрддөрдүн эки башкы партиясынын, Европада жайгашкан Ирактын улуттук конгрессинин өкүлдөрү катышууда. Жыйынга, андан тышкары, АКШнын, Британиянын, Түркиянын, Кувейттин жана Ирандын элчилери байкоочулук кылууда.

XS
SM
MD
LG